Ой-даа билбей карай калсам бурулуп,
Оттуу көзүң калат көзгө урунуп...
Карегиңе кагылайын, жарыктык,
Кантип батты мындай улуу сулуулук..?!
Кереметин көрсөтсө да а Кудай,
Келем мындай сулуулукка татыбай...
Капа билбес эрдиң эмес, ал турсун,
Каштарың да күлүмсүрөйт капырай...
Кыйгач тарам чачың кундуз болгондой...
Кырдач мурдуң жарашат дейм ойлонбой...
Жүзүңдөгү уячаңды а сенин,
Чебер уста чегип жасап койгондой...
Өңүң өрт оов ысыгынан жанбаган,
Өзүң да өрт жалыныңа арбаган!
Өрттөн качпай маңдайында айланган,
Өзүмө-өзүм кээде туруп таңданам)
Катар басып калган кезде жол улап,
Колдоруңа колум тийсе ток урат...
Бул жашоодо сендей жандар жок чыгар,
Бар болсо эгер, жомокто эле жолугат...
Максат Жангазиев
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев