Жашоо ушундай тура. Бирөөнө оор сыноо берип, өмүр бою аэаптаса, кээ бирлерине жыргал жашоону тартуулап, төрөлгөндөн, көргө чейин ханышын тагдырындай тагдырды белек кылып берет экен. Кайдадыр бир адамдар оор сыноо баштарына түшүп, ата -энесине жетпей, мээримге зар жетим, жесирлер болсо, дал эле ошол энени сыйлоодон калып, бүжүрөйгөн карыган жалгыз энесин таштандыга таштап, кор болгон жашоо. Эртең эмне болоорубузду билбеген жалган өмүрдө, курук доомат, жалган-жалаа, жамандыктын баарын атаандашып жасап да, жашап да жаткан учурубуз. Ооздо турган оңой сөздү да, бирөөгө ырайым кылдырбаган заман. Биздин доордун адамдары кудум эле биз бала кезде көргөн кино тасмасындай коркунучтуу каармандар. Өзгөлөр өлүп кетсин, өзүм болсом болду деген мезгилдин каардуу жылдарында жашоо сүрүүдөбүз. Ар -бир адам өзү үчүн күрөшөт. Ошолордун арасында элге жардам бере койом деп калптын баарын кашайта сүйлөп,элди тоноп, жолго салган, билеги күчтүү бийик жактын бир чөндөлөйлөрү келип үстөмд к кылганычы??? Мына ошолорду тыйуу максаты.
Амантурдун максаты ушул. Баары бир түбү келип, өзүн-өзү актап чыгаарына ишенет. Кылган жакшылыктарына Кудайга шүгүр айтып, кээде ашыкча таш боорлугу үчүн, кызынан кечирим сураганы сураган.
Азыр эми дал ошол кызы сыяктуу жаш өспүрүмдөрдү куткаруу мойнунда турат. Керт басып, менин ишим эмес деп, басып да кете да албайт. Амантурду бул чөйрөгө каза болгон кызы аркылуу аркылуу себеп кылып, Кудайым ошончо эне сүтү ооздон кете элек наристелерди куткарсын деп жетелеп келгендей.
Алдыда таштай турган кадамдар аябай эле опурталдуу, ары коркунучтуу. Бир жаза басып тайысаң бүттү. Түбү жок туңгуюкка түшүп кетээриң анык. Анда эгер аман калса, өмүр бою өзүн жемелеп өтүүсүн да жакшы билет.
Эртеңки жасалуучу кадамдар Амантур үчүн аябагандай маанилүү. Кеткенине бир кыйла болгон менен, Тинатинден мамилени үзгөн жок. Байланыш аркылуу ар- бир душман жасап жаткан иштерин жеткизип турду. Ал тургай, Динара да бул ишке жашыруун аралашып, эми үчөө болуп бирге кызмат алып барып жатышты. Динаранын кызматы адам соодалоочу жайлардын баарын издеп таап, Амантур айткан күнү дал ошол жерден кылмыштын жүзүн ачып, кыздарды куткаруу тапшырмасы жүктөлгөн. Бул учурда Тинатин да жөн отурган жок. Баардык жасалган кылмыштарын, ал тургай атасы менен болгон баардык байланыштарын, кимдерге, ошол убакта кандай жумуш боюнча атасына каршы иш жасаганын тактап жүрдү.
Атасынын акыркы сөзү эсине түштү.
— Мен эч кимге андай жамандык кылбадым кыэым. Мага ишен. Ким эмне десе да, бирок менин айлам жок. Бул нерсени качан бой жетилгенде билип аласын. Мен атамын, сен үчүн, апакең үчүн, үй бүлөм үчүн өзүмдү курмандыка чалуум, мен үчүн уят иш эмес. Менин таза экенимди сен да, апаң да, эң башкысы Кудай билет. Күчүм жетпеген нерселерге аралашып алганымды кеч билдим.
Атасынын ушул сөздөрү азыр иш бөлмөсүндө ойлуу отурган Тинатиндин көздөрүнө жаш келтире, кулагына жаңырып турду.
— Амантурдун да тагдыры дал ушундай, атасынын тагдырына окшошуп турбайбы. Көрсө бул киши бул'жаатта бирөөгө жалаа жаап, каматкан боюнча тажрыйбасы мол тура.
