Бороондогу Ата Журт
2010 -жылдын март айлары. Элдин нааразычылыктары күчөй баштаган. “Оппозиция 17-март күнү Курултай өткөргөнү жатат. Апрель айларында төңкөрүш кылышат экен. «Форумда» наркотик аралашкан коктейль жасап жатышыптыр. Төңкөрүш боло турган күнү элге беришет экен” деген кабарды капыстан угуп калдым. Менде чочуркоо пайда болду... Дароо эле бул маалыматты Марат Суталиновко айттым. Азыр эстесем, ал киши мени жомок айтып жаткандай кабыл алган болуш керек. Негедир башка киши сүйлөп жаткандай эле оозума сала бергенсип, - Сүйлөшүүлөр жолу менен чечпесеңер, чатак чыгып кетчүдөй болуп турат. Жогору жактагыларга айтпайсызбы, оппозиция менен сүйлөшүүлөргө барсын, - деп жибергенсидим. Суталинов бул маалыматка анча деле көнүл бурган жок. - Это блеф, - деп койду. Чындап эле туура эмес маалымат болуп калбасын деп оюмду ага анча таңуулабадым. Ичимен өзүмчө бушайман болуп жүрдүм. Элди ойлошсо, мындай кадамдарга барбаса керек деп өзүмдү сооротуп койдум. Ошентип, кандуу 7-апрель окуясы болуп кетти. Аянттагы атышууларды, октон качпай, окко төшүн тоскондорду көрүп, баягы маалымат эске түштү. Ал күнү кандай болгонун, эмне колдонушканын бир кудай өзү билет. Айтыш кыйын. Биз кандай окуяны калчабайлы, 7-апрель 90 баланын өлүмү менен аяктады. Албетте, буга эки тарап тең күнөөлүү десек болот. Бийлик электр энергияны кымбаттатып, уюлдук телефондорго кошумча төлөм киргизип, карапайым элдин чөнтөгүнө кол салып жиберип, чоң ката кетирди. Оппозиция тарап болсо, “кан менен болсо да эптеп бийликти алалы” деген максатты коюшкан.
К.Бакиев түштүккө барып, өз айылы Тейиттен коргонуу таап жатып алды. Аны кармап келүү үчүн Убактылуу өкмөттүн эч кимиси даап бара албай, генерал Артур Медетбеков башында турган группа захватаны жөнөтүштү. Алар мына эми кармайбыз деп калган маалда, Роза Отунбаева телефон чалып, - Кармабай эле койгула. Өлкөдөн чыгып кетишине шарт түзүп бергиле,- деген команда берип, К.Бакиевди аман- эсен чыгартып жиберди. Эртеси эле күнү теледен чыгып, - Бакиев качып кетти. Аны акыры кармап келип, жоопко тартабыз. Чыдап тургула, - деп жооткотуп, 7-апрелде каза болгон балдардын туугандарын, жамы журтту алдап коюшту.
Ө.Текебаев башында турган 75 мүчөсү бар команда, Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазууга киришишти. Ошол эле мезгилде 10-октябрда боло турган Парламенттик шайлоого кызуу даярдыктар жүрүп жатты. Биз дагы “Ата-Журт” партиясын даярдап, Республикалык штаб түздүк. Мени башчысы кылып шайлашты. Адыл Жунусов аттуу досумдун Киев-Правда көчөсүндөгү 6 кабат имаратын алып, бир тыйын каражат төлөбөстөн Бишкек, Чүй жана Республикалык штабдарды жайгаштырдым. “Ата-Журт” партиясы деген дүркүрөгөн жарнамаларды кетире баштадык.
* * *
Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн пикирлери бир жерден чыкпады. Ар кимиси шайлоочулардын добуштарын алып берүүчү күчтөрдү өз тараптарына тарта башташты. Ал мезгилде Кадыржан Батыров баарына керек болуп турган эле. Анткени, түштүктө шайлоочулардын 30 пайызы өзбек улутундагы жарандарыбыз экени баарыбызга маалым эмеспи. Атамбаев СДПК партиясына добуш алып берүүсүн суранып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштады. Ал үчүн Кадыржан Батыровдун каалаганына макул деп турду. Ал тургай Кадыржан Батыровдун «Ош облусун Өзбек автономиялуу облусу кылып, мени башчы кыласың» дегенине дагы «макул» деп жиберди. Экинчи тараптан “Ата Мекен” партиясы К.Батыровду өз тарабына тартыш үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышты. Ошентип, Кадыржан Батыров өзүнүн авторитеттүү адам экенин сезип түштүккө барып, карапайым өзбек туугандарды чогултуп жыйын өткөрүп, “Мына, жыйырма жылдан бери күткөн максатыбызга жеттик. Биз менен эсептешпей коё алышпайт. Баланча деген өзбек жигитти тиги жерге зам кылып койдук. Түкүнчө деген өзбек жигитти бул жерге сам кылып койдук” деп карапайым элдин духун көтөрүп кетти. Ушул мезгилде Мелис Мырзакматов Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө кат жөнөтүп, “Абал курчуп баратат. Тезинен чара көрбөсөңөр болбойт” деп жакшы эле чырылдады. Бирок, Убактылуу өкмөт, “Сен Бакиевдин кадрысың” деп, Мелис менен иштешүүдөн баш тартышты. Эгер ошол мезгилде дароо чара көрүлгөндө, Оштогу кандуу июнь кагылышы балким, болбой калат беле?
Карапайым эл Батыровдун айткандарына ишенип, чын эле бизге бийлик келген экен деп, 2010- жылдын 10- июнь түнү түштүктө улуттар аралык жаңжал башталышына чок салды.
* * *
2010-жыл, 11-июнь. Эртең мененки саат 7:30 да Арзыбек Бурканов телефон чалды. Мынча эрте чалды деп, дароо трубканы алдым. Арзыбек Баткен облусу боюнча партиянын штаб башчысы эле. - Түндөтөн бери, өзбек туугандар кыргыздарды кырып жатышат. Түнү менен Баткенден келип, студенттерибизди алып кетели деп Оштун четинде кире албай турабыз, - деди. Бул суук кабарга бир ишенип, бир ишенбей, кайра такып сурап жаттым. Дароо Камчыбек Ташиевке чалдым. Тура элек экен. Трубканы аялы алды. - Тез штабка келсин. Ошто жаңжал чыгыптыр, жөнөйлү, - дедим. Саат 8:00 дө Республикалык штабка жетип келип, туш-тарапка телефон чала баштадым. Саат 9:00 дө Камчыбек Ташиев келди. Экөөбүз кеңешип, түшкү саат 14 дө Ош тарапка жөнөмөй болдук. Ал ортодо болжол менен саат 11 де Акматбек Келдибеков менен телефон аркылуу сүйлөштүк. Ал Ошко Алай жактан кире бериш жеринде (Фурхатта) элдин арасында калганын, эл курал сурап турганын, Азимбек Бекназаров менен Исмаил Исаков элден эптеп суурулуп чыгып, тик учакка олтуруп кетишкенин айтып берди.
- Биз чыгып жатабыз, түнү менен жүрүп, эртең менен барып калабыз, ошол жерден тосуп ал,- дедик. – Макул, - деп, ошол жерден бизди тосуп алмай болду. Түнү менен жол жүрүп олтуруп, 12-июнь күнү эртең мененки саат 6:30 дарда болжошкон жерге келдик. Биздин аркабыздан ээрчиген машиналар абдан эле көп болуп кетти. Келсек, 10 миңге жакын эл турган экен. Бизди тосуп алуучу Акматбегибиз жок. Эл башаламан. Ызы-чуу. Бирине- бири баш ийбейт. Кан майданды элестетип жатты. Эл менен сүйлөшүп, баарын тартипке салып, Ош шаарына кирип бардык. Ош ичин өрт каптап, будуң-чаң болуп жаткан мезгил экен. Элдин арасына кирип, тынчтандырганга аракет кылып жүрдүк. Эки күндөн бери тууган- уруктарынан ажыраган кыргыз жигиттеринин ачуусунан бир канча өзбек аялдарын кичинекей балдары менен Камчыбек Ташиев сактап калды. Бир маалда түндөсү тууган- уруктарынан ажыраган кыргыздар К.Ташиевке ызырынып, “азыр атып салабыз деп жатышат. Элдин арасынан кетип калгыла” деген кабар келди. Саат 12 лер чамасында Ички иштер башкармалыгына бардык. 200 дөй жоокер, 2 танка, 3 БТР турган экен. Исмаил Исаков, Сооронбай Жээнбеков, Мелис Мырзакматов, Дүйшөн Чотонов, Алишер Сабиров жана Фаттаховдор болуп, ичинде олтурушкан экен. Саат 13 төр чамасында Акматбек Келдибеков келди. Алмазбек Атамбаевке телефон чалып, - Шаарда кожоюн жок. Курсан Асановду комендант кылып койбосоңор болбойт, - деди. Дароо эле макул болуп, Курсан Асановду комендант кылып берди. Ички иштер башкармалыгына Ө.Суваналиевди алып келели деди. Ага да дароо эле макул деди. Анткени, А.Атамбаев эмне кыларын билбей, Бишкектен чыккандан коркуп, үйүндө жаткан эле. Кийин баары тынчып, стабилдешкенден кийин, июнь айынын аягында гана үн ката баштаган.
· Архивдерди карасаңыздар болот
Ал аңгыча шаардын ичинде дагы бир жерде (шаардын ичин жакшы билбегендиктен кай жер экенин айта албайм), “атыш башталды, бирин-бири союп жатышат” деген кабар келди. Эскилиги жетип араң жүргөн БТР га аскерлер менен бирге олтуруп, А.Келдибеков, К.Ташиев, Ж. Саматов болуп, окуя болуп жаткан жерге жетип бардык. Жетип токтогондо эле БТР өчүп калды. Же эшиктери ачылбайт. Ичинде камалган бойдон калдык. Атылган октор БТР дин сыртына тийип жатты. Сырттан Жыргал Саматов чуркап келип, БТР дын эшигин буту менен тепкилеп жатып, араң ачты. Эптеп эшигин ачып сыртка чыксак, тегеректеги үйлөрдүн баарын өрт каптап, күйүп жатыптыр. Атышуулар катуу эле болуп жаткан экен. Бир маалда эле кыргыз жигиттин бутуна ок тийип, жыгылып түштү. Согуштун башы башка жакка кетип баратканын ошондо сездим. Ал жигитти ошол жердегилер ооруканага алып жөнөштү. Эл селдей болуп, жалын менен кошо чуркап бара жатышкандай туюлду. Колдон келишинче, элди тынчтандырганга аракет кылдык. Эки сааттан кийин ызы-чуу бир паска басылгандай болду. Кайра келип, губернатор Сооронбай Жээнбековдун кабинетинде кеңешип олтурдук. Саат 15:30 дар чамасында, “Жалал-Абадда согуш башталды. «Сампа» заводунун жанында өзбектер ары-бери өткөн машиналарды тосуп алып, аткылап жатышат, он чакты адам каза болду” деген суук кабар келди. Камчыбек Ташиев, Жыргал Саматов үчөөбүз ал жакка шаша жөнөп кеттик. Жолду карай, “Кыргызстан эмне болот” деп чочулап бара жаттым. Бул жакта дагы элдин башында туруп тынчтыкка, ынтымакка чакырган бир чиновник жок экен. К.Ташиевдин бул жерде эки элдин кагылышуусунун уланып кетпешине салымы чоң болду. Өзү жалгыз барып, өзбек калкы жыш жайгашкан районго кирип сүйлөшүп келип, эки элдин толкундоосун баса алды. Эртеси Акматбек Келдибеков келди. Ошентип, түштүктө үч күн октун, оттун арасында жүрүп, Убактылуу өкмөттүн бир кишисин көрө алган жокпуз. Убактылуу өкмөтпүз деп Ак үйдү ээлеп, бийлик дегенде ичкен ашын жерге коюп чуркаган саясатчылардын бири да көрүнбөйт. Эл башына күн түшкөндө баары житип-житип, дайны жок жашынып калышыптыр. Эл өзү менен өзү болуп калган экен. Өрттөлгөн үйлөр. Бейкүнөө өлгөн адамдардын өрттөлүп, ар жерде жаткан сөөктөрү. Кан жуткан эл. Боздогон энелер. Ушунун баарын өз көзүбүз менен көрүп туруп, «Эх, шайлоо деген шайтан, эмне гана кылган жоксуң» деген ойго келдик. Анткени, балээнин баары Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн К.Батыров менен саясий соодалашуусунан келип чыгып жатпайбы. Менимче, бул күндөрдү тарых өзү таразалайт. Бул кандуу окуяда көбү аппак периште болуп жатышат. Мейли, тарых таразасынан качып кутулушсун, бирок кудайдын таразасынан качып кутула алышпайт. Кийин Ош окуясы боюнча Жогорку Кеңеште депутаттык комиссиянын отчётун угуп жаткан мезгилде, Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов, “бомба жарам” деп олтуруп эле жарбай калган. Себебин, “Алтынбек Сулайманов бомбага суу куюп жиберди” деп түшүндүргөн эле. Көрсө, ал бомбасы мындайча экен. Ош окуясы башталып кетээри менен Алмазбек Атамбаев ошол мезгилдеги Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асановду кабинетине чакырып, - Ушундай учурдан пайдаланып, Азимбек Бекназаровду аттырып салбайлыбы? Бакиевдерге шылтоолоп коёбуз. Эл ишенип кала берет, - дейт. Бектур Асанов болсо, макул болбой коёт. Ошентип, Азикенин да көрөр күнү, ичээр суусу бар экен. “Эл кырылып, энелер кан жутуп, жаштар өлүп жатса, саясаттагы оппонентинен кутула коюштун амалын издеген, кандай адам өзү” деп, жакабызды кармадык. Элдин эсинде болсо керек. Ош окуясы болордон бир ай мурда Азимбек Бекназаров экөө кадр маселеси боюнча катуу урушуп кетишкен эле. Интернет булактарында телефондук сүйлөшүүлөрү турат.
Аттырып салалы дегенине, менимче, ошол тирешүүлөрү себеп болсо керек деп ойлойм. Бирок, ошондой болсо дагы адам баласы мындай кадамга барбаш керек эле.
16-июнь күнү Бишкекке учуп кеттик. Ок тийип, жарадар болгон балдар биз менен самолётто бирге учушту. Кансырап жаткан мекендештерибизди көрүп, заманам тарып бара жатты. Канча бир бийиктикте учуп баратып, өмүр менен күрөшкөн картинаны мен жеткире албайм. Эч кимиси көз жумбай, ооруканага жетип алса деп тилек кылдым. Бишкектин “Манас” аэропортуна келгенде, “үйдө баатыр, жоодо жок“ болуп жүргөн чиновниктерди ошол жерден көрдүк. Жарадар болуп келе жаткан балдарды, тез жардам чакырып салып берип, ооруканага жөнөтүштүн ордуна, ошол эле жерден сурак кылабыз деп башташты. Ок жеп, жаны кейип, араң келе жаткан балдар кантип сурак берет деп ойлошкон да жок окшойт. Урушуп жатып, араң дегенде ооруканага жөнөттүрдүк.
Түз эле Республикалык штабка келип, гуманитардык жардам чогулта баштадык. Ушул жерден кыргыз элинин биримдигине ыраазычылыгыбыздыбилдирип коюшубуз керек. Заматта КамАЗ , КамАЗ гумжардамдар чогулуп калды. Бир ай бою түштүккө тынымсыз дары-дармек, тамак-аш, кийим-кечек жөнөтүп турдук. Мына ушуларды эстегенде өрттүн жалынында алсыз болуп, кан жутуп турган элиме аз да болсо, жардам бериптирмин деп калам.
* * *
Шайлоого үгүттөр кызуу жүрүп жатты. “Ата-Журт” партиябыздын түндүктө кадыр-баркы абдан эле төмөн болуп туруп алды. Анткени, “Бакиевдин партиясы” деп, убактылуу бийлик КТР аркылуу байма-бай көрсөтүп турду. Буга себеп бар эле. Анткени, “Ак-Жол” партиясында депутат болгондордун бир тобун партиябызга кошуп алган элек (мунун себебине төмөндө кененирээк токтолом).
«Ак-Жол» бажы бекетинен Алматыдан келе жаткан түрк бизнесменинин (акча алмаштыруу жайдын кожоюну) 750 миң долларын кармап алышып, ”Мына, “Ата-Журт” партиясына Бакиев берип жибериптир, кармап алдык” деп күнү-түнү дебей, КТР кайталап турду. Ал акчасын түрк бизнесмен жигит соттун чечими турса да, бүгүнкү күнгө чейин ала албай келе жатат. Себеби, ошол кезде эле Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү сугунуп коюшкан экен. Мендеги маалымат боюнча, СДПК нын шайлоо иштерине колдонуп коюшкан. Мыйзам боюнча, андай акча түздөн-түз казынага келип түшүп, талаш-тартыш бүткөнгө чейин ошол жерде сакталып турушу керек эле. Бир тыйыны да түшкөн эмес экен.
Ошентип, партиябыздан төбөсү көрүнгөн түндүктүк саясатчылардын баары качып туруп алышты. Көлдүк төбөсү көрүнгөн саясатчы агаларыбыздын баарына кайрылдым. Биринчи ондукка коюп депутат кылалы, келиңиздер, мамлекет үчүн иштеп берели деп. Бир эле жооп алам. «Силердин партия Бакиевдики турбайбы» дешет. КТР дин берүүсүнөн кийин чындыгында элге андай эмес , мындай деп ишендириш кыйынга турду. Кандай жалган маалымат болбосун, карапайым калк талдап олтурбай, дароо ишенип алышат экен. КТРК нын бул кылыгы бүгүнкү күнү да уланып келе жатат. А чындыгында “Ата-Журт” партиясын 2006-жылы депутат болуп турган мезгилибизде түздүк эле.
* * *
Бийликтин маалымат согушу күчөй берди. Түндүк үчүн биздин партия безгек партия болуп туруп алгандай болуп калды. Чүйдөн Мыктыбек Абдылдаевди чакырдык. Ал киши штабка келип, Акматбек Келдибеков үчөөбүз көпкө сүйлөшүп олтурдук. Ал киши да кыйылып, “эртең-бүрсүгүнү жообун берейин” деп туруп алды. Бир маалда, “эмне кылсаң да, макул кылчы, мен кеттим” деп Акматбек Келдибеков кетип калды. Тизме боюнча мен биринчи турмак элем. - Мыктыбек Юсупович, сиз, баарыбызга баш-көз болуп, тизмеде биринчи туруп бериңиз. Сизди биринчи коёлу, - дедим. Дароо макул болду. Биринчиликти Өмүрбек Суваналиев байкебиз үмүт кылып турганбы, айтор болор-болбос бир нерсеге таарынып, башка партияга кетип калды. Кубан Кадыров күпүлдөп түрган убагы эле. Ага кезигип калып, - СДПК дан чыгып кетиптирсиң, биздин партияга 20 нын ичине коёлу, депутат болосуң, - десем, - Силер бакиевчилерсиңер да, өтпөйсүңөр, - деп шылдыңдап, “Ак-Шумкар” партиясына барып, 20 дан кийинки тизмеге туруп алды.
Марат Султанов Акматбек Келдибеков аркылуу биздин партияга кошулам деген оюн билдирди. Камчыбек Ташиев “киргизбейбиз” деп караманча каршы болду эле, Акматбек Келдибеков экөөбүз эки күн дегенде араң макул кылып, М.Султановду кошуп алдык.
Эртеси күнү Акматбек Келдибеков, - Нариман Түлеев менен сүйлөштүм, Москвада экен. Аны да арабызга кошуп алалы. Акча агылып келет. Бишкек шаары менен Нарын облусун каржылайт. Ал жактарды оңой эле жеңип чыгабыз, - деди. Саясий Кеңешке салдык. Жарымы макул, жарымы каршы. Каршы болгондор, - Бакиев менин атам” деп сүйлөгөн видеосу бар. Эгер ошол жерин убактылуу бийлик, КТРК аркылуу бир көрсөтсө анда, түндүктөн үмүтүңөрдү үзө бергиле, - дешти. Макул дегендер, - Каражат жагынан кыйналып жатпайбызбы. Эгер акча агылып келе турган болсо, кошуп алалычы, - дешти. Ошентип, Нариманды дагы кошуп алдык. Бирок, кийин жагында каражат жагынан бир тыйын жардам деле болгон жок.
Эртеси күнү Азамат Кангелдиев келди. - Чүй облусун каржылаганга Мыктыбек Юсуповичте да, менде да акча жок кыйналып жатабыз. Биз Динара Исаеваны Кара-Балта боюнча кошуп алышыбыз керек. Ал колунан келген жардамын берип жатат, - дешти. Талаш-тартыш, ызы-чуу эле болуп жатып калдык. Анткени, Данияр Үсөновдүн жубайы эле да. Түштүк тарапка жооп берүүчүлөр, “Бизге баары бир. Түндүктүктөр өзүңөр чечкиле» дешти. Анткени, бакиевчилер деген кара пиар түштүк тарапка анча деле таасир бербейт болчу. Бирок, түндүк тарапка терс таасир берип турган. Ошентсе да ары карап ыйлап, бери карап күлүп туруп, кошуп алдык. Мына ушул себептерден улам, Ак-Жол бажы бекетинен кармалып, Убактылуу өкмөт жеп алган 750 миң доллар түрк бизнесменинин акчасын Бакиев “Ата-Журт” партиясына берип жибериптир деген ушак маалыматка эл ишенүүгө аргасыз болду го деп ойлойм. Чындыгында, кудай төбөдө карап турат. Бакиевдерден бир тыйын алган эмеспиз. Республикалык штабды жетектедим. Ар бир тыйынды эсептеп, эч нерсеге жеткире албай, эмне деген кыйынчылыктарды көрдүк. Кара пиары болсо, баштан ашып кетти. Элибизде айтылгандай, жебеген мантыга акча төлөдүк.
* * *
2010 - жылдын сентябрь айлары. Жогорку Кеңешке 120 талапкерден турган тизме түзө баштадык. Шайлоочулардын санына жараша калыстык менен Ош облусуна 25, Ош шаарына 6, Чүйгө 14, Жалал-Абадка 14, Ысык-Көлгө 10, Баткенге 10, Нарынга 7, Таласка 7, Бишкек шаарына 14, чет элде жүргөн шайлоочуларыбыздын санына жараша 13 орун бөлүп бердик. Мыйзамга ылайык, тизмеде 30 пайыз аялдар, 15 пайыз башка улуттун өкүлдөрү, 15 пайызы жаштар болушу керек эле. Баары талаптарды так аткарышты. Бир гана Ош облусу боюнча Акматбек Келдибеков аткарбай туруп алды. “Тизмеңди мыйзамга ылайык бер, болбосо, башка облустардын тизмеси бузулат” деп талап койсом, караманча каршы туруп, өзү каалаган кишилерди коюп алып, экөөбүз кызыл чеке болуп кете жаздадык. Жылдыз Жолдошева эжекебиз ортого түшүп, токтотуп калбаганда?... Жакшы эле түшүндүрүп да айттым: - Акмат, бул жерде жалгыз эле Ош облусу менен шайлоо бүтпөйт. Бул шайлоо - жалпы республикалык шайлоо. Баарына бирдей карайлы, - деп. Түшүнбөдү. Түшүнүп турса да, жасагысы келген жок. Баштапкы берген тизмесин өзгөртпөй коюп, штабдагылар түнү менен убара болуп иштеп, анткени БШК га тизме өткөрүүгө акыркы күн эле. Жалпы тизмени бузуп, жылыштырып, мыйзамга ылайыктап, эртеси өткөрдүк. Ушул жерден беш жылдан бери чай ичишип, дос болуп жүргөн досумдун өзүмчүл, эгоист экенин биринчи жолу билдим. Адамдын чыныгы мүнөзү бийлик кызыкчылыгы талашка түшкөндө, даана көрүнө баштайт экен.
* * *
Шайлоонун шайтан оюндары башталып, таймаштар өзгөчө нукта жүрүп жатты...
“Ата-Журт” партиясынын тизмесинде биринчи ондукта турган он кандидат (лидерлер), республикалык шайлоо фондун каржылайбыз деп моюнга алдык. Бул үчүн ар бирибиз ортого 100 миң доллардан таштамай болдук. Мындан сырткары, жети облусту жети лидер өздөрү каржыламай болушту. Ысык-Көл облусун Садыр Жапаров, Нарын облусун Нарынбек Молдобаев, Чүй облусун Мыктыбек Абдылдаев менен Азамат Кангелдиев, Талас облусун Дастан Жумабеков, Ош облусун Акматбек Келдибеков, Жалал-Абад облусун Камчыбек Ташиев, Баткен облусун Арзыбек Бурханов, Ош шаарын Марат Султанов, Бишкек шаарын Жаныш Кудайбергеновдор моюнга алышты.
Чынын айтышым керек, кандай гана шайлоо болбосун, көп акчаны талап кылат. Мыйзамда шайлоо фонду 50 млн сомдон ашпасын деп жазылып турганы менен практика жүзүндө 500 млн сомдон жогору чыгымдаган учурлар болот. Мисалы, Президенттик шайлоодо утуп чыккан талапкер эң аз дегенде 15 млн доллар (750 млн сом) сарптайт. Ансыз өтпөйт. Анткени, шайлоодо ар бир кыймыл акчасыз бүтпөйт. «Мен мекенчилмин» деген агитаторго деле азыраак акча төлөп калсаң, “Баланча деген талапкер, сага караганда көбүрөөк төлөп берип жатат. Ошого барып иштеп берем” деп кетип калган учурлар көп кездешет. Ошентип, агитация кызуу жүрүп баштаган мезгилде, кайсы талапкер көп төлөп берет болуп жарыш башталып кеткен учурлар болот. Ушул шайлоодо ар бир облуска аз эмес каражаттар жумшалды. Алды чоң облустар мисалы, Ош облусу 1,5 млн доллар, арты (Талас, Нарын), 200 миң доллардан сарпташты.
* * *
Эл менен жолугушуу кызуу жүрүп жаткан мезгил. Убактылуу өкмөт “Ата-Журт” партиясынын лидерлеринин ар биринин артынан катуу аңдууларды коюп, ар бир кыймылыбызды көзөмөлгө алып турушкан. УКМК нын кызматкерлери ар бир жолугушуубузду видеoкамерага тартып, Ак үйгө жөнөтүп турушту. Лейлекте эл менен жолугушууда алар тараптан атайын даярдалып берилген
- Бакиевди алып келе аласыңарбы? - деген суроосуна Камчыбек Ташиев: - Ооба, Бакиевди акыры биз алып келебиз, - деп жооп берип койду. Ушул жерден Убактылуу өкмөттүн күнү тууп жиберди. Лейлектен келген видеоматериалды Убактылуу өкмөт мүчөлөрү бир кабинетке чогулуп көрүшүп, сүйүнгөндөрүнөн коньяк да ичип жиберишип, дароо эле КТР ге жөнөтүшүптүр. Шайлоого төрт күн калган эле. Ушул жерден Убактылуу өкмөт чоң ката кетирди. Эгер бир аз күтө турушуп, шайлоого бир күн калганда кетиргенде «Ата-Журт” партиясы түндүктөн өтпөй калат элек. Анткени, Ташиевдин бул сөзүн КТР ден көрсөткөндөн кийин түндүк тарапта партия ичинде катастрофа жүрүп кетти. Штабдарыбызда бир дагы агитаторлорубуз калбай, штабдарды жаап салып, качып кетишти. Республикалык штабыбызга Э.Каптагаев уюштурган 30 дай кишилер келишип, сыртта илинип турган баннерлерибизди сыйрып, өрттөп салышты. Муну да КТР ден тынбай көрсөтүп турушту. Булардын баарын Каптагаев телефон аркылуу башкарып турду.
Таластан Дастан Жумабеков телефон чалып, кадимкидей эле жашыды, - Камчыкенин бул эмне кылганы? Менин отуздай эле балам калды. Штабда отурам. Сыртта КамАЗ дар менен келип тегеректеп, сигнал басып турушат. Өрттөйбүз деп жатышат, эмне кылам?, - деп. Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарына телефон чалсам, бир да штаб албайт. Баары өчүк. Республикалык штабда жалгыз өзүм калыптырмын. Мыктыбек Юсуповичке чалсам, кудай жалгап үйүндө экен. Дароо штабка жетип келди. Сыртта баннерди өрттөп жаткан 30 дай кишиге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, акырын узатып жибердик.
Штабдарыбыз каңгырап бош калды. Шайлоого үч күн калган эле. Эки күндөн кийин үгүт иштери токтойт. Эмне кылыш керек? Ташиевдин сөзүн КТР ден берген маалымат менен интернетке салган маалыматтарын салыштырсак, экөө эки башка болуп чыкты. Ташиевке телефон чалсам, “мен антип айткан эмесмин, ал монтаж” деди. Түнү менен олтуруп, бардык видеоматериалдарды чогултуп, Болот Тиллебаев экөөбүз кайра КТР ден көрсөттүрүү үчүн “Бул монтаж экен” деген көрсөтүү даярдадык. Ар бир минутасына 120 миң сомдон акча төлөп, эки күн бою биз да КТР ден “Бул монтаж экен” деп көрсөтүп туруп алдык. Ошондон кийин түндүктөгү агитаторлорубузду өзүбүзгө бура алдык. Ошондо да баарын толук эмес. Штабдарыбыз кайрадан жанданып, иштеп калышты. Бирок, баары бир эки күндүк убакыт аздык кылды. Шайлоочуларды буруш үчүн убакыт жетишсиз болуп калды. Ошентсе да, шайлоодо биринчиликти алып, парламенттен 28 депутаттык орунга ээ болдук. Эртеси күндөн баштап, депутаттык орундарга талаш башталды. Анткени, шайлоо башталганда эле ар бир талапкерге өзүнчө округдарды бөлүштүрүп берген элек. Ошол округдан 7000 добуш алган талапкер депутат болмок. Анча добуш албагандар биринчи ондукта олтурса дагы өз арызын жазып, мандаттан баш тартып чыгып кетмек. Менин билишимче, азыркы парламентте олтурган беш партиянын ичинен “ Ата-Журт ” менен “Республика” партиялары ушундай эреже менен барышкан эле.
Бул эреже боюнча, «Ата-Журт” партиясынын тизмесинде 67 чи орунда турган талапкер 28 чи орунга түшүп, депутат болуш керек эле. Тилекке каршы, андай болгон жок. Анткени, алдыңкы сапка туруп, бирок 7000 добуш албай калган талапкерлер өз эрки менен арыз жазып чыгып кетпей, ызы-чуу башталды. Талапкерлер ич ара мушташканга чейин барышты. Акматбек менен Камчыбек экөө тең жок. Шайлоонун эртеси күнү Россияга эс алганы кетип калышыптыр. Талапкерлер штабда менин эшигимди тытып жатышты. Бири-бири менен мушташып да кетишти. “Ата-Журт” фракциясы экиге бөлүндү. Жетиштүү добуш албай калган талапкерлер бир тарап, артында туруп, 7000 добуштан 17000 добушка чейин алып келгендер бир тарап болушту. Көбүн эсе добуш албай калып ызы-чуу баштаган талапкерлер түндүк тараптан болду. Алардын койгон дооматы, “Ташиев эмне үчүн добуш берүүгө үч күн калганда, Бакиевди алып келебиз деп айтат? Биз жакты (түндүктү) деле ойлоп койбойбу. Эгер ал антип айтпаганда, биз ар бирибиз жетиштүү добуш алмакпыз” дешет. Чындыгында, койгон дооматтары туура эле болду. Жогоруда айткандай, КТР аркылуу Ташиевдин сөзү көрсөтүлгөндөн кийин, түндүк тараптан добуш алыш тирүүнүн тозогу болду. Ошентип, канчалык ызы-чуу болгонуна карабастан, тизмебиз эч өзгөрбөстөн алдыңкы катарда турган 28 депутат ант берип, мандат алдык. Фракциялар аталыштарын жана депутаттардын тизмесин Жогорку Кеңештин аппаратына каттоого берүү күнү аяктап бара жатты. Биздин фракцияда тизме бермек түгүл, күндө эки-экиден мушташ. Каттоого акыркы күн калганда, 10 чакты депутатыбыз “Ата- Журт-2” фракциясы деген ат менен каттоодон өтө турган болуп калышты. Түнү менен Талант Мамытов экөөбүз фракциянын регламентин жазып, эртең менен эрте баарын бир кабинетке топтоп, ынтымакка чакырып, кол койдуруп, аппаратка өткөрө салдык. Ошентип, бир эле “Ата-Журт” фракциясы болуп катталдык. Бирок, баары бир деле депутаттык орунга талаш бир жыл бою токтогон жок.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев