Предыдущая публикация
Жакшы ойлор жетелейт закымдарга,
Желпинип учкум келет алыстарга!
Түбөлүк сени менен болгум келет,
Тагдыр мени миң мертебе алдасада!
Жыйырлган жигиттерден сени издедим,
Жыргатып жан дүйнөмө демди бердиң.
Жашоодо ак сүйүүмдү таптым деп,
Кубанычтуу көздөрүмдү жай ирмедим!
Анан кантип сени сүйбөй коёо аламын?
Анан кантип сени ойлобой жүрө аламын?
Эгер сенден бир саамга алыстасам,
Жаны жок, кадимки бир адаммын!
Автор: Алибаева Айсалкын
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев