Тинатин көпкө ойлонуп отуруп Амантур менен кайра байланышып, Рамис менен кеңешүүнү сунуш кылды.
—Эгер Рамис атасынын кылмыштары тууралуу баарын айтып, көрсөтүп берсе, жазасы жеңилирээк болушу мүмкүн. Албетте камалат. Бирок жеңилдетебиз жазасын.
Сен эгер мүмкүн болсо, эртеңки боло турган операцияга жардам берүүсүн сурап көр. Болобу ошондой кылганга?
Тинатин чын эле ичинен жигитке күйүп жатты.
Амантур көп деле ойлонгон жок. Бир-аз үн катпай туруп, кайра макулдугун берди.
—Мен сүйлөшүп көрөйүн. Макул болуусуна көндүрүүгө аракет кылайын.
—Макул. Амантур, өзүңдү абаула сен дагы. Биз үчүн өтө оор күн болот эртең. Бир эмес, эки эмес, далай кылмыштын үстүнөн иш козгойбуз. Бизге кубат, сабыр берсин Кудайым.
Амантур да Тинатинге макул деп ала, акырын сүйлөшүп бүтүп, телефонду өчүрдү да, кайра дароо эле Рамис жаашаган жайды көздөй жөнөдү.
**********
Самир-Аскат бөлмөсүндө ойлуу отурган. Эшиктин тыкылдаган үнү угула сырттан бир жан сакчы жигит кирип келди. Колунда кармаган телефону бар. Акырын сылык сүйлөй Аскатка телефонду бере койду.
—Кожоюн сизди сурап жатат.
Аскат телефонду кулагына төшөй калды.
—Ало! Кандайсыз?
Ары жактан чыккан Лунаранын үнү Аскатты селт эткизе уйкудан ойготкон сыяктуу дирт эте түштү. Чынында күтпөгөн да. Капалуу жанын кантип жазышты билбей жүргөндө, өзү кантип, эмне себеп болуп коңгуроо чалганы али белгисиз.
—Лунара сенби кызым? Эмне болуп кетти тынчылыкпы? Баары жакшыбы?
Жанагы уурдалгандан соң, кызынан катуу чочуп деле калган. Колунан келсе жанынан чыгармак эмес, бирок ага кызы кайдан көнмөк????
— Ооба жакшы элемин. Эгер мүмкүн болсо, сиз менен сүйлөшүүнү каалагам. Биз сүйлөшчүү көп сөздөр бар окшойт. Эгер убактыңыз болсо, эгер жок десеңиз анда мейли.
— Лунаранын сөзүнөн атасы шашкалактап, алдастай түштү.
—Жок -жок кайра жакшы эмеспи. Мен каршы эмесмин кызым, качан өтөйүн алдыңа?
Азыр десе азыр жетүүчүдөй шашкалактап алды.
— Эртең ата! Түшкө жакын, мага белекке берген үйүңүзгө келе бериңиз, бүгүн көчүп келип алдым. Сизден сурабай келгеним үчүн кечирим сурайм.
Лунара өзү күнөөлүүдөй күңк эте сүйлөнүп алды.
-—Жок-жок андай дебе! Баары жакшы кайра, темкерисинче мен кубандым кызым. Ал сенин үйүң.
Аскат кубана түштү. Ары! Жактан өтүп бараткан аялы өзү тарапты жеп ирчүүдөй карап жаткан аялын да көэгө илбеди
— макул анда мен эс алайын ээ? Эртең түшкө жуук келе бериңиз.
Лунара атасы менен жакшы коштошуп, мурункудай таарынычы жоголуп, акырындан өз жолуна өзү түшүп жаткандай.
*******}
Акырын эшик түбүнө келип кулак салып тыңшай койгон аялы, Аскаттын кубанычы ичине батпай,жанындагы жан сакчысы менен,бөлүшүп айтып жатканын угуп турду.
Каары заматта жүзүнө чыга түштү. Ачуусу келди. Акырындык менен өз оюндагы планын ишке ашырып жаткан менен, азырча көп нерсе чечиле элек болчуу.
— Мен сага көрсөтөм деп алды ичинен.
Ичиндеги Лунарага болгон жек көрүү ич этин тырмап, ата -баланын бирге болушун кызгана түштү. Емиличи деп ойлоду ичинен. Канча чындык дегени менен, Емилини өз кызындай чоңойтту эмеспи?... Так көтөрүп эркелетип, каалагандай жашоосун куруп берди. Бирок тиги жакта баарын күтүп отурган мурунку ашыгын эмне кылат? Емилинин атасы дал ошол Аскаттын чыныгы душманы, ашыгы, кыэынын атасы экенин кайдан билсин байкуш.
Бөлмөсүнө кирип алып, ары ойлонду, бери ойлонду. Кол телефонун алып кимдир бирөө менен байланышып алды.
— Көрүшпөсөк болбойт. Сөз бар! Азыр алдыңа өтөм.
Башка жооп укпастан акырын телефонду койо салды да, үстү башын оңдой акырын сыртка карай чыгып баратты.
— Кеч киргенде кайда жөнөп баратасын?
Артынан Аскаттын үнү аялды тык токтотту. Акырын буруп карап ала...
— Ой Кудай ай... Бул үйдө менин жашоомо да кызыккан бирөөлөр пайда болуптур ээ? Кудайга шүгүр. Болбосо мен эрлүү аялмынбы, же жокпу?... Унутуп калган элем.
Какшык аралаш сөзү менен сүйлөй, акырын күзгүдөн барып, оозуна кыпкызыл боёгун сүртө салды.
— Койчу эми ушундай какшыктарыңды. Эмне менден капалуусунбу өткөн күнкү уруш үчүн?
Аскат жанына келе, акырын колун кармайын деген эле, бирок аял ага койгон жок. Акырын колун тартып алды.
— Жоок... Мен капа деле болбой калганмын. Көнүп бүттүк го. Силер менен жашай берип, мына кайран башым, көрбөгөн эч нерсе калган жок. Сиздин сөзүңүзгө да адам капа болмок беле?
Күзгүдөн карана, өзүнүн боюн түздөй кайра -квйра какшык аралаш сөзү менен сүйлөй, акырын Аскаттын жанына басып келе калды.
— Мен курбумдун үйүнө баратам. Мени күтпөй уктай бер. Аа эсимден чыгыптыр, менин эс алуу бөлмөмө кирбей койгонуңа көп болгону, бирок ошентсе деле эскертип койууну чечтим.
Акырын колу менен Аскаттын көкүрөгүнө таптап койо, сыртка карай чыгып кетти. Унаасына отура, жанагы ачуулуу бет кабын кийип кайдадыр жөнөп баратты.
— Мен силердин баарыңарга көрсөтпөсөм элеби?...
Түн ката, эшик алдына унаа токтоп андан чыккан аял, шашкан бойдон, жанындагы жан сакчыларын да карабай ичкери көздөй кирип баратты.
Өзү күткөн бөлмөгө кирген соң, акырын ары жакта турган дагы бир жан сакчысын карай, башы менен ымдап ала, чык дегендей буйруду.
Тиги да ошону эле күтүп тургандай, башын ийкей, акырын сыртка карай чыгып кетти.
— Эмне мынча ачуулусун жарыгым? Сени ким капа кылды?
Жанатан бутун учкаштыра отурган киши, кеь дегендей колун жайа отурган ордунда, аялга карады.
— Мен түн уйкумду төрт бөлүп уктай албай калдым. Сен кантип отурасын? Эмне кылабыз? Тиги кызын тапты. Ал тургай байланышып жатышат экөө, жолугуп, чоң суммадагы үйдү белекке берди. Ким билет дагы канча нерсени кызына деп атап жатканын? Өзүнүн жумуштарын да бир аз кечиктирип жатат. Ал бир нерсени сезип жаткан сыяктуу...
Аял ары -бери баса, сүйлөп кирди. Ичинде эмне болсо, баарын коркуу сезим менен айтып жатты. Эгер Аскат бир эле нерсени билчүү болсо, анда өзүнүн да башы кетээри анык. Ошондуктан баарын кылдаттык менен жасап жатканы. Акыркы убакта аялы көп нерсени билбей, Аскат жашырып жүргөнүн сезип жүрөт. Аскат да оңой эмес да. Каралар дүйнөсүндө менмин деген адамдар Аскатка баш ийип турушат эмеспи. Ошол үчүн тиги да, жашырынып эч кайда чыга албайт. Ал тургай келгенин да эч ким билбейт. Максаты бир гана нерсе. Бир кездерде өзүнө душман болгон Аскатты эстегенде тиш кайрап тураары анык. Бирок азыр ачыкка чыгуу эртерээк деп билет. Оюнда баарын тартып алууну каалайт. Кызын кошо алып, андан соң Лунара менен Аскаттын көзүн тазалоо. Аскат жашырган чоң суммадагы, байлыктын аялы кай жерде экенин билсе гана болду. Иштин бүткөнү ошол. Бирок өкүнүчтүү, аял ошол байлыктын жайын билбей убара. Кызына өткөрүп берип, Аскаттын коко тыйынсыз калтыргылары бар. Андан соң көзүн тазалоо. Ошентип каралар дүйнөсүнөн атын өчүрүү.
— Мен жакшы нерсе ойлоп койдум. Сен кыжалат болбо. Өзү капканыбызга түшүп берет. Андан соң баарын экөөбүз келишкендей жасайбыз.
Сен көп кыжалат болбой отуруп тура бер.
Тиги киши да камаарабай сүйлөп, колундагы кызыл шарабын ууртап алды.
— Кандай нерсе ойлондуң? Ал иши кылып билип калбаса болду. Баарыбыздын башыбыз кетээрин билесин ээ? Емилиге зыян бербей тургандай болуш керек. Эртерээк ушул ишти бүтүрбөсөк мен ийне үстүндө отургандай болуп жатам. Сен мени түшүнүп жатасынбы?
Аялдын чыркыраган үнүнө акырын ордунан туруп келген тиги, аялды өзүнө каратты.
— Болду тынчтан. Экөөбүздүн кызыбызга эч нерсе болбойт. Кыжалат болбо! Баары өэ жолунда кетет. Эмнеден анча чебелектейсин? Мен сага бир күнү өэүм кабар берем. Азыр чын эле үйүңө бар. Болбосо байкап калуусу анык.
Чачынан карылуу, каткан дарактын тамырындай болуп карышкан катуу колдору менен сылап ала, акырын кучактап койду.
— Менин сулуум. Жашың бир топко барса да, сын келбетиң өзүңдө. Сени күндө сагынуу менен күнүм өткөрүүдөмүн. Аз калды жарыгым баарыбыз бир болобуз. Сен, мен кызыбыэ Емили.
Аял баарын түшүнгөндөй бир аз кучагында турган соң, акырын эркектин кучагынан бошой, үстү башын түздөй бөлмөдөн чыгып кетти.
Тиги эркек да кайра жанагы ордуна барып, кайра отура кетти.
— Эх Аскат. Эх Аскат. Аз калды, күнүң бүтөөрүнө аз калды.
Өз -өзү менен сүйлөшүп алды.
*************
Таң атпай турган Лунара үстү башын түздөй, өзү жакшы көргөн даамдуу тамактарын жасай баштады. Негедир бүгүн маанайы жакшы. Атасын даамдуу тамактар менен тосуп алгысы Жакшылап экөө аш үстүндө сырдашып, баарын болгондой угуп, апасы жөнүндө кенен суроону чечти.
Көбүрөөк маалымат алып, жакындан таанышууну көздөдү. Тагдыр ушундай кызыктарга толо турбайбы деп алды ичинен.
Кечээ эле бир жаман үйдүн бурчунда жашап жаткам, эми мынтип мындай хан сарайдай үйдө жалгыэ жашоодомун. Белести жоготтум, Амирди атамды таптым. Бул не деген сыноолор? Артынан дагы кандай кыйын кезеңдер күтүүдө экен?
— Жок -жок мен баарын көтөрүп, жеңип өтө алам да. Буйруса бактылуу бооуум үчүн күрөшүүм керек. Кызыктын баары алдыда болсо керек.
Өз оюу менен өзү алыша, кээде муңайа түшсө, кээле бырс этип күлүп алып, үстөл үстүн жайнатып даамдуу тамактарын койо салды. Түшкө жакын атасы келүүсү керек. Анан биротоло үйүн көрсөтүүнү чечкен эле. Андан соң Амирди да чакырмак!
***********
Бүгүн өзгөчө күн. Баары үчүн өзгөчө күн. Айрыкча Амантур үчүн. Баары бүтсө бүгүн, колуна эчак эле ашыгына деп атап алган нике шакегин колуна салып, узактарга алып кетүү.
Ушул иш аягына чыкса, азыр сүйгөнүнүн жанына учуп жеткиси бар. Үйлөнчүү, тою болчуу күндү да белгилеп бүтүшкөн. Ошол күнгө болгону бир гана күн калган.
Элеп желеп болуп, шашыла дүкүлдөп соккон жүрөгү тынч ала -албай, эмнедендир кыжалат.
Таң атпай чуркап да келди. Баарын алдын ала канча күндөн бери пландап жатса дагы, баары бир дагы көз алдынан өткөзүп, карап жатты. Ката кылууга жол жок! Эгер бир эле жолу ката кылып,Рамистин атасын колдон чыгарышса Анда эле иштин бүткөнү. Түн менен Рамис соолукканча жанында отуруп, аны менен да сүйлөшүп келген. Атасынын ишине башка аралашпай кеткенин, азыр жанында бир гана Кубаттан башка эч ким калбаганын да айта өткөн Рамис, атасы өэ иштери үчүн жооп бере турган болсо, эгер Тинатин өэүнө да кылмыш ишин козгосо анда өз колу менен түрмөгө түшүп берээрин айткан. Билген жайларын 'эң бир кыпкызыл адам соодасы кайнап өтчүү билген жерлерин баарын Амантурга айтып берген. Болгону жаш кыздарды сактап калуусун суранган.
Ичкиликтен улам баарын таштан салган Рамисти аэыр эч ким тааныбас болуп калган.
Ушулардын баарын ойлоп отурган Амантур Тинатин менен кеңешип, Динара өз тобу менен,бир күн алдын эле келип жайганшкан.Алар эми бүгүн кечинде келе турган чет элдик конокту тосуп алуу үчүн, даярдык көрүп жатышкан.
********
Тинатин көпкө ойлонду. Рамистин абалы тынч отургузбайт окшобойбу. Эмне үчүн анчалык ичкиликке берилип кеткенине өзү да түшүнө албай турду. Экөөнүн кооз сүрөттөрүн карап алды. Жанагы узун бойлуу, кой көз, тармал чачтарын сеңселтип артына тарап алган, дайым күлүп жүргөн сүрөттөгү жанды, кечээ Амантур айткандай элестете албай турду.
— Кантип эле?
Ордунан туруп, ары -бери басып алды.
***********
Түш убагына жакындап калган убак. Айлана тегерек тып -тынч. Баары жайында. Жана эле күндүн аптабына да ыраазы боло, эки жигит, каккан казык сымал, үйдүн астында турушкан. Аскаттын буйругу менен. Кызын көз карегиндей сактоо тапшырмасын алышкан. Ичинде ары жүгүрүп, бери жүгүрүп Лунара атасын тосуп алууга даярдык көрүп жүрөт.
Кантип, кайдан жайдан, күп эткен доош чыгып, кайра эле бир заматта тып тынч боло түштү. Бир эмес эки жигит тең көрүнбөй калышты. Бирок муну Лунара бир ирет кулагы чалып, кайра өз ишин уланта берген.
Бир убакта тынбай кагылган эшиктин коңгуроосу Лунаранын оюн бузуп, ичинен атасы келди го деп кубана, шашылып барып ача койду.
Эшикти ачаар замат, жүзүнө бет кап кийишкен, килейген эки кишиге туш келди, жүзү апкаарый түштү.
— Салам Лунара.
Кайра эшикти шашылып жаба салууну ойлоду бирок болгон жок, колуна тийген нерсе менен ургулап, үй ичи заматта ит талаган тытындыдай чачыла түштү.
Канча аракет кылса да да кыд баласы эмеспи. Куурчактай кармаган экөөнүн бирөөсү оозуна ак чүпүрөктү жыттата койду. Лунара алы кетип барган сайын, өзүн жогото, уктап баратты.
— Кетүүбүз керек азыр Аскат келип калат.
Ары жактан үчөө төртөө даяр турган экен. Колуна куурчактай жеңил эле көтөргөн тигилердин бирөөсү кыздын унаага сала койуп, зуулдап жөнөп кетишти.
Чоң жолго чыккан убакта үстү башы чүмкөлгөн кара унаанын ичинен, терезесин ачып койо, акырын өзү тарапты карап алган тааныш жүздү, Аскат унаасында кетип баратып жазбай тааныды.
Кызына жетээрине аз калган. Бул өзүнүн душманы. Ошол -ошол бир күнү сени менен өэгөчө шартта учурашабыз деген сөзү Аскаттын кулагына жаңыра түштү.
Жүзү кубара түшкөн Аскат айдоочу менен жан сакчысына өгүздөу ачуулуу бакрып алды.
— Лунара.. Үйгө айда тезирээк айда!
Зуулдаган унаа, заматта жетип келди.
Ичинен шаша-буша түшкөн Аскат жүгүрүп үйү көздөй жөнөдү.
— Кызым, Лунара... Кызым кайдасын?
Көз алдында катарынан баарынын чекесине ок тийип сунала жаткан жан сакчыларын көрө, кызын ойлой жүрөгү оозуна кептеле түштү. Босогодон ары кире албай, эмне кылаар айласын билбей чөгөлөй отура кетти.
Үйдүн ичи чачылып, идиш -аяк буймдардын баары чачылып сынып жаткан. Полдун үстү кыпкызыл кан жайылган. Үстөл үстүндөгү даяр тамактары баары ордунда турган.
Кызынын каныбы, же башканынбы биле алган жок. Тек гана кире албай сыртка карай чыгып чөгөлөп отура кетти.
Муну түшүнгөн жан сакчысы дароо кирип кызды издеп жатты. Бирок кыз жок.
•••••*********
Түн өзүнүн өкүмүн сүрүп, адамдардын аягы суюлуп, ал турсун чооң шаардын ичи бир аз суздай түштү. Тирүүнүн баары уйкуда. Бирок бир гана кызыл точкалар менен белгиленген жерлерде адам соодасы кызуу жүрүүдө. Тим эле жаш кыздарды товар сыяктуу бирден алдыга чыгарып 'ич кийимчен, баарын текшеришип, тиш, ооз, баарын көз алеттен өткөрүп жаткан зөөкүрлөр. Эне сүтү оозунан кете элек кыздар каруу колдор 'ары -бери, түрткүлөп, туш тарабын сынай карап жаткан жырткычтар алдында, карышкыр алдында турган козудай титирешет. Көздөрүнөн жаштары мөлтүрөп ага түшөт. Ашыкча бир кадамга барышса, же үн чыгарып ыйлашса, ачуусу менен жанында турган сатуучу кыз, күрөктөй шапалагы менен жаткыза чабат. Коркуп үндөрү да чыкпайт.
— Кандай экен? Сага жактыбы? Болобу? Эми менден ыраазысынбы?
Рамистин атасы жойпулана карс -карс күлүп алды.
— Ананчы? Сени менен иштешкенди ошо үчүн жакшы көрөм да. Өтө честный иштейсин өз ишиңе таксын.
Тиги чет өлкөлүк да өз тилинде бир немелер деп болдурай колунда турган кол чемоданды ача, Рамистин атасына кармата койду.
— Хе -хе -хе дал ушул темп менен кетсек экөөбүз далай жолу иштешебиз бирге.
Көзү чанагынан чыгып кетүүчүдөй болуп чакчайа түшкөн Рамистин атасы кудуңдай чемодандагы акчаны өз жигиттерине өткөзүп бере салды да, тиги жактагы сатуучу кызга карап буйра сүйлөдү.
—Бул кыздардын баарын алып барып даярдагыл. Тек мынадан башка. Мунун көзүн тазалап салгыла эч ким көрбөсүн.
Тиги сатуучу мындайдын далайын көргөн да. Жалдыраган бир байкуш кызды жигиттерге түртө сала, акырын, өзү калган кыздарды алдына салып айдаган мал сыяктуу айдап жөнөдү.
Узундан узун болуп аягы тоого карай улашып кетчүү бийик тоонун үңкүрүндө адам баласы таппаган иши жок эмеспи? Ичи кадимкидей үй сыяктуу. Мунун баарын Рамис айтып берген. Эң кызыл точкасы атасы ушул жерде көп убакыт өткөрөөрүн айтып берген. Ары жагы ичимдик ичүү үчүн, эс алуучу атайын чет өлкөлүктөр үчүн жай курулган.
Амантурлар эки үч топко бөлүнүшө, бири бир точкага кетсе, экинчиси Динара баштаган топ, башка точкага кеткен. Үчүнчүсү дагы башка жагына. Эң маанилүүсү ушул Тинатин менен, Амантур баштаган топ, дал ушул Рамистин атасы отурган жерге келе жаткан.
— Жүрү дос, эми бир аз эс алалы. Тиги кыздарга буйру, денеңди бошотуп, массаж жасап беришсин бир жыргап эс алып кет.
Рамистин атасы тиги конокту колтуктай жойпулана ары көздөй басып кетишти.
— Тур ордуңдан! Болду үңүлдөп ыйлаба! Баары бир өлөсүн. Ошол үчүн айтканды жасаш керек эле. Сени ким издеп табаар эле болду кыл!
Бир аз сыртка алып чыгып, чачынан булка кармаган тиги зөөкүр, секелек кызга кыр көрсөтүү менен болуп туруп, Амантурлар ичкери кирип, жашынып турганын билген да жок.
— Байке -байке. Ырайым кылыңыз суранам байке.
Титиреген кыздын маңдайына тигини куралы такалган убакта кыздын акыркы үмүтү үзүлө түштү. Көзүнүн жашы мөлт эте жерге карай кулап, көзүн акыркы жолу жумуп алды.
— Өлөт деген ушул туура деди ичинен.
Терең дем алып ала көзүн жума туруп калды.
Бирок аркынын желкесине согулган катту соккудан улам күп эте кулап түштү.
Көэүн ача калган кыз алдында турган Амантурду көрө койо, чочуп кетти.
— Чущщ
Колун оозуна койо акырын белги берген Амантур кызды ары көздөй Тинатинге өткөрүп бере өэдөрү ары карай жылып баратты.
Амантур баштанган куралчан жигиттер ичкери карай кирип келгенде гана чоочуй дыркырай туш тарапта чачыраган тигилер же качууга үлгүрбөй ар жерде жашырынып жата калышты. Кээ бирлери курал да көтөрүшө, ок чыгарып да үлгүрүштү. Заматта кызы дебей эркеги дебей баары туш жерге жашырыныша, колго түшүп берип жатышты.
Арасынан миң издеген менен 'такыр Рамистин атасын таппай Амантур издөөгө түштү. Тэж ылдый көздөй качып кетип үлгүргөн экен. Жанындагы жан сакчысы кошо жандай, төмөн карай качып баратышты.
— Тура тур! Шашпа сени! Күнүң бүттү!
Амантур ичинен ушуларды кайталап алды да куралын октой мээлеп туруп 'курогун басып алды. Тиги экөө тең өлбөсө да жарадар болушту окшойт. Жанагы качып бараткан караандары жоголо' түштү.
Бир экөөсүнө буйрук бере, колго алуусун суранып, өзү болсо жанагы кулдукка сатылган кыздарды бошотуп жатышты.
Үчкө бөлүнгөн топ, баары бирдей убакытта ишке киришкен. Динара да баардык кыэдар куткарылганын айтып, кардарлар колго түшкөнүн айтты. Аркы үчүнчү топ дагы дал ушундай кабар менен сүйүнттү.
Заматта ыкчам топ, милиция кызматкерлери, тез жардам баары жетип келишип, жашыруун сырлардын баары ачыкка чыгып жатты. Рамистин атасын эчак эле өлгөн деп жалган документ жасап берген ишканалар, анын артында, Прокурор баары чекеден камакка алынууга, качып кутулгандарга изжөө салынууга буйрук берилди.
Амантур жөнөткөн тиги эки жигит жетип келе дагы күтүлбөгөн кабар менен таң калдыра, баары тиктеп туруп калышты.
— Аман мырза ал экөө качып үлгтргөн сыяктуу... Биз барган жерден таба албадык.
Тинатин элейе түштү.
— Эмне? Кандайча жок? Качып кетти дегени турасыңарбы?
— Жарадар болуптурбу жок дегенде мен өзүмө ишенем көзүм менен көрдүм. Экөөнү тең кулата аттым.
Амантур жаш баладай актанып алды.
— Ооба кандын издери бар экен. Бирок өздөрү жок.
— Аны бирөө жарым куткарып кеттиби эмне? Балким????
Кыздын элейе түшүп таң кала берген суроосун Амантур да коштой, ачуусу келе сүйлөнүп алды.
— Рамиссссс.... ??
Уландысы бар.
Салам достор. Мен көрүнбөй кеттимби дагы 🙂Түшүнүп жатканыңыздар үчүн баарыңыздарга ыразычылык. Ар- бир сиздердин жылуу 'айткан кеп, кеңешиңиздержи окуп чыктым. Баарыңыздарга тере ырааэымын. Мени түшүнүп, менин сынсп кетпешиме жакшы сөз менен колдоо билдирип жатканыңыздарга рахмат айтам. Азыркы абалдан буйруса чыгып кетебиз. Жашообуз алдыда. Баары жакшы болот. Менин ошончо сүйүктүү окурмандарым бар экенине каттуу кубандым. Сайт аркылуу болсо да тааныш болуп калганыбызга аябай кубандым. Баары жакшы болот.
Чыгарма буйруса бир, эки эле бөлүгү калды окшойт. Бүтөт деп койом, же бүтпөйт😊жаза албай калып кеттим. Эчак бүтүүсү керек эле негизи.
Баарыңыздарды жакшы көрөм. Комменттен сырдашабыз 😊💋
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 70