Таң атпай оорукананын ичи ызы- чуу боло түштү. Мунун баарын өз бөлмөсүндө отурган Сезим түндөгү болгон окуяга байланыштырып, ичинен сезип жатты.
— Азыр сурашса эмне деп жооп берем? Өзүңдү бас! Өзүңө кел! Билдирип койбооң керек!
Өзүн-өзү ушундай алаксытып бир аз, ары -бери басып, андан соң акырын сыртка чыкты.
Милиция кызматкерлери келип, дал жанагы эки оорукананын күзөтчүсүнөн көрсөтмө алып жатышкан.
— Мен өң келбетин байкай алганым жок! Болгону узун бойлуу капкара бирөө болчу. Башыма оор тийген соккудан улам жыгылыпмын өзүмдү билбей.
Дарыгер ороп, ак чүпүрөк менен таңып жаткан башын кармай, өзүн күнөөлүү санаган бирөөсү күңк этти.
— Эмне болуп жатат мында?
Сезим ооз учунан жанатан ары жакта отурган Динарадан баарын билип турса да сурап жиберди.
— Кечээги кыздын жансыз денеси жоголуптур.
— Эмне? Кандайча жок?
Сезим аң -таң болумуш этип , чоочугандай түр менен оозун жаба салды.
— Билбейм ошол. Кимдир бирөө түн жарымында кирип алып чыгып кетиптир. Ал кыздын денеси кимге керек болду экен?
—Түн жарымында биз уктап жаткан убактабы? Шумдугуң кур... Бул эмнеси?
—Ооба дал ошондой болуптур. Тиги экөөнүн эсин оодара чаап эми ойгонуп жүрүшөт. Камералар да өчүп калган кесиптешим өзү келип сурак алып жүрөт.
Динара башы менен ымдай, кесиптешин көрсөтө койду.
— Жакында Жалал-Абаддан которулгам дейт... Каза болгон кызды да, дал өзү кайтарып отурган. Көпчүлүктүн сөзүнө ишенсек, ишин мыкты аткарган жигит деп макташат. Азырча билбейм дагы.
Динара көзүн кесиптешинен ала - албай,шектүү карап ,ойлуу отура кетти.
Сезим да бир карап алып,дене бою титирей, алдында турган жигит тууралуу Амантурдун айткандары эсине түштү.
— « Кызымды эшиги алдында кайтарууга койгон күзөтчү жигит өзү тамырына дары куйганын айтып берди. Эми кантип,кимге ишенмек элем анан » ?
Амантурдун сөздөрү кулагына жаңыра ,ары жакта өз алдынча эки кайтаруучу жигиттерден,калган дарыгерлерден өзүнчө сурак алып жүргөн жигитти бир саамга карап, наристе кыздын жаны кыйналып,ооруп турганын эсине келтирип,ачуусу жүзүнө чыгып , колдон келсе азыр барып чапчып алгысы келди.
Бирок бул көз караштар жигиттин багыты өзү тарапка бурула бергенде,коркууга айлана түшүп,көздөрүн ала качты.
— Кутман таң айымдар?!
Жай баракат басып келе,Сезим менен Динарага карап ,салам берди жигит.
— Кутман таң!
Динара көңүлсүз жооп бере,азыр эмне тууралуу суроолор болоорун сезип тургандай.
— Кечинде болуп өткөн окуяга байланычтуу маалымат топтоп жүрөбүз . Эч ким, эч нерсе көргөн, байкаган жок бекен?
Эки кызды сынай карап, арасында Сезимге көзү тигиле түштү. Мунун баарын байкаган Сезим мукактана жооп таба-албай бир азга кыйнала,
— Жок! Биз жайыбызда элек, өз бөлмөбүздө. Мен мисалы бул бөлмөдө. Кыздын жанында, башкалар башка бөлмөдө. Сыртта эки килейген күзөтчүлөр бар.
Динара көңүлсүз жооп бере койду.
— А сизчи айым? Эч кандай, эч нерсе байкап билгениңиз жокпу?
Жигит атайын кытмыр көз караш менен карай,Сезимге суроо бере, ар -бир сөзүнөн, кыймылынан Сезимдин алда нени бекитип, айтпай жатканын сезип койду.
— Ж- жоок! Мен бул кабинетимде болгонмун. Бирок эч кандай дыбыш, же башка угулган деле жок!
Сезимдин мукактана түшкөнүнөн улам, жигит кайра суроо берди.
— Саат канчаларда уктадыңыз?
— Негизи эч кандай бей- тап, оорулуу келбесе он экиден өтүп бир аз эс алабыз. Ошондой учурда эс алганым бар өз бөлмөмдө.
Сезим өзүн сынай караган жигиттен эптеп кутулуунун амалын ойлой, сүйлөп жиберди.
— Мейлиңиздер айымдар? Чоң рахмат, ийгилик ишиңиздерге.
Калп жылмайып, ары көздөй басып кеткен жигитти узата караган Динара жүзүнө дароо жек көрүү орной түшүп, ичинен бир сырың бар деп ойлонуп алды.
— Өөх кутулдум окшойт.
Сезим да терең дем ала- түштү да, кайра өз бөлмөсүнө кире, иш кагаздарына үңүлө отура кетти.
Бирок ички туюму бир жамандыкты сезгендей, жаны тынчтана - албай, Амантурдун сөздөрү кайра-кайра эсине түшүп, кулагына жаңырып тура берди.
— Эгер мен тууралуу билип калса, Амантурду билгеним үчүн, айтпай жашырганым үчүн... Периштедей кызды аябаган жаны, мени кантип жөн коймок эле? Же Тинатинге айтсамбы?...
Туш тараптан ойлор жеп жатты. Башы чыңалып ооруп да чыкты. Азыр бир аз убакыт болсо, үйүнө кетет. Барып эс алат. Канча күндөн бери жакшыраак тамак жегени да эсинде жок. Акыркы болгон коркунучтуу кабарлар өзүнүн башынан өтүп жатканына, ушунча нерсеге чыдап, түтүп жатканына өзүнө -өзү таң калып алды.
*********
Телефонуна келген Борбордогу кесиптешинен өтүнүп суранган кабарлар, биринин артынан, бири түшүп, жанатан ойлуу отурган Динараны ойдон алаксытты.
— Аа сен...
Телефонуна үңүлө карап, шаша -буша ачып жиберип, көргөн көздөрүнө ишене албай, ичиндеги алтынчы туюму туура сезип жатканын дагы бир далилдеп алды.
— Бул жигиттин аты -жөнү такыр башка. Жалал-Абад шаарынын мекемесинде андай кызматкер болгон, бирок ал жигит белгисиз себептерден улам 2021-жылы каза болуп калган. Ошол менен такталган эмес. Сен айтып жаткан жигит, дал ошол адамдын ысымы менен жүргөнү такталды... Сен дагы мен ойлоп турган нерсени ойлоп жатканыңа ишенимдүүмүн...
Демек бул жигиттин өзүнүн аты жөнүн тактоого дагы бир аз убакыт кетет. Өзү тууралуу маалыматтар дээрлик жокко эсе экен. Кудум эле кара көлөкө сыяктуу. Муну эч ким атын жашырып жүргөнүн, билишпесе да керек.
Борбордогу кесиптешинен дал ушундай кабарлар келип түшкөн.
— Өзүм да сезген элем! Сенде бир иш бар экенин сезип жүргөнмүн.
Динара өзүнчө сүйлөп алды.
Ден соолугу жакшырып бара жаткан кыз күндөн күнгө абалы жакшыланып, өзүн бир аз коопсуз сезип баштады. Өзүнө келе, сөз сүйлөөгө абалы жарап калган. Жанатан көзүн ачып, бир кыйлага жаткан соң, бөлмөсүнө баш баккан Динарага карай жылмайып алды.
— Сизби? Келиңиз...
— Кандай болуп калдың, абалың кандай? Бутуң бир аз айыгып баштадыбы, оорубай калдыбы?
Динара өз кызындай камкордук көрсөтө жылмая суроо берди.
— Бир аз жакшымын. Бутумдун оорусу да басаңдап калыптыр. Рахмат сизге. Сиз болбосоңуз... Сөзүн арт жагын улай- албай, ошол күнкү көрүнүш кадимки түш сыяктуу көз алдына токой аралай качканы элестей, денеси чыйрыга түштү.
— Атың ким эле?
— Атым Мээрим
— Мээрим... Керемет атың бар экен. Мындай кылалычы Мээрим?! Сен азыр мага ошол күнү эмне болгонун баарын айтып бере аласынбы? Кантип ал жакка түшүп калдың? Кимдер алып барды?
Динара Мээримдин колдорунан аяр кармай, сөзүнө көңүл бөлө, отуруп калды. Мынтип өзү иш баштабаса болбос!
— Мен өзүм чоң эс алуучу жайлардын биринде иштечүүмүн. Эс алуучу жайда тейлөөчү элем. Ошол күнү бир жигит келди, жана ал менден үстөлүнө ичимдик алып, барып беришимди сурады. Мен айтканын жасап алып барып, өз ишим менен алек болуп жүрдүм.
Жумуш аяктаган соң, жумуштан чыгып бараткан өзүнүн алдын торой, токтогон чоң кара унаадан түшкөн жигит , башына мүшөк кийгизе салып кеткенин эстеп алды.
—Ал мени иштен чыгып баратканда уурдап,башыма мешок кийгизе кайдадыр алып жөнөдү. Кийин Жер төлө сыяктуу, бир жерге алып барып камап койушту. Ал жакта мен курактуу төрт беш кыз бар эле. Баары уурдалган кыздар.
Алар бизди кайдадыр кызмат көрсөтүү үчүн алып кетишмек... Оюмча чет мамлекетке деп сакташты.
Жер төлө ичинде он күндөй жаттык. Кийин жанагы, мени уурдаган жигит мени сойкулук кызматка мажбур кылды.
Андан аркысын айта албай, көзүнөн жашы тамып кетти.
Ал мени каалашынча кордоду. Өздөрүнө каршы болуп ыйлаган кыздардын экөөнү тең, кой мууздагандай мууздап салышты. Биз айла жок алардын айтканын кылуубуз керек болду.
Кыз баарын, кайра башынан өткөргөнүн кыйналып, көзүнүн жашы көл болуп жатса да, токтогон жок. Тескерисинче көз алдына элестетип айтып бере- берди. Динара да сөзүн бөлгөн жок.
Бир күнү чоң унаага беш кызды салып кайдадыр кетишти. Андан кийин бизди алып кетишмек. Мен жигитке дааратканага чыгуумду айттым. Сыртка чыкканымда гана, мен капкараңгы токой ичинде экенимди билдим. Анын жер төлөсү дал ошол токой ичинде экен.
Ал мени, мен анын көзүнчө заара ушатуумду, ал мени тиктеп тураарын айтты. Бирок адатына салып мени дагы кордоду.
Дал ошол учурдан пайдалана, өлсөм да мейли деп,жанымдын оорусуна чыдабай,бутундагы канжарын сууруп ала бутуна сайып алууга үлгүрдүм. ( ал дайыма канжарын өтүгүнү ичине салып алчуу) Андан соң качып кеттим.
Кийинки унаа келе электе мен качып үлгүрдүм. Азыр кыздар кайда экенин биле албайм. Ал эки жигитти да эбак эле жок кылышса керек. Анткени алар эч кимге билдиришпей, ката кылууларына жол койбойт экен. Мен ушул сөздөрдү уктум. Менин эсиме келгенимди билишсе көзүмдү тазалоого аракет көрүшөт. Менин бараар жерим жок! Алар мени оңой эле таап алуулары анык.
Кыз коркконунан Динаранын колдорун бекем кармап, жалдырай тиктеди.
— Коркпо! Коркпо баары жакшы болот! Мен сени өзүм коргойм! Сен булардын баарын эч кимге айтпа ! Анткени келип түрлүү адамдар сурашы мүмкүн, тек гана эсимде жок деп айт.
Динара баарын угуп бүткөн соң, мындан ары кыздын эмне кылуу керектигин үйрөтүп жатты.
Айткандай эле эшик тыкылдай, кыздын өзүнө келгенин көрө койгон бирөөсү кирди.
— Оо кандай сонун жаңылык? Кантип калдың, ден соолук жакшыбы?
Кыз үн катпай, алсыз немедей түр көрсөтүп, араң жан тургандай, үнүн өзгөртүп акырын шыбырады.
— Урматтуу... Мээрим айым сиздин ишиңиз боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Ошонун негизинде биз сиздин көрсөтмө берүүңүздү суранат элек. Эгер мүмкүн болсо?...
Мен азыр сизге сүрөттөр көрсөтөм кылмышкерлердин сиз, кайсыл бири сизди уурдаганын көрсөтөсүз ээ келиштикпи?!
Кыз макул дегендей ишара берип, башын ийкеп алды.
— Таак... Мына бул? Же булбу?
Жигит онго жакын сүрөттөрдү бирин койуп,бирин алмаштырып көрсөтүп жатты. Бирок Мээрим үн деген жок. Качан гана өзүн уурдап кетип, кордогон зөөкүрдүн сүрөтү кылак этип чыга калган учурда колунун сөөмөйү менен сүрөттү кезеп, өзүн жаман сезип, кан басымы көтөрүлө башы ооруп чыкты. Дал ошондо кандай карап турса, азыр да, дал ушундай карап тургандай сезилди.
Кыздын кыйнала түшкөнүн көрө койгон Динара жигитке кайрыла,
— Башка күнү! Кыз азыр оор абалда, азыр эмес! Андан көрө доктур чакыр.
Үнүн өктөм чыгара сүйлөгөн Динара шеригине буйрук бере салды.
— Макул башын ийкей чыгып кеткен жигит Динараны жек көрө, сыртка чыгып, кимдир бирөөгө кабар жеткирүү үчүн телефонун ала, кулакка төшөдү.
******************
Бир эки саат таттуу уйкуда көшүлүп уктап алган Белес көзүн дароо, чоочуй ача салды.
Мындай таттуу уйку качан уктаганы эсинде жок Жаман терезеден карай акырын Лунаранын эшикте жумуш жасап жүргөнүн көрө, ичинен жылмайа түштү.
Жанагы будуң -чаң болуп үйүлүп, чачылып жаткан үй жок. Баардык тарап таптаза болуп , мизилдеген тазалыкка жаман үйдүн көркү чыга түшкөн.
— Кандай эс алдың? Кийимдериң кургап калыптыр кийип ал.
Лунара терезеден өзүн карап турган Белести көрө, жылуу сүйлөдү.
— Рахмат!
Белес да кыска сүйлөй, өзүнүн таза кийимдерин кийе салды. Кийимдери жуулбаганына деле көп болгон экен. Таптаза кийим бир аз денесин сергите койду.
— Бир таптатынакай жигит боло түштүң. Кел кааласаң мындагы бөлмөдөгү сууга чайынып чык.
Лунара жигиттин болушунча көңүлүн алып, алаксытып, жакшы нерселер да бар экенин көрсөткүсү келип турду. Ал менен бирге өзү да көңүл ачып, өзү да мындан ары жакшы жашоого умтулуп жаткан.
Белес сүлгүнү колуна кармай, акырын Лунара көрсөткөн тарапты көздөй басты . Лунара ичинен негедир жүрөгү ооруй жигиттин тагдыры өзүнүкүнө окшош экенин сезип, кыйнала түштү.
— Балким?... Балким Кудай бизди бекер жолуктурбагандыр.
Белес жуунуп чыга экөө сүйлөшүп бир аз отуруп, андан соң адатынча Лунара кайдадыр алып барам деп, экөө жигиттин унаасына отуруша жөнөп баратышты.
— Эми ичпейбиз, чекпейбиз... Жаман адатты таштап, жакшы жолго түшүүгө аракет кылып көрөбүз болобу?
Экөө жакшы сүйлөшө, шаар аралай кетип баратышты. Кызыктуу жерлерди кыдырышты. Кыздын калган бир аз акчасына кооз көйнөк, анан кандайдыр бир кездемелерди алышты.
— Белес... Кайда калып кеттиң?
Артын карай берген Лунара Белестин бир нерсени карап турганын көрө койуп, жанына бара калды. Алды жакта кооз тартылган сүрөттү карап турган Белес саамга өзүнүн бала кезин эсине түшүрө койду.
— Колуңдан таш балекет келбейт сенин!
Кичинекей быйтыйган колдоруна тыз эте тийген ичке нерсе бала Белестин манжаларын сыздата түшүп, чыдабай ыйлап жибере колундагы калемин таштай салып, чыркырап жалынып жибергени көз алдына тартыла,
— Экинчи, тартпайм! Кармабайм кечириңиз!?
Жалынып да, жалбарып да, тызылдап ачышкан колдорун азыр да карап алды. Кыраакы кыз Лунара мунун баарын байкай,
— Мени кара Белес... Эч нерседен коркпо макулбу? Эч ким сага тийе албайт'эч нерсе дебейт.
Эки бетине колун тийгизе, жүзүн өзүнө карай бурган Лунара Белестин көздөрүнө толо түшкөн мөлтүр тамчы жашты көрө аяп кетти.
— Кызыгасынбы?
Белек үн каткан жок!
Кыз дароо түшүнө койду.
— Кечириңиз, мага тиги боюгуңуз менен кагазын бере салыңызчы...
Кыз болгон акчасын кармай, кайра жылмайып ала, сатуучунун колундагы бергенин ала койду да, экөө базар аралап чыга жөнөштү .
— Сен үйгө барып жаккан нерсеңди жасайсын, а мен өзүмө жаккан нерсемди жасаймын.
Кубанып алган Лунара акчасы жок калганын да эсинен чыгарып, экөө кечке шаар аралай бирге басып, унаасын тээ алыска токтотуп койушуп, колдорунан келишинче өздөрүнүн көңүлдөрүн ачканга аракет кылып жатышты.
Белес да барган сайын ачылып, мурункудай тартынбай калды. Кыздын чооң, суу- үстүнөн өткөн көпүрөдө турган элеси, боюунун узундугу чачынын акырын соккон шамалга желбирей жүзүнө түшүп турганы, кийген үстүндөгү жаман кийими болсо да жарашып турганы, белине чейин түшкөн узун тармал чачтары жигиттин көзүнө бир башкача көрүнүп турду.
— Белес муну карасаң? Тээ тигинде абдан кооз көрүнөт экен ээ?
Өзүнө карай эркелей жылмая күлүп тээ көктү карай, жүзүн асмандан урган желге сылата тоскон апакай Лунараны барган сайын жакын көрүп, ушул элесин эсинде түбөлүк сактайм деп, ич -ичинен убада берип алды.
— Ушул сулууну эч качан кайгыртпайм.
— Жүрү эми үйгө карай жол тарттык!
Лунара өтө ачык, шайыр кыз. Кыздын жанында баары эле, ким болбосун түнт, кайгылуу адамдын да көңүлү көтөрүлүп, күлкү менен жүрөөрүнө шек жок! Кыз бүткүл адамдын жан дүйнөсүн ачып, кооз башкача элес тартуулай алчуу мүнөзгө ээ... Дал ушундай Белес дагы кызга акырындан ачыла, уялбай, өзүн кенен тута баштаган.
— Үйгө жетип келээри менен экөө унаадан түшүп, үйгө кирип кетишти.
— Чай ичип ал. Эртеңден баштап бир нерсе ойлонуштурабыз, эмне жумуш жасагың келет мисалы?
Белек ойлоп көрсө ушул убакка чейин, жумуш деле жасап көрбөптүр. Бир аз ойлуу отура кетти. Аны сезе койгон кыз жылмайып алды.
— Белес муну карасаң? Аябай кооз көйнөк экен ээ... Азыр ушуну даярдайбыз.
Шашыла чайын койуп, кыз Белеске бир сүрөттү көрсөтө койду.
Таң калган Белес кантип дегендей суроолуу карады.
— Мына бул бекер турат дейсинби? Эң жакшы көргөн кесибим ушул менин. Бала кезден кызыкчуумун. Окуган да эмесмин. Болгону мен тиккен кийимдерди эч ким кийбей койсо керек деп тартына берем. Анткени мени да колуңдан эч нерсе келбейт, окусам, мүдаарис боло белең сен, же бир кыйын адам чыкпайт сенден, бир нерсени жасап калсам, аракет кылба, мээңде баары бир эч - нерсе жок деп көп уялтырышчуу. Ошондонбу билбейм таштап салганмын.
Лунаранын жүзү бир азга муңая түшүп , кайра жигитке билдирбөө максатында, шашыла жылмайып жиберди.
— Сенин колуңдан келет....
Күтүлбөгөн сөз Лунараны таң калтыра жигитке жалт карады.
Мындай сөз Белестен күткөн эмес эле.
— Чын элеби?
Белес кыздын суроосуна акырын күлүп жооп- бере, башын ийкеди .
— Ооба менин колумдан келет. Сен мага ишенесинби?
Өзү менен өзү кайраттана түшкөн Лунара кайра суроолуу Белеске тигилди.
Жигит да адатынча баш ийкей салды.
— Рахмат сага! Мен ушул көйнөктүн түрүнө башкача өзгөртүү киргизип тигип көрөм. Үй ээси муну кошо, туруп - турсун деп таштап кеткен.
Ары жактан чаң басып жаткан, эски, кийим тигүүчү машинаны ача салды.
Экөө чай ичип болуша, кыз көйнөгүн тигип баштай Белес кыздын жанынан кетпей кызыгып отура берди. Көп нерсени сүйлөп отуруша убакыт да өтүп кетиптир. Ал арада көйнөк да даяр болооруна бир аз калган.
Сыртка чыгып келген Белес
Лунара катуу чарчаган сыяктуу, отурган ордунда уктап жатканын көрө, акырын көтөрүп барып, төшөгүнө жаткыза, узакка телмире тиктеп алып,
эсине жанагы алып берген боёктору түшүп, дагы кайрадан колтору калтырай калем сабы менен ак кагазга, кыздын көпүрө үстүндө жүзүн асманга карата тосуп турган кооз элесин түшүрүп жатты.
Кызга деген ички айтып бүтпөс сезимдин баарын, дал ушул калем учу менен кагазга түшүрүп жаткан сыяктуу. Ар - бир көзүнө, жүзүнө, мээрим менен карап, калем сабы менен ак кагазды толтуруп кыздын элесин тартууда.
— Жердеги перисин. Сени менен арсыз жашоонун бир аз болса да кызыгын татып жаткандаймын. Кудай бетин ары кылсын, сага жамандык жасоо мындай турсун, каалабайм, ойлой албайм. Сенин ар -бир тамчы көз жаштарыңды элестете албайм. Андай жаман нерсеге себепчи болбосом экен ылайым.
— Оо Кудай мендей күнөөкөр пендеңди кечире көр! Мен башка мурунку жолумдан кетүүнү каалабайм. Балким сен, балким сен мени ушул үчүн ушул сулууга жолуктурган чыгаарсын?... Чынында күчтүү кыз экенине таң калдым. Балким ушул кыз себепчи болуп, мен оң жолго түшүп жаткан чыгаармын. Канча деген жандын өмүрүн кыйдым. Келесоо жандай эч нерсени билгеним жок! Ал кезде жүрөгүм муз эле. Ал кезде мээрим эмне, адамды сүйүү эмне, жактыруу эмне? билчүү эмесмин. Ата энемдин катуу таягы, боору- таш тагдырыңдын запкысынан улам ушундай жолго түшкөнүмө өкүнөм. Мендей күнөөкөр пендеңе, кечирим болоор бекен?...
Ушуларды ойлой Белес тартып жаткан сүрөтүн түн жарымына чейин бүтүрө, кыздын жанына койуп, өзү акырын сыртка чыгып унаасында ойлуу отурду.
Уландысы бар
Достор чыгарма кандай Лунара менен Белестин тагдыры кандай болот деп ойлойсуздар? Белес жаман адатын таштай алабы? Сезимдин алдында эмнелер күтүүдө?... Сиздерге чыгарма кызыкпы? Каармандардан адашып кетпей жатасыздарбы ☺Баарыңыздарды жакшы көрөм дагы оңдой алганым жок. Мурда чыгарма жаэганда түзөтүү деп окуп жатып оңдоп койсом болот эле. Азыр андай кылайын десем кайталанып кала берет экен ошого оңдоп койо албадым. 🙏🙏
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 57
Баары тушунуктуу сразу эле Белес онолуп кетпесе керек.
Белести оңолот деп ойлойм Лунара экөө Бактылуу болсун
Сезимди эч нерсе кылбаса экен деп коркуп жатам мен