сайтына такси кызматынын операторлорунун бири Зарина аттуу айым айтып берди.
Заринанын айтымында бүгүнкү күндө мусулман айымдарын, дегеле жалпы аял затына болгон зордук зомбулуктардын саны артып келет. Эже-сиңдилердин мындай кадамга барышына акыркы учурда кездешкен мусулман кыздарына болгон "эркек таксисттердин" одоно мамилеси себеп болгон. "Биздин ачылганыбызга болгону 3 күн болду. Ошентсе да Кудайга шүгүр, чалуулар болуп жатат. Бүгүн кечээкиге караганда көбүрөөк эжелерибизге кызмат көрсөттүк. Биз да башка такси кызматтары сыяктуу эле кардарларыбызды бара турган жерине жеткиребиз, кызмат акыбызды алабыз. Бирок биздин кызмат көрсөтүү стилибиз башка. Биз жалаң гана эже-сиңдилерге кызмат көрсөтөбүз, эгерде балдарды мектепке же бала бакчага алып баруу болсо да заказ кабыл ала беребиз. Азыр бизде кызмат көрсөтүү үчүн 6 унаа бар. Айдоочу кыздардын айдоочулук документтерин, жүрүм-турумун, адамга болгон мамилесин текшерип туруп анан гана жумушка алабыз. Биздин алдыга койгон максаттарыбыз көп, буюрса баары ишке ашат деп ишенебиз. Ал эми таксинин атын "Ухти" деп атадык, бул араб тилинен которгондо "Эже" дегенди түшүндүрөт." -деди Зарина айым.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрында таксист жоолукчан кызды зордуктоого аракет кылып жаткан жеринен кармалган. Бул окуядан кийин ошол эле таксисттин үстүнөн зордуктоого аракет кылды деп дагы 2 аял арыз жазган.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев