Саубан, радыяллаху анху, риваят кылып айтат: *“Алтын жана күмүштү жыйнап, Аллах жолунда сарптабагандарды катуу азап менен сүйүнчүлө”.* (Тауба сүрөөсү, 43-аят) деген аят түшкөн кезде, биз Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, менен бирге бир сапарда элек. Ошондо кээ бир сахабалар: “Бул аят алтын менен күмүш туурасында түштү. Эгерде кандай байлык жакшы (сактоого уруксат) экенин билгенибизде, биз ошону жыйнап сактайт элек” деп айтышат. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: *“Байлыктын эң жакшысы бул - Аллахты зикир кылган тил, шүгүр кылган жүрөк жана күйөөсүнүн ыйманына жардам берген момун аял”.* _(Ибну Мажах, Тирмизи)_
*▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁*
*☑ ИсламОнлайн*
*🔘 WhatsApp группасына катталуу:*
📲 https://api.whatsapp.com/send?phone=996706363666
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев