📍Үй-бүлө-коомчулуктун өзөгү сыяктуу. Эркек үйдүн түркүгү болсо,аял үйдүн куту делип, бала-чаканын мыкты тарбиялануусунда, үй-бүлөдө сый-берекенин орноп турушуна жакшы аял өбөлгө түзөт.
📍 Эркек үйдүн тиреги катары чоң жоопкерчиликти өз мойнуна алгандыктан, куттуу уя сыяктуу үй-бүлөнүн ичиндегилердин, айрыкча өмүрлүк жубайынын акыларын абдан маани бериши керек. Жубайынын айып-кемчиликтерин кечире билүүсү, кайын журту менен да жакшы мамиледе болушу зарыл. Деги эле бул милдет жубайлардын экөөнө тең таандык болсо да, үй-бүлөнүн коргоочусу катары эркек чоң жоопкерчиликти аркалоого туура келет. Айрыкча, тапкан-тергенин өзү билемдикке салып ар кайда төгүп-чачып ысырапчылык кылуусу же арам нерселерге жумшоосу такыр туура болбойт.
📍 Жаратканга жана акырет күнгө ишенген ыймандуу жубайлардын ар бири өз жоопкерчиликтерин толук аткарууга чын дилден аракет кылышы, бири-биринин акыларын көздүн карегиндей сакташы керек.
а) Эркектин жубайы алдындагы милдеттери же жубайлык акысы
Эркек аялынын кем-карчын камсыздай алгыдай даражада адал оокат-табышка ээ болушу, жубайына жана балдарына адалдан оокатты гана бериши шарт. Пайгамбарыбыз (С.А.В) садаканын эң жакшысы үй-бүлөгө жумшалган нерсе деген.
📍 Үй-бүлө ичинде боло турган ар кандай кыйынчылыктарды туура чечип, жубайы менен эптүү турмуш өткөрүүгө далалат жасашы керек, казан-аяк кагыша кеткен абалда өз жубайына оң мамиле жасап, күйүмдүүлүктү колдон чыгарбаганы абзел. Пайгамбарыбыз (С.А.В): *"Силердин эң жакшыңар-жубайына жакшы мамиле кылгандар"* -дейт. Жубайы менен сырдашууга да ылайыктуу убакыт ажыратып турушу, анын ойлорун угуп, кезеги келсе көңүлүн көтөрүп тамашалуусу, кайгыртпашы керек.
(Уландысы бар...)
📚 Адам акысы китебинен
_🛡Эскертүү: Маалыматты башка тармакка жүктөп жаткан учурда өзгөртүүгө болбойт!!!
Аманатка кыянат- эки жүздүүлүктүн белгиси.
________________
"ЭСКЕРТКИН, ЭСКЕРТҮҮ ЧЫНДЫГЫНДА МОМУНДАРГА ПАЙДА БЕРЕТ.
"(АЗ-ЗАРИЯТ СҮРӨӨСҮ 55-АЯТ)
Сабак тууралуу маалымат:
Балдар группасы:
+7(985) 482-01-01
Кыздар группасы:
+7(915) 354-03-19
Интернет группаларга катталуу:
WhatsApp:⤵️
Мырзалар үчүн!
+7 903 228-83-23
Айымдар үчүн!
+7 925 669-02-09
+7 926 126-65-22
Instagram⤵️ https://instagram.com/kmdb_official?igshid=7vto4xgkliwo Facebook⤵️ https://www.facebook.com/groups/350595645760890/ Одноклассники⤵️ https://ok.ru/group/56893232644210 Вконтакте⤵️ https://m.vk.com/kmdb_moscow YouTube ⤵️ https://www.youtube.com/channel/UCnEKO__uzQxwrfye60jbAig Telegram⤵️
Айымдар үчүн! https://t.me/joinchat/JdHiFRY32JAAyPu2QPNjow- Мырзалар үчүн! https://t.me/joinchat/JdHiFRP5a3uJu5_yGylU-A
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1