Ал эми "оору" дегенде акыркы күндөрү "грыжаң бар экен дешти, грыжа экенмин" дегендер күн санап көбөйүүдө. Эки колу иштебей, эки буту шилтенбей майып болуп калыптыр дегендер андан көп. Көрсө, ушунун баары биз анча этибар албаган омуртканын оорусунан улам келип чыгат экен.
Биз билгенди сиздер да биле жүрсүн деп атайын "грыжа" деген эмне оору, кантип алдын-алып, айыкса болот деген суроонун тегерегинде жооп издедик.
Пайда болуу себептери:
Кальцийдин жетишсиздиги: Сөөктү бекем кармап туруучу минералдык азык-заттардын азайып кетишинен улам да бул оору пайда болот. Мурун 200 грамм быштакта эле организмге жетиштүү сандагы кальций болсо, азыр 2 кг быштакта да кальций ал өлчөмдө болбойт экен.
Кыймыл-аракеттин аз жасалуусу . Көбүнчө азыр олтуруп, мисалы, айдоочулар, анан да компьютер менен иштегендер чалдыгып атышат.
Оор, ашыкча жүк көтөрүүдөн да болот. Өзгөчө белге күч келет да, бел омурткаларына доо кетет. Ошондуктан ашыкча салмактагы толук адамдар да көп оорушат. Спорт менен, өзгөчө күрөш түрү боюнча туура эмес машыккандар болот.
4-5 кг салмактагы бала төрөгөн аялдар да бул оору менен төрөттөн кийин ооруп калышат. Анткени боюнда бар кезинде чоң көтөрүү менен бирге эле, кыймыл аз жасалган болот.
Оорунун түрлөрү
Үч түрү бар:
- Авариядан улам же дубал сүзүп, үстүнөн оор нерсе басып калганда, моюн омурткасына доо кетип, грыжа пайда болот. Моюн грыжасы менен кайрылгандар 25% түзөт.
- Көкүрөк тушка катуу сокку алып же дагы башка ушул сыяктуу себептер менен көкүрөк омуртка жабырланып, грыжага алып келет.
- Эң көп түрү, 70% бул бел омурткасындагы грыжа. Жөнөкөйлөтүп айтканда омурткаларга доо кеткенде эки омуртканын айкашып турган жериндеги нымдуулукту кармап сактап туруучу зат жоголуп, омурткалар бири-бирине сүрүлүүсүнөн башталат. Мында пайда болгон кемирчек жүлүндүн нервин басып калып, буту колдорго кетүүчү кан айлануу системасы бузулат, жайлайт.
Оорунун белгилери
Моюн омурткадан кармаган грыжа болсо, адамдын колдору чымырап, уюп, талып, көтөрүлбөй, баш оорусу күчөйт. Эки колдун эти шылына баштайт.
Көкүрөк омурткадагы грыжадан улам жүрөк кысылат. Эгерде кардиологго кайрылууда жүрөк таза чыкса, анда туура так диогноз коюлуп, невропатолог дарылайт. "Барбаган жерибиз калган жок" деп так диагнозу коюлбай, ар кайсы жерлерде дарыланып, убакытты өткөрүп, оору өтүшүп кеткенде гана келгендер да арбын. Андыктан компьютердик томографиядан өткөндөрү туура.
Бел омурткасындагы грыжа үч этап менен өтөт. Кысылган нервден улам бутка кан аз кетүү, башкача айтканда кан аркылуу азык өз өлчөмүндө жеткирилбей бут арыктап, сөөктөр кичирейет. Кургап, өзгөчө буттун баш бармагы жансыз боло баштайт. Бут, бел, жамбаш сөөктөр ооруйт. Жыныстык жактан, сийдик бөлүп чыгаруу органдары жабыр тартат. Бели ооругандар бөйрөгүм деп ойлонуп урологго баргандар да болот. Ал дарылануудан 4-5 жылга чейин басылып калат да, бул аралыкта бутка түшүп, нерв кысылып анан баспай калууга, майыптыкка алып келет.
Алдын алуу-дарылоо жолдору
Ашыкча толук болбоого аракет кылуу керек. Оор нерсе көтөргөндө эки колго тең, бирдей салмактагы жүк көтөрүү зарыл. 20 кг ды бир эле колго көтөрүүдөн улам ийрейип, бел омурткасына күч келет.
Адамдар ар дайым кандай жумушта иштебесин кыймыл-аракетти көбүрөөк жасап жүрсө бул оорудан алыс боло алат.
Бул оорунун алдын алуу үчүн: эң биринчиси туура тамактануу зарыл. Өзгөчө тамак-аш кальцийге бай болуш керек. Алар айран, быштак.
Күнүнө жалпысынан эки сааттай убакыт дене-тарбиялык көнүгүүлөрдү жасап, мисалы төрт аяктап буту-колду бүкпөй 4-5мүнөттөй басуу, керилип-чоюлуу пайдалуу. Муну менен биз кандын айлануусуна жардам беребиз.
"Оорунун кадырын ооруган жан билет" дегендей түнү менен буту-колу какшап, сыздап, жаның көзүңө көрүнгөндөй болуп ооруп, кыйналып чыкканда эмне кылаарыңды билбей тургандан жаманы жок. Бул оору менен азыр өзгөчө компьютерде отургандар көп оорушат. Андыктан маал-маалы менен атайын көнүгүүлөрдү жасап туруу керек. Спирт ичимдиктерин ичүүгө таптакыр болбойт.
Витаминдер оорулууну тез сакайтууда чоң көмөкчү боло алат. Андыктан Алоэ Вера продукцияларын ичип ден соолугунузду чындап алсаныз боло.89859474016
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев