Аялдын өз күйөөсүнүн алдындагы милдеттери мындай:
📍Аялзатынын жүзү жылуу, мүнөзү алпейим болушу ийги. Күйөөсүнүн эртең менен жылмайыңкы жүз менен узатып, кечинде дал ошондой тосуп алышы зарыл.
📍Үй жумушун эптүү жасап, ар бир нерсени иш билгилик менен өз ордуна коюп, үйү тыккан жана таза кармай билиши керек.
📍Күйөөсү менен кеңешпестен же эскертпестен өзүм билемдик менен иш кылбашы, бир жакка кетпеши керек. Пайгамбарыбыз с.а.в: " Эгерде бир аял күйөөсүнүн уруксатсыз үйүнөн чыкса, күйөөсү ыраазы болмоюнча же үйүнө кайтып келмейинче ага Алла Тааланын каар-азабы жаайт".
Бул сыноо дүйнөсүндөгү көр турмуштун түгөнбөс түйшүгүн ойлобой, акырет жайга күйөөсү менен бирге жакшы даярдык кылуусу, Жараткандын алдындагы түрдүү милдеттери менен ибадаттарын да таамай аткара билүүсү зарыл. Пайгамбарыбыз с.а.в мындай деген: " Аялзаты беш маал намазын окуса, Рамазан орозосун кармаса, абийирин таза сактаса жана эрине баш ийсе, бейиштин каалаган эшигинен кире берсин".
📍Күйөөсү жактырбаган адамды үйүнө киргизбеши керек.
📍Үйгө келген конокко меймандостук жакшы мамиледе болуу.
📍Керек учурда күйөөсүнүн жумуштарына жардам берүү.
📍Күйөөсү менен татына-ысык мамилесин күчөтүүгө ар дайым маани бериши, күйөөсүн жат бирөөгө көз артырбагыдай даражада өзүн абдан жакшы алып жүрүүгө көңүл бурушу зарыл.
📍Башка эркектер менен сүйлөшүүгө туура келсе, адептен тайбастан олуттуу мамиле кылуусу, уят-абийирдүү жүрүүсү керек. Куран Каримдин "Нур" сүрөсүндө айтылгандай эле, Пайгамбарыбыз с.а.в да мындай деген: *"Уят абийир жакшы нерсе; аялзатында болсо, ого бетер жакшы нерсе".
(Уландысы бар...)
📚 Адам акысы китебинен
_🛡Эскертүү: Маалыматты башка тармакка жүктөп жаткан учурда өзгөртүүгө болбойт!!!_
*Аманатка кыянат- эки жүздүүлүктүн белгиси.*
_________________________
*"ЭСКЕРТКИН, ЭСКЕРТҮҮ ЧЫНДЫГЫНДА МОМУНДАРГА ПАЙДА БЕРЕТ.*
*"(АЗ-ЗАРИЯТ СҮРӨӨСҮ 55-АЯТ)*
Сабак тууралуу маалымат:
Балдар группасы:
+7(985) 482-01-01
Кыздар группасы:
+7(915) 354-03-19
Интернет группаларга катталуу:
*WhatsApp*:⤵️
*Мырзалар үчүн!*
+7 903 228-83-23
*Айымдар үчүн!*
+7 925 669-02-09
+7 926 126-65-22
*Instagram⤵️* https://instagram.com/kmdb_official?igshid=7vto4xgkliwo *Facebook⤵️* https://www.facebook.com/groups/350595645760890/ *Одноклассники⤵️* https://ok.ru/group/56893232644210 *Вконтакте⤵️* https://m.vk.com/kmdb_moscow *YouTube ⤵️* https://www.youtube.com/channel/UCnEKO__uzQxwrfye60jbAig *Telegram*⤵️
*Айымдар үчүн!* https://t.me/joinchat/JdHiFRY32JAAyPu2QPNjow- *Мырзалар үчүн!* https://t.me/joinchat/JdHiFRP5a3uJu5_yGylU-A
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1