✍ Орозокул уулу Асылбек
Аллах таала айтты:
*«Эгерде алардан (мунафыктардан) бирөөсү өлсө, ага эч качан жаназа окуба жана кабырынын алдында (дуба кылып) турба! (Себеби) алар Аллахка жана Анын Пайгамбарына каапыр болушуп, бузуку бойдон өлүштү!»* (Тауба сүрөөсү, 84-аят)
🔴 *БУЛ АЯТТЫН ТҮШҮҮ СЕБЕБИ*
Абдуллах ибну Умар, радыяллаху анху, айтты: "Абдуллах ибну Убай (мунафыктардын башчысы) өлгөндө, баласы Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, келип: "Оо, Аллахтын Элчиси! Көйнөгүңүздү бериңиз, аны менен атамды кепиндейин. Ага жаназа окуп кечирим сураңыз" - деди. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, көйнөгүн берди да: *«Уруксат бер, мен ага жаназасын окуюн»* - деди. Ал уруксат берди. Ага жаназа окуюн деп жаткан кезде Умар, радыяллаху анху, Пайгамбарыбызды токтотуп: "Аллах сизди мунафыктарга жаназа окуудан тыйган эмеспи?!" - дейт. Мына ошондо Пайгамбарыбыз: *«Мен эки тандоонун ортосундамын»* - деп, бул аятты окуду: *«(Эй, Мухаммад!) Кааласаң алардын күнөөсүн кечирүүнү (Аллахтан) сура, каалабасаң сураба. Эгер жетимиш жолу сурасаң да, Аллах аларды кечирбейт»*. (Тауба сүрөөсү, 85-аят)
Анан ага жаназа окуду. Ошондо бул аят түштү: *«Эгерде алардан бирөөсү өлсө, ага эч качан жаназа окуба жана кабырынын алдында (дуба кылып) турба!»* (Бухари)
Ибну Аббас, радыяллаху анху, Умар ибну аль-Хаттаб, радыяллаху анхунун, мындай деп айтканын риваят кылат: "Абдуллах ибну Убай ибну Салул өлгөндө, Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, ага жаназа окууга чакырылды. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, келип, анын жаназасына туруп калганда, мен айттым: "Оо, Аллахтын Элчиси! Ибну Убайга жаназа окуйсузбу? Баланча күндөрү ушундай-ушундай деп айткан эле го деп, айткан сөздөрүн эсептеп бердим. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, жылмайды да: *«Эй, Умар! Мындай тур!»* - деди. Мен ага көп сүйлөп койгонумда, Пайгамбар: *«Мага тандоо берилди эле, мен (ушуну) тандадым. Эгерде мен (кечиримди) жетимиштен ашырсам, анын күнөөсү кечириле турган болгондо, анда жетимиштен ашырмакмын»*. Умар айтты: "Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, ага жаназа окуду да, басып кетти. Көп убакыт өтпөй эле "Бараат" (тауба) сүрөөсүнөн эки аят түштү: *«Эгерде алардан бирөөсү өлсө, ага эч качан жаназа окуба жана кабырынын алдында (дуба кылып) турба! (Себеби) алар Аллахка жана Анын Пайгамбарына каапыр болушуп, бузуку бойдон өлүштү!»*. Умар айтты: "Ошол күнү Аллахтын Элчисин токтотконума таң калдым. Аллах жана Анын Элчиси жакшыраак билет". (Бухари)
▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁
☑ ИсламОнлайнKG
➥ Facebook.com/islamonlinekg ➥ Instagram.com/islamonlinekg ➥ Ok.ru/islamonlinekgz ➥ t.me/islamonlinekg 🔘 WhatsApp группасына катталуу:
📲 https://api.whatsapp.com/send?phone=996706363666 ▶ YouTube каналына катталуу: https://www.youtube.com/channel/UCCX84TvZuq9fyP7Rq5RKBkA
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев