Кирип келген ыйык Рамазан айыңыздар кут болсун мусулман бир тууганым!
Адашкандарга хидаят, кыйналгандарга жардам, ооругандарга Аллаһ Таала шыпаа берсин. Буга чейин билип-билбей жасаган күнөөлөрүбүздү Аллаһ Таала кечирген болсун, албетте Эгебиз эң Ырайымдуу, Мээримдүү, Боорукер, Кечирүүчү, тообаларды кабыл кылуучу Зат!
Үй-бүлөөңүздөргө чыныгы исламдагы бактылуукту каалайм, динибиз исламга күч-кубат, мусулмандарга оомат берсин Аллаһым.
Орозодо ибаадатты кыла албаган адам башка айда такыр кыла албайт. Орозо айында Алланын жакын пенделери Аллага жакындайт. Ал эми алыс пенделери такыр алыстайт. Орозо айы ар бир акыл эстүү мусулман үчүн чон мүмкүнчүлүк. Мен ишенсениздер мурун орозо айында ачка болгонду орозонун негизги ибаадаты деп эле жүрчүм экен көрсө ал эн төмөнү экен. Орозодо бардык мүчөлөрүбүздү ибаадатка жумшап, аларды тарбиялап келе жаткан орозого чейин кубаттап алат экенбиз. Аллахым ар бириниздердин кармаган орозонуздарды кабыл кылсын! Аминь.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев