Айтып салсам арылдым деп сүйүүдөн,
Күн таарынып, башын катты тийүүдөн.
Калемим да каршылыгын көрсөтүп,
Кетенчиктейт башка тема чийүүдөн.
Жан-дүйнөмчү, жарты болуп калгандай,
Жарытылуу кеп -сөз чыкпай, бул кандай?!
Ууртум күлкү изин чанып, мостоёт,
Күлө берип, чаалыгуудан талгандай.
Жумшак тилим селейиптир каткандай,
Бирөө ага бекем кулпу таккандай.
Жан-айламды таппай турам алдастап...
Эргүү мага эрегишип жаткандай...
Мейли эми , сөзүм артка алайын ,
Жалаң сүйүү кайрыктарын чалайын.
Сыям кургап, жоготпосун сапатын,
Тындырбастан, аны ишке салайын.
Эх махабат, баарыбызды жайлаган,
Багындырып, жүрөктөрдү байлаган.
Бошоп калса, кээ бир керек тетиктер,
Бурап дайым , кыйчылдатпай майлаган .
Калат сүйлөп, таптак -тилин чайнаган,
Таштак жерге гүлдөр өсөт жайнаган.
Кандай сыйкыр күчкө ээсиң махабат!
Кантип сенден жашынамын мен анан?!
Ойлоп койдум... Акындарды Жараткан,
"Сүйүү гимнин аткарсын",- деп шайлаган...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев