Уулу - Апа, кандайсыз? Эмне болду?
Апасы - жакшымын балам өзүң кандайсың?
Уулу - бизде баары жакшы, тынчылыкбы деги?
Апасы - Ооба, тынчылык балам. Неберелерим чоңоюп жатышабы? Үнүңдү угайн деп эле чалгам.
Уулу - (бир ааз жинденип) Аа,бизде баары жакшы сар-сана болбонуз. Түн ортосу чалбай күндүз чалсаңыз деле болот эле го?
Апасы - тынчсыздандырдымбы?
Уулу - оа апа тынчсыздандырдың бул маалда чалып,
Апасы - кечирип кой садагасы, тынчсыздандырган болсом,
Уулу - (үшкүрүнүп) коркуп да кеттим, мейли, эртең суйлошолу анда э,мен жатканы кеттим. Айта турган башка сөзүңүз барбы, Апа?
Апасы - туулган күнү кут болсун балам, мындан туура 30 жыл мурун ушул күнү ушул саатта сен мени тынчсыздандырып жарык дүйнөгө келген элең.
Жымжырттык......уулунун үнү буулуп, сылык үн менен "рахмат Апа..." деп телефонду көпкө чейин коё албай туруп калды........
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев