— Оо Кара Көлөкө. Белгилүү Кара Көлөкө, сүйүүнүн азабын далай куу баштан өткөрүп, жүрөгү музга айланган Кара көлөкө. Бүтүн каршылашын кан жуткузуп, жан таслим кылган Кара Көлөкө. Эч кимге ички сырын ачпаган, татаал жигит...
— Сен тууралуу көп укканмын, бирок бул жерден көрөм деп ойлобогом.
Жарганат кыз менен Кара Көлөкөнү тооруй басып сүйлөп алды.
— Оюң ишке ашпайт билесин! Ошондуктан артыңа кайт, бул жерден алыс кет, Миренанын айыбы жок!
Кара Көлөкө жаш баладай артына бекинген кызды карай,Жарганаттан барынча кызды коргоп турду.
—Булар кимди кыздары экенин билесинби?
Жарганат кайра адатынча айлана, тооруй басып суроо берди.
—Бул эки кыз кимдер? Энеси ким, атасы ким?
—Билем! Билем булардын ким экенин!
Мирена ар-бир сөзгө кулак төшөп угуп турган. Оюнда баарын билгиси келди.
—Суранам кимсин? Мен сен тууралуу эч нерсе билбейм, ата-энемли кайдан тааныйсын? Тиги кыз....
Мирена аркы жакта же атасын карай албай, же Айдынга бара албай күйпөлөктөгөн Сиренаны карап алды.
—Аны билип кажети жок!
Кара Көлөкө кесе сүйлөдү. Бирок кыз буга макул эместей жигиттен бир аз алыстай тура, Жарганатка кайрылды.
— Ата -энем тууралуу эмне билесин, баарын айт!
— Эмнени билгиң келет? Балким мен сүйүктүү атакеңдин кекиртегин жулуп алганымдыбы?, же төрөлөөр кезиңерге аз калганда, апаңдын канын кулкулдата жутуп кыйнаганымдыбы? Хи-хи-хи.
— Сен атам деп капкайдагы бирөөлөрдү атап жүрдүң. Бирок чын эле алар сен үчүн өмүрлөрүн аяган жок. Бирөөсү тээ тигинде жатат. Адам баласы кызык негизи, мени таппай калат деп далай ирет жашынат, бирок баары бир өзүмө кайтып жолугуп калышат.
Жарганат баарын тамашага салып, карап алып, күлүп жиберди. Бул көрүнүш Сиренага жаккан жок. Ачуусу менен, атасынын колундагы кылычын ала, күтүүсүз жерден Жарганатты көздөй чабуул жасады.
— Мирена! Кайдан жайдан пайда болгон агасы жете келип, карындашын колдон ала, жетеледи.
— Кеттик бул жерден. Тиги жакта...
Тиги жакта эмне болуп жатканын толук Айткан жок.Тек гана карындашын колдон ала жетеледи.
Жарганат оңой гана Сиренанын соккусунан буйтап өтүп жатты. Кантсе да кыз эмеспи, канча жылга өзүнөн картаң кишинин күчү эптүүбү?... Сирена алсырай түштү. Андан араң жан жаткан Айдын бир туштан чабуулга өттү. Бирок Жарганат экөөнү тең эки жерге сулата ыргытты.
— Кет бул жерден болушунча батыраак кет, жөнө!
Кара көлөкө шашыла Миренага кайрыла, сүйлөп алды да, өзү да Жарганаттын алдын торой чабуулга өттү.
Эмне кылышын билбеген Мирена аргасыз артын кылчактай карап алып, агасынын жетегинде үйүн көздөй шашып баратты.
Артынан сая кууган жанагы Жарганаттын жаш жигити экөөнү койчуудай эмес.
Эл аралап шашып бараткан экөөнүн артынан сая кууган жаш жигит артынан ээрчий келе берди.
Ээн жерге жете келгенде артындагы жигитти байкаган кыз андан бетер шашылып чуркап жөнөдү.
— Ага -ага артыбыздагы жигит... Ал бизди ээрчип келе жатат.
Агасынын колун бекем жетелей чуркап бараткан кыз ушундай деп алды.
— Коркпо, коркпо карындашым. Баары жакшы болот көрөсүн. Мына -мына үйгө жетип калдык.
Шаар ичиндеги жер астындагы поэздге түшүп алышса болду. Зуулдаган поэздь дароо жеткирет. Экөө жетчүү жерине жетип, поэздьге да үлгүрүштү. Эл аягы кыйла аздап, тынчый түшкөн.
Артынан түшкөн жаш жигит да тээ арка жакта экөөнөн көзүн албай тигиле тиктейт.
Миренага эч кайда кача албайсын деген сыяктуу. Жыртайып алат.
Кызда негедир коркуу жоголуп баратты. Эмнеге экенин билбейт, коркунучтуу мындай нерселерге көнүп деле бараткангабы ким билет?!
Өзүнө карай жалдырай тиктеген аркыны өзү да бир саамга теше тиктеди да,белгиленген жерге жете поэздь токтогондо ордунан тура дароо сыртты көздөй агасын жетелей жөнөдү.
Артынан калбай келе жаткан тигини бир убакта шамалдай каттуу ылдамдыкта келген белгисиз бирөө өзү менен кошо бирге алып кетип тээ алыска ыргытып жиберди. Жүзүн көрсөтпөй жаап алган аял, жигитти Мирена менен агасынан обочо алып кетти.
********
Кармаш башталды. Үчөө биригип, бир Жарганатка алы жетпей жатышкан. Кара көлөдө да Жарганаттан караганда күч алсыз. Айдын да Сирена да туш тараптан кармашкан менен, Жарганат ага жеңиле койчуудай эмес.
Ары жактан ырылдай чыккан үндөн баары селейе катып туруп калышты.
Айдын менен Сирена атасы тарапты көздөй басып, жарадар атасын коргоо үчүн арвкет кылып жатты.
Туш тараптан каптап келген, ырылдаган көк жал бөрүлөр пайда боло баштады. Бирок Жарганатты бул да токтотчуудай эмес!
Бирин алып ыргытып, экинчисин көтөрүп чаап, көп бөрүлөрдү майып кылууга жетишти.
Акыры аркы жактан чабуул жасаган Айдын колуна илеше түштү. Муунтуп бир колу менен өйдө көтөрүп алды.
Деми кысыла, өзүн жоготуп бараткан Айдын буту жерге тийбей тыбырчылайт.
— Өлүм силерге! Мени жеңем дейсиңерби? Өлүм!
Жарганат Айдынды карап сүйлөп да, бир колу менен муунтуп да жатты.
— Ким?... Ким кийинчи санда?...
Айдын эми чындап көзү аңтарыла өзүнө келе албай, күчү жетпей баратты.
Бир убакта Сиренанын жерде жаткан кылычы Жарганатты көздөй шилтенди.
Чымын чакканчалык болбогон Жарганат Айдынды жерге таштай, жанында турган Айдындын курбу кызы бала кезден өзүн жактырчуу курбусу турган.
— Сен?... Мага кылыч шилтедиңби?... Кичинекей желмогуз.
Ачууланган Жарганат узун тырмактуу колдору менен чаап өттү кызды. Миздүү учтуу тырмактар кыздын ичине малынып чыккан.
Кыз ошол жерде жан берди.
— Жооокк.... Жоооок
Жер сууну бакырта кыйкырган Айдын бүтүн шаардын ичине үнү жаңыра түштү.
— Жоок... Жоок...
Канчалык жөрмөлөп жетейин десе да алы жок. Баса албай, буттары кыймылга келбейт.
Айдындын жер сууну жаңырткан үнүнөн дагы көптөгөн бөрүлөр туш тараптан пайда боло баштады.
Жарганат эми артын карабай калың токой аралай качып жөнөдү. Бирде асманга каалгый, бирде буту-бутуна тийбей баратты. Анын артынан сая кууган Кара Көлөкө, экөөнүн артынан кууган бөрүлөр.
Оозунан кан атып, жарадар жанын баскан кыздын башын кучактай отурган Айдын көпкө ыйлап отурду.
Бир убакта эсине келгендей, Сиренанын жанына шашып жетип барды да, жарадар атасын жерден көтөрө үйүнө кирип кетишти.
— Кан көп жоготкон, тезинен ооруканага барыш керек.
Айдындын айткан сөздөрүнө кыз көнбөдү.
— Жок алар бул эмне экенин түшүнүшпөйт. Анын тырмагында уу. Атамдын денесине таркалган уу тууралуу алар биле беришпейт.
Андан көрө мага жардам бер, батыраак!
Атасын кудум эле Айдынды жарадар убагында дарылагандай дарылоого өттү. Алгач ачуц спирть менен жарадар жерлерин баарын куйуп чайкап алды. Байку атасы, Оор онтогон үн жан сыздатып, ооруга чыдай албай араң жан тыбырчылайт.
— Мени кечириңиз ата! Кечириңиз! Мен азыр, бир аз калды, бир аз чыдаң.
Ушул сөздөрдү кайра -кайра айтып алды Сирена.
— Мени таштап кетпеңиз ата! Апамдын таштап кеткени жетишет, жок дегенде сиз, сиз жашашка аракет кылың. Күчтүүсүз ата!
Акырындап узап бараткан атасын карай алып, сүйлөй да, ыйлай да, колунан келишинче дарылай да берди.
Жарганат катуу эле жарадар кылган экен, кан көп кетип, уу бүтүн денеге таркап бараткан.
— Сирен -Сирен. Мени кара, болду тынчтан.
Көз жашы жүзүн жууп, араң шашкалактай атасын дарылашка аракет кылып жаткан Сиренди Айдын колунан кармап токтотуп, кучактап алды.
— Болду кыл Сирен өзүңдү бас.
— Жок -жок Айдын атам жашашы керек! Мен ансыз не кылам а? Кандай жашайм Айдын? Жок - мен атамды...
Кайра үнсүз абалда калган атанын колун кармап ала, эчак муздап бараткан денени байкап, тыбырчылап ыйлап жиберди.
— Айдын -Айдын, атамдын денеси муздап баратат. Айдыыын....
Атасына башка эмне арга кылаарын билбей акырын кучактаган Айдындын кучагына бой уруп, өксүп-өксүп ыйлап алды.
Айдын да сай сөөгү сыздап кызды жоошутууга эч нерсе айла таба -албай эт жүрөгү тилинип жатты.
Түндүн кучагында дубалдын бир бурчунда үнсүз, көз жашы жүзүн жууп, тээ сырттан көз албай Сирена көпкө отурду.
Көзүндө жанган атасынын кеги. Эрке жанагы кыз жок! Атасына эркелей эч нерсе кылбай, акыркы убакта атасынын сөзүн укпай да чыгып кеткен күндөрүн эстей башын мыкчып өкүнүп алды.
— Аттиң... Эгерде ошондо билгенде, бат эле атасынан ажырап калаарын, өзү мындай, Жарганат сыяктуу душманды түшүндө элестеткен эместигин эстей кыйнала түштү. Баарына өзүн күнөөлөп турду.
Жарганат кайра келээрин сезип жатты. Ошол себептен да, эшикти ачык койуп, өзү күтүп карап отурган.
Эч кимди көргүсү келген жок. Ал тургай Айдынды да көргүсү келбей кетирип жиберген. Жалгыз калгысы келген.
Айдын кеттим, мейли деген менен кызды ошончо көп бөрүлөргө кайтартып койду. Эшиктин алды, чеке, белдер баарында бөрүлөр жайнайт.
Айдын баарын түшүнүп, өз ордуна койуш үчүн Миренага карай жол карап кетип жатты. Оюнда кантип, аман калып? Кайда жүргөнүн сурагысы келди. Желип-жортуп токой аралап 'бат эле Мирена турган жайга жете келди.
Эшикти тыкылдатып, үй ээси ары жактан ачканча дагы бир-эки жолу шаштысы кетип, коңгуроону басып алды.
Эмнегедир ачуулуу Айдын.
Эшик ачылып ичтен Мирена көрүндү. Айдынды көрө койуп эмне дешин билбей, үнсүз бири -бирин карады.
Жана эле жини мурун учунда турган Айдындын да оозунан сөзү түшүп, кызга карай жалдырай тиктеди.
— Салам Мирена.
Кыз үн каткан жок тек гана капалуу көздөр Айдынды тиктеп турду.
— Мени кечир баары үчүн. Мен Сиренаны азыр андай абалда таштай албайм. Ага азыр оор.
Сени далай издедим бирок таппадым. Баарына кайылмын, эмнеси болсо да, аман калганыңа кубандым.
Айдындын үнү каргылдана, Миренаны жалдырай тиктети.
Жанатан бери үнсүз өзүн тиктеп турган каректер менен көздөрү тигилише түштү.
Мирена үн каткан жок! Эч нерсе айта албай, тили сөзгө келбей, жөн гана жүзүн жууган көз жашын агызып, үнсүз жигитти тиктеп тура берди.
Кыздын карегинде жаткан өзүнө болгон таарыныч, кусаны, сагынууну көрүп турган менен Айдын эч нерсе дебестен бир гана ооз сөз тилге келип, сүйлөп алды.
— Кош бол Мирена.
Айдын ушундай деп гана үнсүз артына бурула, уламдан -улам Миренадан алыстап бара берди. Көз алдына ошондогу көздөрү өзү деп жайнап турган сулуу Миренанын элеси элестей, баарына көзүн жумуп, бир гана Сирена үчүн алды көздөй кадам таштап, бул жерде экөөнү тең кыя албаганына бир гана өзүн күнөөлөп кетип баратты.
Шалдырай баарынан үмүтүн үзө, Мирена эшикти жаап салды да, ошол жерге шалак отура кетти. Качан -качан Айдынды ушунча сүйүп калган эле. Качан мынча кыйналууга чейип барып калган? Качан ичиндеги кичинекей жүрөгү тыбырчылап, жанын койоорго жер таппай калганча ашык болду Айдынга мунун баарына качан үлгүрдү? Ушунча байкабай калдыбы?
Өзүнө-өзү түшүнбөй турду. Тек гана бир жерди теше тиктей, көз жашын аарчыганга алы жок жалгыздыктын кучагында термелип отура берди.
— Мирена карындашым жүрү бөлмөңө кир.
Жанатан экөөнүн сөзүн угуп отурган агасы акырын кызды колдон ала тартып, өз бөлмчсүнө жетелеп кире отургузду.
— Неге ага? Неге? Бул эмне жашоо деги, эмнеге эч кайда тынчтык жок бизге? Качан биз мындай абалдан чыгабыз? Ал жагында Жарганат, тиги кызды бизге бир тууган дешти, ата -энең башка дешти, кимге ишенип, кайда баш ураарымды билбей калдым. Баары аздай Айдын да мени таштап кетти.
Ичиндеги тепкилеп, сыртка чыкпаган буктун айынан мууну бошой агасынын кучагына бой уруп, өксүп -өксүп ыйлап алды.
— Мен сени эч качан таштап кетпейм! Мейли башка бололу, мейли ата -энебиз бөлөк болсун. Бирок сен менин бир боорум боюнча каласын. Эч качан таштап кетпейм.
Агасы өксүп ыйлаган карындашынын чачынан сылай кучактап алып, сооротушка аракет кылып жатты.
Экөө бир топко уктабай эки бир тууган бири -бири менен сырдашып отурушту. Узун түн буларга шерик болгондой.
Сиренанын чоң үйүнүн алдында Айдын баш болгон жайнаган бөрүлөр кызды коргосо, Миренанын жанында эч ким жок. Тагдырдын эки бөлгөнү аз келгенсип, азыр жанындагы адамдар да эки бөлүп жатканы өкүндүрөт.
Тек гана терезеден төмөн көздөй тиктеп алган Мирена тээ төмөндө дайыма өзүнөн көзүн албай карап алчуу Айдынды эсине түшүрө, балким келгендир деген үмүт менен кайра-кайра карап алат. Бирок жок! Айдын жок!
Терезенин алдында бүк түшө отуруп ойлуу көз жашын сүрткөн кызды бир гана Кара Көлөкө карап, бир гана ал ич -ичинен кызга жүрөгү ооруй, алыстан карап турду. Токой ичиндеги жигитти көргөн Мирена үңүлүп, балким Айдындыр деген ойго келди, бирок жок, бул Айдын эмес, бул Кара көлөкө. Дайым өзүн кайсыл жерде болбосун коргоп жүрүүчү Кара Көлөкө.
Өзүнөн көз албай тиктеп алган Кара көлөкөнү карай кыз акырын колун серпип саламдашып койду.
*********
Түн менен кирпик какпаган Сирена курал жарактарын камдап жатты. Болушунча баарын камданып, кайдадыр жөнөөргө даярдык көрдү. Ачуусу жүзүнө Чыгып, кимдир бирөөнү чаап салгысы келип турду. Эми өзүнө -өзү туруштук бербесе, өзүнө -өзү жардам кылбаса, башка эч ким аны Жарганаттын колунан сууруп чыгаары анык эмес.
Атасы убагында эмне керек болгонун айтса , ошонун баарын азыр жасап жатты. Жанагы эрке кыз жок! Атасынын өчүн Алмай сайын жерге денесин бербейм деп чечти.
Таң эртең баштыгына бир нерселерди көтөрүнүп сыртка чыкты. Аны Айдын эшик алдында күтүп отурган. Сиренанын жүзү мурункудай эмес, көздөрү кекке толуп, муңайым. Мындай адам эң коркунучтуу, жана күчтүү. Эми Сирендин жогото турган эч кими жоктой эле.
— Сирена канттиң?...
Айдын берген биринчи суроо ушул болду.
— Жакшымын! Шериктериңе айт, мүмкүн болсо бүгүн алыс кетишсин. Менин жанымда жүрбөгүлө! Менин айланамдын баары өлүм менен коштолууда. Сен дагы Миренага кет. Мен аны тааныбайм, ооба экөөбүз окшош болсок дагы, менин жашоомдо ал кыз болгон эмес, анын да жашоосунда мен болбогом. Экөөбүз бир туугандай болуп эми табышуу мен үчүн кыйын. Ишендирип айта алам, Мирена үчүн да.
Сирена токой ичин аралап кете берди. Артынан баскан Айдын да үн катпады.
— Мен атамдын өчүн алам. Албасам мен тынч жата албайм! Атамды-апамды ал менин барымды жок кылды. Мен анын жанын алам.
Узун бадалдан баштыктагы балтасын алып чыгып дагы толтуруп узун, учтуу жыгач курал жасоого, даракты кыйып кирди.
— Ушул менен баары бүтүш керек! Бүтүш керек.
Иш да жасап, анан калса, сүйлөй да берди.
— Мейли сеники туура, бирок мени куушуңду каалабайм кет дебе. Биз сени менен жаныңда болобуз. Мен жаныңда болом. Баары жакшы болот.
Сиренанын колунан балтаны алып, өзү чаап кирди. Экөө кыйылган даракты үйгө көтөрүп барып, андан түрлүү жаа окторун, учтуу куралдарды жасап жатышты.
Эрте менен ордунан ойлуу турган Мирена адатынча сыртка чыкты. Баары бир кечееги күн канчалык кыйын болсо дв, бүгүнкү таң атканына карап, кубанып алчуу жайы бар. Адатынча эшик ачыла бергенде босогодо жаткан кызыл, роза гүлдүн жатканын көрө үнсүз алды да, акырын жыттап, үйүнө кирип кетти.
Суу куюлган идишке салып койду. Жанында дагы далай окшош гүлдөр турган.
Асманды кара булут түрө, шамал аралаш бороон болуп, кандайдыр алыстан угулган үндөр пайда болуп, күндүн чайыттай бетин 'заматта кара булут каптап жатты. Адамдар, айыл ичи, шаар ичи бул эмне болгон нерсе экенин түшүнүшпөй, үйлөрүнө корголошот.
Агасын чакырган Мирена таң кала асманды карап, эмне болгонун түшүнө албай турду.
Бул куюн тээ алыстагы Айдын менен Сиренага да жетти. Бүтүн асманды бетин кара булут каптай берди.
— Бул эмнеси түшүнбөдүм?
Айдын да, Сирена да бири -бирине карай, сырттан буюмдарын жыйнап, үйгө киришти. Кара Көлөкө караңгы көлөкө кирген замат көзүн ачты. Оюна жалгыз Мирена келип, кызды көздөй шашып жөнөдү.
Заматта куюндай келген жигитти көргөн Мирена таң кала чоочуп кетти.
— Бул эмне, эмне бул? Бир жамандыктын белгисиндей көрүнүп жатат мага!
Кара Көлөкөдөн шашылыш сурап алды кыз. Куюнга учуп жаткан чачтарын колу менен чогулта калып.
— Ооба бул деген кармаш! Бул Жарганат бизге'жакын, анан да өзү эле эмес. Анын бүтүн аскери келе жатканы анык!
— Эмнее? Кармаш?
Мирена бакырайган көздөрүн андан бетер алайта ачып алды.
— Кудай сакта, бул эмне шумдук? Сирена, Айдын...
Оюна ушулар келди.
— Мени аларга алып бара аласынбы суранам. Мен бүтүн шаар, айыл биздин айыбыздан жабыр тартуусун каалабайм.
Мирена Кара көлөкөгө кайрылды.
— Жок! Сен бул жерде каласын өз үйүңдө бул жер сага кооптуу эмес, ошондуктан.
Жигит каршы болду. Кечееги Айдындын айткан сөздөрү, кыздын ыйлаганын өз көзү менен көргөн Кара Көлөкө азыр аларды ойлоп да турган жок.
— Мени түшүн! Жарганатка биз керекпиз.
— Мен түшүнө албайм суранам! Бул согуш, баары бир сен ошончо элди сактап кала албайсын жардам бере албайсын. Жарганат ким экенин өз көзүң менен көрдүң.
Кара көлөкө оюнан кайткан да жок!
Убакыт улам кеч кирип, түнөргөн булут кетпөөчүдөй коюлай берди.
— Өзүм барам. Мени кайтара албайсын ал менин сиңдим! Жанында болгум келет.
Артынан чыккан агасы да ушул сөздү уга Миренаны сиңдиңе бар дегендей башын ийкеди.
— Мен бул жактагы элди каралашып жардам берем, сен аларга бар. Менден кам санаба!
Кыз агасы менен коштошуп жөнөп кетти.
Токой ичине кирген убакта артында Кара Көлөкө колуна так көтөрө шамалдай зуу койду.
Убакыт анча өткөн жок! Заматта эле токой ичин аралай чыгып, шаардан обочо жайгашкан үйдүн эшигине жете келип, кыз эшикти каккылады.
Эшикти ачкан Сирена көргөн көзүнө ишенген жок артындагы Кара Көлөкөнм карай экөөнү аң -таң тиктеп алды.
— Сен бул жерде эмне кылып жүрөсүн?
— Азыр муну түшүндүрө албайм. Жарганат кол салмакчы. Өзүнүн аскерлери менен бирге.
Ары жактан чыккан Айдын менен көздөрү тиктеше түштү Мирена.
— Сен бул жерде эмне кылып жүрөсүн?
Айдын атырыла Кара Көлөкөгө жүткүнө сүйлөдү.
— Ал мени менен! Мени менен.
Миренадан өктөм чыккан ушул сөз экөөнү тең тык токтотту.
Мирена ачуулу Айдындын көзүнө бир тиктей кайра, Сиренага сүйлөдү.
— Ортобузда эмне болсун, бирге болуубуз керек жок дегенде азыр! Жарганатка экөөбүз тең керекпиз. Сага да, мага да келет.... А мени сени ага берип койо албайм.
Миренанын бул сөздөрү кызды жибитти. Бирок Кара Көлөкөнү карап алды.
— Сага макулмун, бирок тигини киргизе албайм.
Айланасынан тооруй чыккан бөрүлөр да Кара Көлөкөнү жеп ийчүүдөй ырылдай басышты.
— Жарганаттан мени куткарган ушул болгон. Мен ишенем силерге зыяны жок!
Айдын негедир ачуулу тиктей ичинен ызырыана түштү.
Көпкө ойлонгон жок Сирена дароо эшикти ачты да, киргиле деди.
Ушул сөздөн кийин гана Кара Көлөкө акырын эшиктен кадам басып, каалгада тосук ачылган соң ичкери кирди.
— Күткөн убакыты келип айлана тегеректи каптап туш тараптан чыккан Жарганаттын адамдары пайда боло башташты. Алдыларын торой чыккан, килтейген көк жал бөрүлөр да Сирена менен бирге турушту. Кара Көлөкө жандарында. Бир заматта чыдай албай жетип келген Миренанын агасы,жана Айдын.
Карапайым калк эч нерсени түшүнүп турган жок. Тек гана үйлөрүнөн чыкпай корголошот. Заматта жетип келген достору менен жанагы мергенчи жаш жигиттер бар. Алар да Сиренанын атасынын окуучу балдары. Мугалимдеринин өлгөнүн уккан баары өч алуу үчүн жыйылышкан.
Мына -мына жакындап келген душман, ары коркунучтуу ары сүрдүү болуп турду. Көптүгүн айтпагыла.
Мирена Кара Көлөкөнү бир карап алды. Ар биринин колунда курал. Арылдай алдында торогон бөрүлөр.
Кармаш башталды:
Бөрүлөр канча жылдык өздөрүнүн кеги үчүн чыкса, Сирена менен, анын достору өз мугалимдеринин өлүмү үчүн чыгышты. Тек кана Кара Көлөкө бир Мирена үчүн... Кыскасы чырмалышкан байланыштар.
Болгон күчүнүн баарын аябай кандуу кагылышта Сирена шаашпай баскан Жарганатты көрө койуп, толтура алдын тоскон душманды жиреп өтүп, Жарганатка карай баратты.
Артынан бөрү болуп кубула, Айдын жөнөдү. Арасынан колунан келишинче жардам берген Мирена жүрөт.
Сирена колунан келишинче аракет жасап эң кооптуу, ачуулуу душманы менен тирешүүгө барын, салып, топту жиреп өтүп алдына келе токтоду.
Көз алдына атасы элестей түштү. Атасынын ар бир сөзү кулагынан жаңырып өтүп турду.
Жамал өзүн жеп ирчүүдөй ачуулуу караган көздөрдөн кудум эле ошондогу Мелис тиктеп турган сыяктуу элестеп алды.
Каны кайнай түштү.
Саат закымдап өтүп, бир -бири менен кырча кармашкандар заматта шаардын ичин кызыл жаян канга толтура түштү.
Арасында мүрт кетип өлгөн бөрүлөр, анча мынча адам баласы, мергенчилер, жарадарлар андан көп.
Кара Көлөкө да Жарганаттын жан жоокерлеринин бир далайын сулатты. Кандуу согуш уланып, Сирена, Айдын, ал тургай Кара көлөкөнүн да Жарганатка күчү жетпей алсырай түшүштү.
— Ха-ха -ха алгыла баары силердики. Бул шаар силердики.
Асманга көтөрүлө учкан Жарганат бийик учуп,канатын кере жайып өзүнүн аскерлерине ачуулуу үнү менен кыйкырык салды. Муну уккан аскерлер туш тараптан ызы чуу сала, андан бетер салгылашууга киришти.
Бир убакта кайра жерге коно бергенде адаттагы адам кейпине түшө калды.
Сирена канчалык чарчоосуна карабай, кайра Жарганат менен салгылашууга өттү. Ал күчү калбай калган Сиренаны эми Жарганат бир колу менен оңой гана көтөрүп тамагынан алып муунтуп кирди.
Жарганаттын узун колунан чыгуу мүмкүн эмес эле. Аны көрө койгон Мирена да чуркап келип колунан келишинче каршылык көрсөттү бирок болгон жок. Өгүздөй өкүргөн Жарганат, кайра адатынча канаттарын жайып, өзүн көздөй келе жаткан Кара Көлөкөнү канаты менен алыс учура серпиди.
Эки колунда эки кыз тыбырчылай араң жан, өздөрүн жоготуп баратты.
— Мелис.... Мелис сенин укум тукумуң менен жок кылдым мына....
Эки кызды алмак -салмак карап алып, жинди эмече сүйлөнө берген Жарганат саамга өзүн токтото түштү.
Көз алдында өзүн карай келе жаткан аялды көрдү.
Тааныш ооба, кантип тааныбай койуу мүмкүн эмес бул аялды.
Же түшү эмес, же өңү эмес өз өзүнө ишене албай кыздарды бир аз бошото жанагы аялды жалдырап тиктеп алды.
Аял өзү карай жакындагандан жакындап келе берди. Мына эми чын эле алдына келе турду аял.
— Убакыт келди! Кыздарымды бошот!
Аялдын көздөрүнө тиктей жалдырап карап алды да, эки кызды кандай бошото койгонун өзү биле албай калды. Экөө тең жерге шалак отура түштү.
— Жамал?...
Оозунан ушул гана сөз чыкты. Бет маңдайына келген Жамалы акырын ууга чылап, өзү менен кошо ала келген учтуу жыгач куралды жакындай берип күч менен сайып алды.
— Бул сага Мелис үчүн! Кыздарым үчүн.
Ачуулуу чыккан Жарганаттын үнү бүткүл ааламды жаңыртты. Канчалык бошонушка аракет кылса дагы, өзүнө мыктай сайылган куралды бошотпой кармаган Жамал Сиренага үн салды.
— Кылычты ал!
Сирена аң -таң боло түштү.
Жарганаттын канаттары Жамалды кысып, сууп үстүнөн ыргытмакка аракет кылып жатты.
Кара Көлөкө Сиренанын өзүнүн жанатан даярдаган учтуу кылычын ыргытып жиберди.
Жамалдын Жарганаттын берген соккусунан алы кетип бараткан. Ошондо да ошончо күч менен өзү сайган курал чыгып кетпеши үчүн бар күчүн салып,Жарганатты чыгарбоого аракет кылып жатты.
Сирена эч нерсе кыла албай, өз апасына курал шилтей албай, аң-таң боло түштү. Жарганат бул учурда Жамалдын куралынан бошонууга аз калган. Эгер ал курал чыгып кетсе Жарганат тирүү калат. Ошого денеге таркаган уу, Жарганатты кыйла алсыратып таштаган.
Колунан заматта куралды ал койгон Кара Көлөкө ылдамдык менен, тездик менен эми бошоп бараткан Жарганаттын үстүндө болгон аракетин жумшап жаткан Жамалга куралды матырып алды.
Жамалдын көкүрөгүн тешип өткөн курал Жарганатты да сайып өткөн.
— Жооо-ооок....
Ачуу чаңыра бетин басып жыгылган Сиренанын үнү аалам бетин жаңырта, ошол менен бирге баарын кулагын тундура'эч кимди койбой, баарын, азыр эле кол салып жаткан душмандан өйдө кырып кетти.
Миренага жетип келе, кыздын башын кучактай бүк түшө отуруп калган Кара Көлөкө.
Саамга тынчый түштү. Жарганаттан да, Жамалдан да түк калбаган.
Темтеңдеп басып бара, апасы менен Жарганаттын күлү гана калган изди карап алды Сирена.
Артынан келген Кара Көлөкө кызга акырын мойнуна такчуу тумары менен ичиндеги катты сунду.
******
Сиреним, Миренам. Мен силерди жарык дүйнөгө алып келеерде, бир гана бактылуулукту элестеткенмин. Силер менин бүтүн өмүрүмдү өзгөрткөн жансыңар. Акыры келип, экөөңдүн кошулаарыңды билгенмин. Менден, өз энесинен коркконуңарды каалаганым жок! Силерге же, жакын бирөөңөргө зыяным тийип калуудан корктум. Бирок эч качан силерди жалгыз таштабадым. Алыстан карааныңарды карап, коркунучтан сактоого аракет кылдым. Жарганат мени өзүндөй адамга айлантканда, өлгүм келген. Анткени атаңардын дагы бир душманы мен болгум келген эмес, бирок силер үчүн жашоону бел байладым. Атаңар Мелис сенин азыркы атаңдай эле Мергенчи болгон. Мен силерге энелик карыэмын. Мени колуңардан келсе кечиргиле. Мен атакеңдин өмүрүнө аралжы болуп жардам бере албаганыма өкүнөм, анткени атакең сени ошол убакта тирүт калтырган жалгыз адам эле.
Кара Көлөкөгө ачууланбагыла андан мындай кылышты мен сурадым. Эгер мен өзүм менен бирге алып кетпесем болмок эмес. Менин эки кичинекейлерим. Көзүңөргө карап бул нерсени айта албаганыма өкүндүм.
Менин тилгим экөөңөр бирге болгула! Ошондо менин өлүмүм бекер болбойт.
Силерди жакшы көргөн чыныгы жнеңер Жамал!
Экөө бирин бири карап алып, кучакташа ыйлап жиберишти. Аалам тынчый түшкөндөй, жер бетинде тынчтык орной, бир да душман калбай, тынчтык өкүм сүрдү.
*******
Убакыттар өттү :
Мирена адатынча агасы менен бирге. Башка өлкөгө көчүп келишкен. Бирок дале адатынча ээн жерге жайгашкан үйдө турушат. Ары жагында сырдуу токой. Кеч кире токой аралап бара жаткан кыз шытыр эткен үндү кулагы чала, дароо токтоду.
Артынан байкатпай келген Кара Көлөкө турган. Кыз аны дароо байкай жылмайып алды.
— Кеч калдыңыз! Мен сизди бир азга күтүп калдым.
Кыз мыйыгынан күлүп алды да жанына акырын басты.
Кара Көлөкө да Миренага карай көздөрүнө тигилие,
— Кечир сулуум, бирок мен сени үйдөн чыккандан бери карап отурам келишиңди.
— Макул кечирдим.
— Саякаттайбызбы?
Жигит акырын Миренаны колуна так көтөрдү да калың токой арасын аралай зуу койду.
Кыз да жигитти бекем кучактай бир саамга көзүн жума, кайра жигит ача бер деген убакта ача салды.
Кооздукка бөлөнгөн бийик асманды тиреген тоонун башында экөө көпкө сүйлөшө отурушту. Кыз жигиттин ийинине башын жөлөй, ааламдагы керемет кооздукка, тазалыкка 'аруулукка суктана, анын арасында өзүн ушундай бактылуулукка жетелеген ашыгына ыраазы болуп, ар -бир сөзүн кунт койуп угуп, экөө божураша көпкө отура беришти.
**********
Дүйнөнүн кайсыл бир бурчундагы шаарды аралай бараткан жалгыз кыз. Артында жанатан аңдыган бир караан, бирде жоголуп, бирде пайда боло түшөт.
Кыз андан бетер, батыраак баскан сайын, караан да катуулайт.
Кыз эми акырын гана караңгы, ээн көчөнү, эл жок жерди аралай кетип баратты.
Жми оюндагы ишке ашкан караан артынан жете келип, бирок кызды таппай туруп калды. Жок! Жерге сууга сиңген сымал.
Бир убакта алдынан чыккан ак бөрүнү көзү чалып артын карай кетенчиктей берди. Бирок жанагы ырылдаган бөрү шашпайт.
— Салам! Мени издеп жаткан белең?
Артынан чыккан Сиренанын үнү карапнды алдастада качууга аракет кылды. Бирок кыздын шуулдаган кылычы заматта денесин экиге бөлүп өттү.
— Азаматсын! Айдын ары жактан адам кейпине айлана чыгып келе, кызга жакындай сүйлөп, оозунан акырын өөп алды.
— Эми жолубуз башка өлкөдө.
Экөө кобураша сүйлөшүп караңгы түн ичине кирип сиңип кетишти.
Азыр башка жакта жүргөн менен, кыздын да бараар жери бар.Атасын жерге берген соң,кыз атасынын ишин улантып, кетип калган Кайсыл бир убактар болбосун бараар жери бар. Жана албетте кетееринде өзүн кучактап кыйылып коштошкон эгизи Мирена жана агасы!
Аягы
Бул чыгарманы жазуу негедир мага оңой болгон жок. Биринчи терс пикирлер сумерки дешти, которуп жаздың, алдың дегендер болду. Бирок билбейм мен өзүм ушундай чыгармалар көп окугангабы, өзүмдү ушул жактан да сынап көрүүнү чечтим. Оюм бузулуп жазбай койууну да эп көрүп, таштап салган учурларым да болду. Бирок бул Сумерки эмес! Көп жолу маалымат изденип көрдүм, (вампирлер вурдалактар тууралуу) алар кимдер?болгонбу,жокпу,деген сыяктуу. Бирок өтө эле көп окуялар имиштер бар. Мисалы президент Линкольн, деген китептери бар Дракула. Өзүм ушундай китепке көп кызыкканым үчүн, сүйүүсүн кошуп, жазып көрүүнү туура көрдүм. Бул менин жеке көзүмдүн сыясы кетип жазган чыгармам эч жерде көчүрмө жок, башка жок! Сиздерге жакты деген үмүттөмүн. Ушул чыгарма ичинде 4 000ге жакын сөз жазыпмын, баары сиздер үчүн. Өзүмдү ар кандай жанрдагы чыгармалар менен сынап келүүдөмүн муну дагы сынга койобуз. Өтөөр бекенмин же жокпу, алар сиздерге байланычтуу. Ушунча күндөн бери мени менен бирге болгонуңуздарга терең ыраазычылык билдирем сүйүктүү окурман 😘
Кийинки чыгармадан көрүшкөнчө!
Урматым менен автор Айзирек Бектенова
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 74
Калеминиз курчуй берсин, ийгилик. Дагы да мыкты чыгармаларды жарата бериңиз