Предыдущая публикация
Бир туугандар,асылдарым жакындарым,
Бул жашоодо белек кылам бүтүн баарын.
Ата-энемди ыраазы кылып бул өмүрдө,
Алалычы бизге берген баталарын.
Адамдар бар бир тууганга зар да болгон,
"Ага-иним болсочу деп тээ ойлогон.
А мен болсо шүгүр кылам жаратканга,
Жаратканым бир туугансыз тек койбогон.
Ата-энеме күндө сурайм бейишти,
Алар бизге бүт жашоосун беришти.
Таалим тарбия берип бизге көп,
Ийгиликтин туу чокусуна жетиштик.
Жаш калемгер Бегали.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев