Предыдущая публикация
КАЛГАН ДОСКО
Бутасындай көзөлдүң го жебенин,
Болду досум, мынча кайгы жебегин!
Мага турат өөн учурап чынында,
Махабаттан азап тарттым дегениң...
Аздан-аздан айыгаттыр тиликтер,
Аңкоо жандан болбо болду үмүткөр!
Селкилерче жүзүн басып боздобой,
Сезим жактан эрктүү болот жигиттер!
Мас жаштыгың эртең эле соолугат,
Магдырабай сергек жаша жол улап!
Алдап кеткен жанды ойлонбой унут дос!
Андай жандар кадам сайын жолугат...
Кайгы сени капилеттен сынаарда,
Кайратыңды жоготпостон кыл арга!
Сезимдерди сенек кылбай эми дос,
Сени сүйгөн жанга гана чын арна!
Башкалары келет-кетет сүйбөсө,
Баркың билген жанды колдон чыгарба...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев