МАДИНА-И МУНАВВАРА ДООРУ
Пайгамбарыбызга пайгамбарлыгы билдирилгенден кийин 13
жылдан кийин 12-Рабиуль-аввалда, милади 622 жылы Мадинага
көчүүсү менен 10 жылган созула турчу Мадина доору башталды.
Халид бин Зейд Абу Аййуб аль-Ансаринин үйүнө конгон
Пайгамбарыбыз астындагы кабатта турууну тандап, ошол жерде
отурукташат. Ушундайча Ааламдын Султанын конок кылуу
урматы ушул сахабага буюрду.
Хазрети Халид мындай дейт: «Расулуллах үйүмө келген кезде
астыңкы кабатта турууну тандады. Биз үстүңкү кабатта туруп, бул
жагдайдан катуу ыңгайсызданчубуз. Бир күнү: «Бардык нерсем
жолуңузга курман, йа, Расулаллах! Сиздин төмөнкү кабатта туруп,
өзүмдүн жогоруда тургандыгыма эч көңүлүм тынчтанар эмес. Бул
мага оор тиет. Сиз үстүңкү кабатта туруңуз, мен астыңкы кабатта
турайын», - дедим. Ал мага: «Йа, Абу Аййуб! Үйдүн астыңкы
кабатында туруу биз үчүн ыңгайлуураак», - деди. Келген адамдар
менен оңой кездешип, сүйлөшүү үчүн астыңкы кабатты тандаган
эле. Бир күнү суу куюлган кумганыбыз сынып, төгүлгөн суунун
Пайгамбарыбыздын үстүнө тамып, аны тынчсыздантуудан коркуп
аялым экөөбүз жамынган жалгыз жуурканыбызды суунун үстүнө
таштадык.» Абу Аййуб Ансари үстүңкү кабатта тургандыгына ктуу
кысылчу. Акыры өзү астыңкы кабатка түшүп, Пайгамбарыбызды
жогору чыгарды. Абу Аййуб мындай дейт: «Пайгамбарыбызга ар
ачан кеч тамак даярдап жиберчүбүз. Калган тамак келген кезде
аялым экөөбүз анын тийген жерин издеп ошол жерден жегенге
аракет кылчубуз. Бир күнү түндө пияз менен сарымсак кошулган
тамакты Пайгамбарыбыз артка кайтарды. Анын жебегенин көрүп
ага жүгүрүп бардым. «Йа, Расулаллах! Кечки тамакты кайтарган
экенсиз. Анда мубарек колуңуздун изин көрө албадым. Биз
аялым Үммү Аййуб экөөбүз сиз жеген жерден жеп, ошондон
берекеттенчүбүз», - дедим. Пайгамбарыбыз: «Бул жашылчада бир
жыт сездим. Аны жебедим. Мен периште менен сүйлөшөмүн», -
деди. «Ал тамак харамбы?» - деп сурадым. «Жок! Бирок, мен анын
жытын жактырбадым», - дегенинде: «Сиз жактырбаган нерсени мен
да жактырбаймын», - дедим. Пайгамбарыбыз: «Жок, аны жегиле»,
- деди. Ошентип, биз ал тамакты жедик, бирок, андан к Бир жолу Хазрети Пайгамбарыбыз менен Хазрети Абу
Бакрга ылайыктуу тамак жасап, экөөнүн алдына алып бардым.
Пайгамбарым мага ыраазылыгын билдиргендей баш ийкеп: «Эй,
Абаа Аййуб, бул тамакка ансардын аксакалдарынан отуз кишини
чакыр!» - деп буюрду. Эч нерсе түшүнбөсөм да ичимден
тамактын аздыгына кыжаалат боло отуз адамды чакырып келдим.
Биздин азыноолак деген тамагыбыз баарын тойгузду. Ансардын
аксакалдарымындабирмужизабарэкенинтүшүнүштү.Ыймандары
кубаттанып, дагыда баш ийүү антын беришти. Булардыузаткандан
кийин: «Алтымыш кишини чакыр!» деди. Жасаган тамагыбыздын
азайбастан мурунку калыбында көргөнүмдө бул жерде адамдын
аң сезими жеткис бир мужиза бар экенин аңдап, алтымыш
кишини чакырып келдим. Пайгамбарыбыздын айтуусу менен он-
ондон отуруп, бардыгы тамак жеп тоюшту. Пайгамбарыбыздын
мужизасын көрүп, үйлөрүнө кайтышты. Ушундайча, 180 адам
тамак жеди. Ал эми тамак эч азайбай, козголбогон сыяктуу турду.
эртенки тема:"Ансар менен мухажирдин бир тууган болуулары"
"Хазрети Мухаммад ъалайхиссаллам өмүрү"китебинен
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев