Билбейм эмнеге.... Бирок акырындык менен үй бүлөм урап бара жаткан сыяктуу. Буга кимди күнөөлөштү да билбей, тек кана өзүмдөн күнөө издеп отурган абалым. Жан дүйнөм сыздады. Аябай каттуу өкүндүм. Биринчи жолу ушунчалык каттуу сени жек көрдүм. Сени жолуктурган тагдырыма нааразы болдум. Мейли эле мени жаман көрө берчи. Мени уруша бер, каалагандай тилдей бер. Бирок, бирок менин баламдын кайсыл күнөөсү бар эле? Жалгыз тишимдин кирин соруп, чоңойткон жарыгымды көз көрүнөө жээрип жатканыңа, бөлүп жатканыңа ичим ачышты.
Тагдыр мени каттуу сынга кабылтты. 17-жаш кезимде артымдан калбай, эч кимди укпай, ала качкан баламдын атасын күнөөлөймбү? Же мени жалынып ыйлаганыма карабай отургузуп кеткен үй бүлөмдүбү?
Балам төрөлгөн соң карабай, же иштебей, суукта карайлаган кышта эки айлык балам менен жалгыз калганымда, ажырашууга бел байлагам. Ичкенин,же иштебей,үй бүлө менен иши жок,же бала менен иши жок ичип келип, кол көтөргөнүнө да чыдадым.
Андан соң деле жадынып кечирим сурап келсе, балам өз атасы менен болсунчу, ушунун баласы деп тырышып жашоого далай умтулдум. Ал тургай ээрчитип иштеп келүүнү да ойлодук. Бирок убагында айылдан чыкпай, артымдан калбай көлөкөдөй ээрчиген эркек, толтура аялдарга мени алмашкан соң, анысы деле мейличи, жок дегенде өз баласын карабай таштап кеткен соң, ажырашып, баламды алып кеткен элем. Ошол кезде мен болгону 20- гана жашта элем. Иштедим. Апам менен бирге баламды өстүрүп чоңойттум. Үч жашынан эпилепсия оорусуна кабылдык. Баарын жасадык балам үчүн. Дале оорусу үчүн колубуздан келгенин жасап жүрөбүз.
Андан бери балам сегиз жашка чыкканда мен сени жолуктурдум. Ооба үйлөнбөгөн жигитсин. Мен да үй бүлөлүк абалымды айттым. Чыгармачыл жан экенимди айттым, сен болсо баарын уктуң, түшүндүң. Башында биз экөөбүз жөн гана тааныш болсок, кийинчерээк мага көңүл билдирип жактырып жүргөнүңдү айттың. Бирок менин абалымды билчүүсүн. Баламдан алыс жүрбөгөн жан экенимди билчүүсүн. Убакыттар өттү. Үйлөнөмгө түштүң. Мен каршы болдум. Баарын айттым, баламды таштабасымды эч кайда, үйлөнбөгөн бойдок жигит экениңди, ата -эгең кабылдай албастыгын да билдим. Ошол себептен каршы да болдум.
Бирок сен өз оюңдан кайтканың жок. Мага толтура сөз бердиң. Ээрчип жүрүп акыры мени да өзүңө көндүрдүң. Мен сенин мыкты,чечкиндү инсан экендигиңе баа бердим. Балким ушул инсан менин бактымдыр деп ойлодум.
Кыз баланын тагдыры ушул экен. Турмуштан ажырасаң да аял күнөөлүү, чыкпай жүрсөң даАял күнөөлүү. Ачык эле сөз өзүңдүн айлана тегерегиндеги жандардын уудай ушак сөздөрү жаныма батты. Ал тургай намысыма тийип чооң-чооң кишилерден өйдө мени аялдыкка алууга чыгышты. Эмне мынча жексур болуп кетишкенби? Баары эмес. Сенин сөздөрүңө ишендим. Ишенгим келди. Балам жанымда болсо, кабыл ала -алсаң мейли, мен дагы өз бактым үчүн күрөшүп көрүүнү чечтим. Ушул менин эң-чоң катам беле турмушта
😪😪 Сага турмушка чыкканы өзгөрдүң. Балам да апамда калды. Анда -санда да эмес, жарым жылда бир көрөм. Жакын туруп. Мейли турмуш, чыдаш керек дедим өз -өзүмө. Турмушка чыккандан он эки күндөн кийин менин балам бар экениңди агаң билип, мени менен саламдашпай койгонго өттү. Сен таптаза жигитсин, а мен, мен бир байкуш келинмин да.Мен силердин теңиңер эмес экенимди ачык эле көрсөтүп жаткандай мамиле кылдыңар. 😪сен мага баарына айттым деген элең. Апакем менен, атабызды сүйлөштүргөн учурда баарын билет, келин экениңди, балаң бар экенин билет дегенсиңер. Жок бирок эч ким билбейт экен. Атаң менен эжең гана билбесе, апакеңдин менин алдыма келип, « — сен эмнеге келинди алып бердиң, сен баарын жасадың деп мени улуу агаң урушту » деп ыйлаганда билдим. Апаң да эч нерсе билбейт экен эле.
Буга да мени күнөөлөштү. Тек кана мен, сенин башсңды айлантып тийип алгандай мамиле жасадыңар. Урушубуз ырбады. Баарына чыдадым. Мурункудай сыйыбыз калбай, мен сен үчүн жөн гана бир оюнчуктай мамиле кылып калдың. Эмнеге? Кимге айтаарымды билбейм. Барып -барып колуң тийип үйрөндүң. Мен бактымды ушул үчүн сага байладым беле? Эми болгону каникулга он күнгө келген баламды жек көргөнүңдү көрүп, менин чыдадым түгөнүп кетти.
Мейли мени кемсинт, уруш, сабадың баарына чыдадым. Бирок мен эч качан балама өгөйлөп караган көздөргө чыдай албагам. Балада эмне күнөө??? 😭😭Атасында күнөө карабай кеткен, менде күнөө болушунча жакшы мамиле бере албай жаткан. Бирок баламда күнөө жок го. Мынчалык таш боор болбогулачы.
Экөөбүз ажырашууну чечтим. Тагыраагы сенден кетүүнү. Андай десем, экинчи жолу да турмуштан ажырадыңбы дегендей сөздө калып уят болосун деп мыскылдадың
. Айткылачы жакшылар, мен тандаган жол эмне туура эмеспи? Кээде кайра-кайра ойлоном. Мен эле бир туура эмес иш жасап жатамбы деп? Мен ушул инсандын баркын билбей жатамбы деп ойлоном. Бирок мага колу тийсе, сөзү тийсе, ал тургай балама ушундай мамиле кылса менин кетип! Жатканым туура эмеспи?... Биз баланы эмнеге төрөйбүз? Эркек үчүн таштап салуубуз керекпи эмне? Алардын кайсыл күнөөсү? Мен элдин сөзүнөн коркушум керекпи достор? Жашоом кыл үстүндө турат. Менин кылгандарым туура эмеспи? Эгер ошол баламдын атасы эле баласына бир аз мээримдүү болгондочу, мен ажырашпай тырмышып жашамакмын. 😪Бирок баласы комага түшүп калган учурда больницага кадам басып келип койбогон эркектен мен эмнени күтүү м керек эле
Менин бакыт издеп экинчи жолу турмуш курганым күнөөмбү? Мен кандай жол тутсам болот достор? Мен баламды мээрим берип эрезеге жеткирип, окутуп, өз башы менен, кесиби менен мээнет кыла тургандай даражага жеткизип андан соң тиргилигиңди жаса деп кетиргим келет. А мен азыр анда санда бир каникулда келсе үйгө, анан бул кабак кашын бүркөсө жаман эле болот экенсин. Жашоодо эң чоң коркконум ушул болчуу. Ошол үчүн да балам чоңойгончо турмуш курууну деле ойлонбогон элем. Кыздардын тагдыры негизи эле мынчалык оор болбосо. Азыр мен ажырашам дегним үчүн, эң бир жаман келинге айланып жатам😪😪😪
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 37
Же элдин созун уруп да ойнобой баланс мээрим берип