Мындай маалыматты 13-декабрда SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматкери Сталбек Усубакунов тастыктап төмөнкүлөрдү билдирди. «Окуя 9-декабрга караган түнү Сары-Ой айылында орун алган. Анда 43 жаштагы жергиликтүү тургун таңкы саат 4 чамасында жолдун боюнда эс-учу жок абалда жаткан айылдашын көрүп, аны үйүнө жеткирип коёт. Эртең мененки саат 10:00дөр чамасында ал киши каза болуп калганы белгилүү болот. Эртеси күнү маркумду үйүнө жеткирип барган 43 жаштагы айылдашы да үйүнүн короосундагы сарайга барып асынып алган», — дейт Усубакунов.
Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, көчөдөн эс-учу жок абалда табылган 46 жаштагы жарандын кабыргалары сынып, бир нече оор жаракаттарды алгандан улам көз жумган. “Аны унаа сүзүп кеткен болушу мүмкүн, бирок соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы толук чыкмайынча так айтууга болбойт. Эки жаран тең ушул жуманын башында жерге берилген, экөө тең үй-бүлөлүү болгон. 43 жаштагы адамдын өлүмү «өзүн өзү өлтүрүү» катары катталса, биринчи окуя боюнча тергөө амалдары жүрүүдө”, — деп кошумчалады Усубакунов.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев