Көптөн бери амандашпай-саламдашпай кеттик ээ? Пикир айтып, сырдашпай да калдык. Жаңы чыгарма жок зээригип калбадыңыздарбы? ☺Буйруса дагы бир чыгарма тууралуу изденип, түрлүү идея ойлонуп жүрөм. Аны да жакында жарыкка чыгарабыз. Сиздер менен сырдашып көнүп калган экенмин жалгвзсырай түштүм.
Үзүлгөн үмүттөр туурасында бир аз ой бөлүшө кетели бир аз. Китеп болуп чыгарууга жараар беле? Деги тарбиялык, маани -мазмун дегендери кандай? Анан аябай эле узак жазылган ээ? Бир аз өзгөртүү киргизип кыскартсамбы деген да ой. Китеп болуп чыкса өз окурмандарын таап кете алабы? Бир редакция менен байланышып көрсөм кымбат айтты негедир. Китеп кылып чыгарып салбасам, бирде бирөө менин уруксаатымсыз эле,Өмүр Сынагы аттуу чыгармамды электронный вариантын жасап сатып жүргөн экен. Ошондой адамдар да чыгат экен. Бирөөнүн эмгегинен пайда тапкандар. Менин максатым өз мээнетим текке кетпей, чыгармаларымда атым калса кана болгону деген ой. Мага эгер спонсор болом деген адамдар болсо, китебим сатыкка чыккан соң, акчасын да бермекмин. Бул кайрылуум, балким туура эмес болгон чыгаар? Бирок мен кайра, дагы эмгегимден башкалар пайдаланышаарын каалабай турам. 🙂
Ой -кеңеш күтөм. Авторуңуздар 😘
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 46
Бирок автору жазылуу турат