Тартылып балалыгым, коз алдыма.
Туулган жер, бир озуно барарымда.
Ташкындап ырларым жазгым келет!
Таш-Булак тоолорун сагынганда.
Эй сагынганда)
Жел уйлойт жаздагыдай, салкын аба.
Журоко озун болчу жалгыз даба.
Жаркылдап ырларым, жазгым келет.
Жанчукур жайлоосун сагынганда.
Эй сагынганда)
-Кайырма-
Байыртан Ата-Бабам жашап, жургон.
Тутунун булатып, омур сургон.
Мен сени эчкимге алмаштырбайм.
Алтыным, асылым, Кара-Бургон.
Эй Кара-Бургон)
Кусамын барбай, калсам айылыма.
Кыйналам, озгоромун, айла канча?
Кылымдап, ырларым жазгым келет.
Кашка-суу, Кумбелди, сагынганда.
Эй сагынганда)
Эргитип, эй-жай бербей жон адамга.
Энекем колумдан кармаганда.
Элжиреп, ырларым жазгым келет.
Эржурок элдерин сагынганда.
Эй сагынганда)
-Кайырма-
Кайрылып, келсечи бала курак.
Алтынга алмашкыс ошол убак.
Тундосу уктасам арбир кечте.
Тушумдон кетпедин Жайыл-Булак.
Эй Жайыл-Булак)
Чырпыктан ат кылып, камчы жазап.
Чуркагам чандатып, кочолордо.
Киндигим байланган, сени менен.
Сагындым мен сени Ача-Добо.
Эй Ача-Добо.
-КАЙЫРМА-
Автор; Айтбек Айтмаматов
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев