📝1.АКЫ ЖАНА УКУКТУН МААНИСИ.
"Акы" деген сөз арапча "хак" деген сөздөн тилибизге өткөн. Бул сөздүн бир топ маанилери болсо да, бул эмгекте адам акысы тууралуу гана токтоло тургандыгыбыз үчүн, бул жердеги "акы" деген сөздү "адамдардан гана эмес, жандуу- жансыз бардык макулуктардын бири-бири менен болгон алака-катышы тууралуу Алла Тааланын Куран жана Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи вассалам) аркылуу бизге жеткизип, баш ийүүбүздү талап кылган жалпы эрежеси" катары түшүнөбүз.
Толук исламдык түшүнүк катары "акынын" мааниси укук-мыйзамдык термин катары калыптанган "укуктан" кененирээк экендигин да айтышыбыз керек. Адам пенде катары Жараткан Алла Тааланын алдындагы жоопкерчиликтери тууралуу кененирээк токтолмокчубуз.
Мына бул беш негизги акы-укуктар Алла Таала Адам атадан бери карай жөнөткөн бардык диндердин рухун түзөт:
☝️Динди коргоо;
☝️Акыл-эсти коргоо;
☝️Урпак-тукумду коргоо;
☝️Жанды коргоо;
☝️Мал -мүлктү коргоо.
1) Динди коргоо-адамзаттын жаратылышынан бери муктаж болгон дин ишенимдерин эч тоскоолсуз үйрөнүү жана үйрөтүү, иш жүзүндө жашоо жана жашоого мүмкүндүк берүү сыяктуу укуктарды камтыйт.
2) Акыл-эсти коргоо болсо, ой-пикир эркиндигин жана акыл-эске байланыштуу баалуулуктарды коргоо, эркин ой жүгүртүү укугуна кепилдик берүү болуп саналат.
3) Жанды коргоонун максаты адамдардын өмүр сүрүү укугун сактап, өмүрүнө коркунуч келтирген кооптуу нерселерден коргонуу болуп эсептелинет.
4)Урпак-тукумду коргоо бул-адам баласынын рассалык, улуттук жана адамдык тегин сактап, урпактардын бузулушун алдын ала сактоо, урпактардын бузулушунун алдын алуу эркиндиги менен жоопкерчилиги. Мисалы, Ислам динибиз урпактардын тектүүлүгүн башаламандыкка дуушар кылуучу зынаага жана ага алып барган жолдорго тыюу салган, ага такыр жакындообого буюрган.
5)Мал-мүлктү коргоо болсо, адамдардын ортосундагы экономикалык алака жана алыш-бериш мамилерин белгилүү эрежелеринин негизинде адал жүргүзүп, мал-мүлктү коопсуз сактоо үчүн жолго коюлган чаралар катары өз ордун тапкан.
(....уландысы бар)
📚 АДАМ АКЫСЫ китебинен.
_🛡Эскертүү: Маалыматты башка тармакка жүктөп жаткан учурда өзгөртүүгө болбойт!!!
Аманатка кыянат- эки жүздүүлүктүн белгиси.
________________________________
"ЭСКЕРТКИН, ЭСКЕРТҮҮ ЧЫНДЫГЫНДА МОМУНДАРГА ПАЙДА БЕРЕТ.
"(АЗ-ЗАРИЯТ СҮРӨӨСҮ 55-АЯТ)
WhatsApp:⤵️
Мырзалар үчүн!
+7 903 228-83-23
+7 977 740-04-25
Айымдар үчүн!
+7 925 669-02-09
+7 926 126-65-22
Instagram⤵️ https://instagram.com/kmdb_official?igshid=7vto4xgkliwo Facebook⤵️ https://www.facebook.com/groups/350595645760890/ Одноклассники⤵️ https://ok.ru/group/56893232644210 Вконтакте⤵️ https://m.vk.com/kmdb_moscow YouTube ⤵️ https://www.youtube.com/channel/UCnEKO__uzQxwrfye60jbAig Telegram⤵️
Айымдар үчүн! https://t.me/jt/JdHiFRY3Pu2QPNjow- Мырзалар үчүн! https://t.me/joinchat
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1