Ушуларды ойлой отурган Тинатин ордунан тура, ары -бери ойлонуп басяп алды.
***********
Таң атпай уйкудан ойгонгон Лунара жүзү бетин жууп жуубай сыртка чыга, атасынын кол астындагы кызматта турган жигиттердин бирөөсүн чакыра койду.
— Ой жигит, мында келиңиз? Болуңуз батыраак.
Тиги жигит да шыпылдай кызды карай басып келе, башын ийип тура калды.
— Бизге кызмат барбы бийкеч?
— Ооба бар. Муну көтөрүп алып барып, унаага салыңыз. Абайлаңыз ичинде сына турган нерселер бар.
Колу менен кезеп көрсөтө, алдыда жаткан чоң картон кагазда салынган буюмдарын көрсөтө, өзү акырын унаага карай барып ичине отура кетти.
Шыпылдаган жигиттер эмне болуп жатканын билбей турушса да, бирок кыздын айтуусу боюнча баардык жүгүнүн баарын жыйып ала, эки унаа менен даяр болуша, кайда барабыз дегендей буйрук күтүп туруп калышты.
— Үйгө. Өзүмдүн жаңы үйүмө көчөбүз.
Колунда кечээги эле атасы карматкан ачкычты бир карап алып, бекем кысып ала, терең дем алып алды.
Зуулдаган унаалар биринен -бири калбай ээрчише айдап жөнөдү. Шаар ичин аралай, баратып, бат эле жаңы конушуна да жете келди.
Алдыда тукумдай аппак болгон кооз, хан сарайдай болгон кенен үй Лунаранын келгенине кубанган сыяктуу, ээсиз ээнсиребей тосуп турган.
Ушул үйдөн жаңы бакыт, жаңы жашоо курууну ойлогон Лунара босогодон аттай албай узаакка тигилип да алды.
— Мындан кийин менин жашоом ушул жерде өтөт. Ооба деп накта сөз бере албасам дагы, мен эми бул жерде ыйлабай, сынбай жашоого, күчтүү болууга аракет кылам.
Ушундай нерселерди ойлой, өзү менен өзү сүйлөшүп алды.
Албетте... Өгөй энени унутуп коймок беле? Анын кечээги каардуу жүзүн эстегенде денеси титирей түштү.
— Албетте ансыз болмок беле?...
Өзүнө -өзүнө жылмайып алып, кадам таштай босогодон ары кирип кетти.
Буюмдарын, орду-ордуна койуп, тизип жатты. Үй ичинде өзүнө керектүү эмне болсо, баары бар болсо деле 'өзүнүн эстеликке калган буюмдарын ыргытып жиберүүнү ойлобой турган.
Кооз сүрөттөрүн бирден илип да чыкты. Айтор өзү билгендей кенен үйдү жасап жатты.
Атасына кабар да берген жок.
Бир канча убакыттан кийин,жасап бүткөн соң,жакшы жаңылыгы менен бөлүшүү үчүн, Амирге коңгуроо кыла койду.
Дароо телефонду көтөргөн Амирдин үнү чыкты ары жактан. Кыз бир аз сүрдөй түштүбү же эмне... Айтор биринчи сөзү ушул болду.
— Мен кайтып келдим. Мен жасадым.
Амир бир азга түшүнбөй калган сыяктуу унчукпай туруп калды.
— Айтайын дегеним ушул... Мен атамдын сунушун кабыл алып, ошол үйгө кайтып келдим.
Кыз жылмайып, кубанычтуу экени сүйлөгөн сөзүнөн да билинип турган. Амир да кубанганын жашыра алган жок.
— Оо эмне деген жакшы кабар? Кандай сонун. Азамат кызсында, акылдуум.
Жаңы үйлүү болушуң менен куттуктайм.
— Чоң рахмат. Сиздин кеңешиңиз мага жол көрсөттү деп ойлойм. Атамды ашыкча'эле таарынта бергим келген жок. Мен жолукпайм көрүшпөйм деп койгонума таарынып калган сыяктуу...
— Эгер азыр, кайра ойлонуп кайтканыңды билсе албетте кубанат атаң да. Аны кечиргениңди айт жолугуп ата -бала болуп сырдашууга аракет кыл.
Амир болгон кеңешин айтып, кызды атасы менен жакшы маанайда жолуктурууну көздөп жатты. Баары курусун, тек гана ушул кыздын күлкүсү үчүн, душманын да кечирип жатканына өзүнө өзү таң кала түштү.
— Бүгүн бошой аласынбы? Эгер мүмкүн болсо, сенин кубанычыңа шерик болуп келсем болот бекен?
Сени кооз тамактануучу жайга алып барайын.
— Маакул. Ансыз деле ишим жок азыр бекермин.
Лунара дароо макул боло салды. Экөө келишип, бир аздан соң кыз кооз кийимдерин кийип, Амирди көздөй жөнөп баратты.
************
— Маам... Маам... Менин кечээги алып келген көйнөгүмдү көргөн жокмузбу? Кайда калып кеткен билбейм.
— Билбейм Емили кара үстүнү, кызматчы кыэдан сура.
Емилиге жооп кыла кыска, ары ойлуу апасынын үнү угулду.
— Мен бүгүн бир аз кечирээк келем ээ? Жаңы ачылып жаткан дүкөнүбүзгө ала турган дагы бир топ жаңы үлгүдөгү кийимдер топтомун алып келдик. Аларды көрүп чыгуум керек. Андан соң бир жерге өтүп келүүм керек.
— Кайда? Бир жериң эле бүтпөй койду сен кыздын. Түз үйгө кайтса болбойбу?
Апасынын акыркы убактары эмнегежир маанайы суз. Эмнелер болуп жатат эч уим түшүнбөйт.
— Мам... Мени эмне кылмак элеңиз анан? Эмнеге маанайыңыз жок такыр? Бир нерсе болдубу?
Емили үстүңкү кабаттан көйнөгүн кийип түшө кабагы түйүлүп отурган апасын карап алды.
— Акыркы убакта ушундай маанайда көп көрчүү болдум сизди. Баары жакшыбы?
Емилинин суроосу эми гана жеткендей ойлуу отурган апасы кайра өзүн түздөй акырын, шалтоо таап оңдоп кетти.
— Бул өлкөнүн абасы мага жакпай жатат окшойт. Ден соолугум бир аз оорлошуп кетти. Ошол эле башка эч нерсе жок. Сен бара бер, болгону эртерээк келүүгө аракет кыл. Башыбыздан өткөн окуялар жакшы билесин, кыжалат болом кыэым.
— Ой менин жаным мамусям да. Маакул. Сиз айткандай болот. Болбосо мени мн жүрүңүз апа, көңүлүңүз ачып келесиз
Бирок буга апасы көнгөн жок. Тек гана өзү жалгыз калуусун айтып, кызын узатып жиберди.
Сыртка чыгып унаасына отурган Емили, дароо эле айдоочуга Амирдин иш канасы көздөй айдоонун буйруду. Ичинен кудуңдап кубанып да алган. Эмнеге анча кубанычтуу чзү да билбейт. Оюнда бир гана жигитти көрүү максаты. Жүрөгү элеп-желеп боло, жетүүгө ашыгат. Колуна кечээ Амирге деп алган белегин бир карап алып, колуна бекем кысып алды.
********
Амир да иш жайынан чыгып, Лунара айткан жерге жетүүнү көздөй унаасына отурду. Жанындагы жан сакчысы, ал тургай кызга жаккан гүлдөн бери алып даярдап койгон.
Гүлүн колуна кармай, унаасына отура кеткен Амирди эми эле жетип келген Емили көрө койду.
Колунда гүл. Таптаза, чыкыйа кийинип, чачын артка тарай өзүнө көңүл да бурбастан кеткен Амирге карай бир аз таң кала түштү.
—Артынан айда!
Унаага отура, дароо буйрук берди. Акырын жылган унаа, Амирдин артынан калбай күзөтүп баратты.
Айтылган жерге жеткен Амир унаасынан түшүп, эшик алдында кимдир бирөөнү күткөндөй тура калды. Баарын көрүп турган Емили да жөн калган жок. Ичинен кызганычы кайнап чыкты. Кимгедир жолугаарын билип турду. Унаасынан шарт түшө келген Емили ачуусу келе, Амир турган тарапты көздөй басты.
—Саламатсызбы? Ой кандай учурашуу болду?... Бул жерде эмне кылып жүрөсүз?
Емили калп жылмайып ала,жайдары басып, Амирге учурашып алды.
—Ой Емили бул жерде эмне кылып жүрөсүн? Кандайсын өзүң? Баары жакшыбы?
Амир да кызга жылуу учураша койду.
— Ооба рахмат баары жакшы менде. Өтүп баратканмын мындан сиздин турганыңызды көрүп калып келгеним... Бирөөнү күтүп жатасызбы?
Амирдин колундагы кызыл роза гүлдөрүнө суктана карап алган Емили билмейинче тынчы кеткен сыяктуу, дагы суроо берди.
— Ообаа... Бирөөнү күтүп жатканмын.
— Амир саламатсызбы? Көпкө күттүрүп койбодум бекен?
Ары жактан чыккан Лунаранын үнү экөөнү тең таң калтыра, Емилинин көзү чанагынан чыгып кетүүчүдөй чакчая тиктеп алды.
Өзү карай кубанычтуу жылмайып келе жаткан кызды көргөн Амир кантип жымыйа түшкөнүн өзү да билбейт.
— Жоок күткөнүм деле жок. Кыжалат болбо.
Амир эки кыздын ортосунда ыңгайсыздана түштү.
—Аа бош эмес белеңиз же? Мен...
Лунара Емилини бир карап алып, Амирге сүйлөп баратып токтоп калды.
—Жок-жок. Мен сени күтүп отурам. Кыжалат болуп, андай ойлобо. Бул сага.
—Макул мен бара койойун дагы байланышаарбыз ээ???
Емили айласыздан ыңгайсыздана түшүп, артына шарт бурула кетип баратты.
—Ай иий кандай кооз гүлдөр болбосо сизге рахмат гүл үчүн.
Лунара Емилини узата бир карап алды да, Амирге жылмайып койуп, жигитти колтуктай ичкери көздөй кирип кетти.
Емили ким экенин, кимдин кызы экенин, баарынан маалыматы бар Лунара баарына атайын жасап жаткан. Оюнда бүт нерсесин тартып алууну көздөп турду. Атасын да, жигитти да. Алдыларына койулган чооң тосук болмокчу болду. Өзү үчүн күрөшүүнү ойлоду. Алдыда дагы ойлоп койгон пландары көп эле.
***********
Бөлмөсүндө жалгыз отурган Сезимдин эшигинин коңгуроосу басылды.
Түнү бир убакыт болсо, ким келмек эле?
Ордунан туруп акырын эшик тарапка жакындады. Ушуну эле күтүп тургандай, сырттан Амантурдун үнү угулду.
— Бул мен Сезим
Сезим эшикти дароо ача салды. Көргөн көзүнө ишене албай, босого оозунда өзүн карап турган жигитти саамга карап турду.
— Кандайсын?
Амантурдун берген суроосу ушул болду.
Кыздан жооп жоп. Сыягы ушунча убакыт күттүргөнүнө капалуудай эле.
— Сүйлөшүп алсак болобу? Мүмкүн болсо. Үйүңө киргизесинби?
Алдында өзүн күнөөлүүдөй сезип күңк эткен Амантурду ичкери киргизбешке арга да жок эле. Акырын босогодон өзү алы жыла, жигит үй ичине кирип келди.
— Менден капалуусун билем. Сага көңүл бура албай калып жатканыма каттуу уялып турамын. Мени кечирчи.
Ары көздөй басып бараткан кыздын колунан кармай токтотту.
Сезим үн каткан жок. Тек гана тиктеп тура берди.
— Мен сени бул иш бүтмөйүнчө алыстатып турайын дедим. Анткени, өзүң билесин го... Мен сени жоготуудан корком, Тинатиндин башына түшкөндөр сага да кайталанып, менин айымдан азап тартууңду каалабайм ошол үчүн. Ал дегени сени унуттум дегени эмес. Сени бир да жолу эсимден чыгарган болсом Асманды башыма таштап жиберсинчи Кудай.
Амантур жалооруй кызга карап, өзүн актоо үчүн сүйлөй берди.
— Чай ичесизби?
Сезим акырын жылмайа Амантурду карады. Амантур бул сөздү жакшы түшүнөт. Ар дайым кечирген убагында ушундай сөз айтат. Амантур кубана түштү.
— Албетте! Ичем.
Бутун чечип ичкери бөлмөнү көздөй кирип кетишти.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 81
БИЗ ДАГЫ СЕНИ ЖАКШЫ КОРОБУЗ