_✍🏻 Курсант Абдыманап уулу_
*«Өз күнөөлөрүн мойнуна алган башка адамдар бар, алар жакшы иштерине күнөө иштерин аралаштырып жиберишти. Балким Аллах алардын кылган тообосун кабыл кылаар. Чындыгында, Аллах Кечиримдүү, Ырайымдуу».* (Тауба сүрөөсү, 102-аяты)
*БУЛ АЯТТЫН ТҮШҮҮ СЕБЕБИ*
Абдуллах ибну Аббас, радыяллаху анху, Аллахтын: *«Өз күнөөлөрүн мойнуна алган башка адамдар бар, алар жакшы иштерине күнөө иштерин аралаштырып жиберишти»* деген аяты туурасында мындай дейт: «Он киши болот. Алар Табук согушуна Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, менен бирге барбай коюшат. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ал согуштан кайтып келе жатканда алардын жетөөсү өздөрүн мечиттин устундарына байлап коюшат. Ал устундар Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын мечиттен кайтып келе жаткандагы жолунда эле. Аларды көргөн соң: *«Тээтиги өздөрүн устунга байлап койгондор кимдер?»* – деп сурайт. «Оо, Аллахтын Элчиси! Ал Абу Лубаба жана анын шериктери. Сиз менен согушка барбай коюшкандар. Аларды кечирип жана өзүңүз чечмейинче алар өздөрүн чечишпейт экен» – деп жооп беришет. Ошондо Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: *«Аллахка ант болсун! Аларды Аллах таала Өзү гана бошотуучу. Мен аларды кечирбейм дагы, бошотпойм дагы. Алар менден баш тартышты жана мусулмандар менен бирге согушка барышпады»* – деп айтты. Ал кабар байланган кишилерге жеткенде алар дагы: «Аллахка ант болсун! Аллах бизди бошотмоюнча биз дагы өзүбүздү бошотпойбуз» – деп айтышат. Ошондо бул аят түшөт: *«Өз күнөөлөрүн мойнуна алган башка адамдар бар, алар жакшы иштерине күнөө иштерин аралаштырып жиберишти. Балким Аллах алардын кылган тообосун кабыл кылаар».* "Балким" деген сөз Аллах тарабынан айтылса ал сөзсүз болот. Анткени ал тооболорду кабыл кылуучу жана Ырайымдуу. Бул аят түшкөндө Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, барып аларды кечирип жана бошотот. Андан соң алар мал-мүлкүн алып Пайгамбардын алдына келип: «Оо, Аллахтын элчиси! Бул мал-мүлкүбүздү биздин атыбыздан садака кылыңыз жана бизге истигфар айтыңыз» дешет. Ошондо Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: *«Силердин мал-мүлкүңөрдү алууга буйрулган эмесмин»* – деп айтат. Аллах таала бул аятты түшүрөт: *«Алардын мал-мүлкүнөн садака ал. Ал садака себептүү (күнөөлөрдөн жана жаман сыпаттардан) тазаланышат. Жана аларга дуба кыл».* Аларга истигфар айт: *«Сенин дубаң алар үчүн тынчтык болот».* Бул аяттар түшкөндө Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, алардын садакасын алып жана аларга истигфар айтты».
▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁
*☑ ИсламОнлайнKG*
➥ Facebook.com/islamonlinekg ➥ Instagram.com/islamonlinekg ➥ Ok.ru/islamonlinekgz ➥ t.me/islamonlinekg *🔘 WhatsApp группасына катталуу:*
📲 https://api.whatsapp.com/send?phone=996706363666 ▶ YouTube каналына катталуу:* https://www.youtube.com/channel/UCEawjlQ4l7_GC57nF2bG1Ag
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев