— Жамал койо турсаң? Токточу суранам сенден?!
— Эмне болду Белек, менден эмне каалайсын, тынч койосунбу деги?
Артынан жете келип, колунан тартып токтоткон жигитти булка, кыз жек көрүп карап алды.
— Мен сени сүйөөрүмдү билесин го? Эмне мынча мени азапка салганды жактырасын?
— Мен сени сүйбөйм Белек! Менин жүрөгүм, сүйүүм башка адамда. Качан түшүнөсүн?
Кыз жигиттин сөзүн оозунан жулуп алды.
— Эмнеге Жамал? Кантип? Бала кезден бери, бир мектепти аттап, бирге -келип, бирге кетип жүрчүүбүз. Чоңойдук анда да, айрылган жокпуз, качан сенин сүйүүң өзгөрдү мага деген? Качан???
Жигиттин каңырыгы түтөй түштү. Көздөрүнө жаш келе, мууну каргылдай, калчылдаган колдору менен кызды бекем кармай силкип жиберди.
— Мен сенден башка эч кимге, эч кимге көз салып, караган да эмесмин. Сен үчүн баарын жасап жатканыма, берген жообуң ушулбу?
Кыздын жүзүнө тигиле, үмүтү өчпөй, суроолуу карады.
— Мен сени сүйгөн эмесмин Белек! Эмнеге түшүнбөйсүн? Сен экөөбүздө балалык сүйүү, достук сезим болгон. Бирок ал менде азыр жок! Менде ал убактагы жалын өчүп бүткөн. Мени кыйнаба, кантип сүйө албасам бирге боло алам сени менен? Бактыңды табасын албетте. Мени кечир.
Кыздын сөздөрү жигиттин жүрөгүнө найза болуп сайылып, тилип кетип жатты.
—Эмнеге, качан? Качан мынчалык өзгөрдү бул кыз?
Эч нерсе айта албай, акырын колун бошотуп жиберди.
Дароо артты көздөй кайрылган Жамал башка эч нерсе дебестен үйүнө көздөй беттеп баратты.
*******
— Атаке! Атаке тиги жигит ойгонду.
Жанатан көзүн ачкан Айдынды көргөн Сирена атасына барып жигиттин көзүн ачканы туурасында кабар берди.
— Жакшы кызым. Азамат жигит экен. Ойгонду башка болсо туруштук бере алмак эмес.
Ордунан акырын туруп барып, жер төлөнү көздөй түштү. Бул учурда Айдын ордунан туруп кийинип жаткан.
— Абалың жакшыбы жигит?
Жанынан чыккан үндү карап алган Айдын ыйбаа көрсөтүп, акырын үн менен учурашты.
— Саламатсызбы? Мени бул жерге сиз алып келдиңизби?
Мергенчи менен жанында турган жаш жигитти суроолуу карап алды.
— Акыбалың чатак болчу. Ошол себептен бул жерде бир аз калууңа туура келди.
Жараатың оорутпай жатабы, өзүңдү кандай сезип жатасын?
Тиги киши да жай үн катты.
— Ооба мен кетишим керек. Кылган жакшылыгыңыздарга ыраазымын.
Айдын алды көздөй кадам басканда кишинин айткан сөзү, кайра ордунда тык токтотту.
— Сени издегендер көп болду. Анысы аз келгендей, туугандарың да, чоң -атаң.
Табышмактатып сүйлөгөн кишинин сөзүнөн улам, Айдын өзү тууралуу булар билишээрине көзү жетип турду.
— Мында экениңди эч ким билишпейт.
Айдын эмне ойлогонун айттырбай түшүнгөн киши кайра жайгарып сүйлөп алды.
— Рахмат сизге! Мен барышым керек.
Айдын кайра алдыны көздөй басканда, алдынан чыккан Сирена менен көздөрү тиктеше түштү.
— Мирена бул жерде эмне кылып жүрөсүн?
Таң калганын жашыра албаган Айдын арткы жакта турган мергенчи киши менен, жигитти бир карап, Сиренаны бир карап алып күңк эте үн катты.
— Эмне, ким?
Сирена көздөрү алая түштү.
— Агаң кайда, буларды тааныйсынбы?
Айдын шашыла суроо берип алып,кайра тык токтоду. Оюнда экөөнү тең тигилер алып келген деген ой кетти.
— Кетүүбүз керек батыраак.
Түшүнбөгөн кыз эч непсе айта албай турду.
Жүрү батыраак.
Алдыны көздөй баскан Айдын саамга токтой калып, кызды кайра ордунан жылбай турганын көрдү.
— Мен Мирена эмесмин. Менин атым Сирена. Сиз мени бирөө менен адаштырып алып жатасыз окшойт.
Сирена акырын жигиттин жанына басып келе, маңдайына назик алаканын тийгизип алды.
Дале болсо жарааты түзүк айыкпай, кыйналып жүргөн Айдындын чекесинен чыпылдап тер чыгып, ысытмалап жаткан.
— Атаке! Жигит азыр мындай абалда кете албайт. Денесинде ысытма катуу, жарааты да канталап жатат.
Ордунда турган калыбында Айдындан көзүн албай атасына кайрылды.
— Сен, Сирена? Сирена дедиңби?
Өз уккан кулагына өзү ишенбей, көз алдына Мирена элестей берди.
— Жоок -жок болуусу мүмкүн эмес, акыры куюп койгондой окшоштук го мында. Же мени менен кеткиси келбей жатабы деген ойлор башына далай келип жатты.
Жарааты түзөлө электе ордунан туруп кеткени үчүн кайра ачылып канап, эсинен кете кулады.
*********
Эшик тыкылдап, ары жактан балдагын таяна шашкан жигит үзүлбөгөн үмүт менен кубанып каалганы ача койду.
Оюндагы күткөн адам жок, жүзү муңая түштү.
— Сенби? Эмне болду тынчылыкпы?
Эшик астында өзүн ыңгайсыз сезип, кайгылуу турган курбу кызды көрүп, күңк этти.
— Мен бир аз сизге шам -шум этип алууңуз үчүн бул нерселерди көтөрүп келгенмин. Мени кечириңиз өзүмдү күнөөлүү сезип жатам. Мүмкүнбү мен бир аз Миренанын буюмдарын койуп кетсем бөлмөсүнө.
Баштык ичинде толгон курбу кызы менен түшкөн сүрөттөрү, башка да буюмдары жаткан.
Кыздын болгон күчү менен айыбын жууштуу каалап жатканын эске алган ага, айласыз үйүнө киргизди.
— Кире бер.
Эшикти ачып койуп, дароо курбусунун бөлмөсүн көздөй кеткен кызды узата карап алды.
— Байкуш кыз. Сенин күнөөң жок экенин билем.
Кайра акырын эшигин жаап өз бөлмөсүнө кирип кетти.
Бөлмөнүн эшигин ачканда ичи жулуудай сезилди. Кудум эле ал да өз ээсин күткөн сыяктуу муңдуудай.
Жаткан жайына отура кетти кыз акырын.
Кудум эле ошондо кандай турса, дале ошол абалда, өзгөрбөгөн.
Баары менен курбу кыздар менен түшкөн эстеликтери бүтүн жерде илинүү турган.
Көзүнөн жашы мөлтүрөй таамп кетти. Кечее эле бирге жүргөн курбусу изсиз жоголуп кеткени акылга сыйбай жатты.
Ордунда көп отура албай, кетүүгө камынып эшикти ачты. Кулак мээни жеген телефондун ачуу үнү чырылдай бүтүн бир үйдүн ичине жаңыра түшүп, кыз түшүп алганча агасы трубканы ала койду.
— Угуп жатам. Ооба менмин агасы.
Ушул сөз гана жетиштүү болчу. Милиция кызматкерлери экенин айттырбай түшүнгөн кыз дароо үстүнкү бөлмөдөн шашып түшө, аганын жанына келди.
—Маакул! Азыр барам.
Бозоро түшкөн жигиттин үнү каргылдана араң чыгып, андан ары сөзү уланбай акырын трубканы койо салды.
— Эмне болду, кайда барасыз?
Кыз шашкалактап сурап жиберди.
— Меринанын көйнөгүн табышыптыр, жана жансыз денени. Тактоо үчүн керек экенмин.
Колу менен оозун баса калган кыз, чоочуй түштү.
— Мен дагы барам сиз менен бирге.
Экөө үйдөн чыгып, даро эле айткан дарекке жетип келишти.
Издөөгө катышкан жарандар жигитти бир көздөн аяп карап жол бошотушту.
Денесинде тамтык калбай, же денеси, же жүзү калбай тытылып эч нерсе көрүнбөгөн, чачы Миренанын чачындай узундукта көйнөгү да дал өзүндөй жансыз денени көрсөтүштү.
Коркууга түшкөн ага денеси титирей, өлгөн дененин жүзүн ача албай кыйналып турду.
Курбу кыз да жүрөгү оозуна кептелип, ичинен сыздайт.
Чоң дарыянын жээгинде чытырман кеткен калың токой арасында, , туш тараптын баары кан болуп тытылган кийимдер, буюмдар жаткан.
Өзүн сабырга чакырып, баарын ичине жуткан жигит жансыз дененин жүзүндөгү кепинди ала салды.
Көйнөгү дал өзү. Бирок бети эч нерсеси билинбей калган тытылып кеткен эле. Узун тырмактын изи жүзүнө түшүп турган.
Жүрөгү оозуна кептеле түштү. Кийими дал ошол. Ишене албай турду.
— Элес, бул Элес го.
Курбу кыз жансыз денени анык тааный жанына жүгүрүп келип чөгөлөй отура бакырып ыйлап жиберди. Акыркы жолу көргөндө Элес Мерина менен бирге баратканы эсинде. Андан кийин көрбөгөн эле.
Экөө окшош кийинишип алышкан. Өксүп ыйлап жаткан кызды жигит акырын сооротуп далысынан таптап койду.
— Кана, менин карындашым кана. Тирүү 'болсоң экен. Болгону тирүү бол.
Ичинен ушуларды ойлоп жибере көккө жүзүн бурду.
— Бул буюмдар окуя болгон жерден табылды. Балким карап көрөөрсүз карындашыңызга тийиштүү нерсе жокпу?
Ары жактан бир топ буюмдарды алып келип жерге төгүп жиберген милиция кызматкери жигитке карады.
Арасынан көзүнө урунган жалгыз нерсе ошол.
— Муну карындашым такыр чечүүчү эмес колунан.
Үнү каргылдана түшүп, жерде жаткан көздүү, кооз мончокту бекем кармап алды.
Бул, бул - дагы менин карындашыма таандык.
Канга чыланган кыпкызыл бут кийимдин бирин да таамай тааныган ага көзү менен дагы бир нерселерди издеп жатты.
— Аныкпы?
Милиция кызматкери аныктап, тактоо максатында дагы сурап алды.
—Анык! Анткени мен өзүм белек кылганмын муну.
Көзүнөн жашы кетип, жаш баладай ыйга муунуп ыйлап жиберди. Демек бул кызды ошончо кыйнаган болсо, өзүнүн карындашы тирүү экенине көзү жетпей турду.
Бут кийими, сумкасы, көз мончогу баары ушул жерден табылып жатса....
******
— Белек карасаң тээ тиги Жамалбы?
Өзү маанайы жок келе жаткан Белек Жамал дешсе ичкен ашын жерге койо турган эле. Достору көрсөткөн жакты жалт караган Белек чын эле Жамалды көрө койду. Кыз кимдир бирөөнү күтүп жаткандай сезилип, ордунда турган.
— Сулуунун сулуусу ээ чынында эле?!... Карасаң? Бах чиркин ай.
Жанындагы досторунун бирөөсү шилекейин чуурута тиктегени Белеке жага берген жок.
— Тамшанба! Ойлобой эле кой. Жамал меники.
Оозунан ушул сөздөр кандай чыкканын билбей да калган. Жанындагы досу андан бетер ызаасына тийе сүйлөдү.
—Ой тим эле эми муну кантейин? Азыр ошондо сениңче сени күтүп турат дейсинби?
Тээ тиги ортоңку айылга бир бей тааныш жигит келип калган, угушумча ошол менен бир балееси бар экен тигиңдин.
Досу шыпшына чыйт түкүрө сүйлөп алды.
Бул сөздөр Белектин ачуусуна тийбей койгон жок
— Жалган! Жамал андай кыз эмес. Ооба ал мени азыр көргүсү келбей жатат, анткени мен өзүм катуу таарынтып алганмын. Убакыт өтүшү менен кайра өзүмө кайтып келет менин Жамалым.
Белек өзүн -өзү алдоо менен алаксытып алды. Бирок тиги да койчуудай эмес.
— Ой досум ай досум. Ишенчеексин. Ал сен ойлогон, мурунку бала кездеги боз топуракта чоңойгон Жамал эмес азыр. Өзгөргөн. Койсоңчу айылда андан башка кыздар толтура эмеспи?
Жанындагы үчөө төртөөнүн «койсоңчу, токтот » дегенине карабай сүйлөй берди.
— Бирок туура да, ал эми созулган бойго жеткен кыз. Бой келбети жарашып, сулуулугу жутуп жиберчүүдөй болуп турса, анан темселеген кайдагы селсаяк экөөбүздү карамак беле? Хы -хы -хы.
Адатынча калп күлүп алды.
Угуп отургандан көрө деп, алды көздөй Жамал тарапка кадам басты Белек. Оюнда досунун сөзү эсинен кетпей турду.
— Жамал көпкө күттүңбү мени?
Аркы жактан чуркап келген жигитке кыз жылмая карады да, үн катпай күлүп койду.
— Андай деле эмес! Баары жайындабы?, көргөнүмө кубанычтамын сени.
Жете келген жигит кызды карай колдорун жетеледи.
— Оо колдоруң муздап калган го. Мындай болбойт. Азыр жылытып жиберебиз дароо.
Жамалдын колдорун кармаган жигит акырын үйлөп жиберди. Жамал да жигитке эркелей карап алды да, экөө жетелеше ары көздөй басып кетти.
Мунун баарын өз көзү менен көрүп турган Белек досунун сөзү чынында туура экенин билди. Көзүнүн жашы мөлт дей 'жүзү ылдый агып түшкөнүн да байкабай калган.
— Баары бир! Канча аракет кылсам да, баары бир мени сүйбөйт экен да деген ой мээсин жеп, жалгыз өзү, башын салбырата, кайдадыр кете берди. Белектин абалын түшүнгөн сыяктуу жанагы жанын койбогон досу да, дым боло түштү саамга.
—Кантип эле деди оюнда. Мага карматпаган колдорун, кайдагы бей тааныш жанга жетелетип, мен өппөгөн жүзүнөн кимдерге өптүрүп ээ?
Мени жекире караган көздөрү аны бир башкача сүйүү менен карап... Мен киммин? Бала кезден бирге чоңойгон элек го? Алчы, ал ким?
Ушул ойлор жанына тынчтык бербей, жүрөгүн тилип өтүп, уу сепкендей ачыштырып жатты. Көз алдында өзү периште сезген Жамалы азыр эле башка бирөөнүн кучагында басып кеткени жигитти ого бетер кыжырдантты.
— Мелис эмнеге ойлуусун?
Тамактануучу жайда бирге отурган Жамал Мелистин жанатан ойлуу отурганын байкады.
— Баары жакшы эле. Болгону жумуш боюнча кайра башка шаарга которгону жатышат мени. Сенден ажырагым келбегени ошол, эртелептен ойлуу жүрөм.
— Эмне башка шаарга кетесинби? Кечее эле келген эмес белең бул жакка?
Кыз тынчсызданып алды. Эми эле Мелис кетип калчуудай сезилди.
— Дагы аракетин көрүп, сүйлөшүп, бул жакта калуунун амалын ойлоп жатам. Сен кыжалат болбой тур.
Жамалдын колунан аяр кармай жылмайып койду.
Канча кыздын көңүлүн түшүрбөйүн деген менен, баары бир кетүүсү керек. Буларга бир жерге турууга, көп убакыт токтоп калууга мүмкүн эмес! Эч ким өздөрү билген сырды билбеши керек эмеспи. Ошондуктан да кетүүгө аргасыз. Бирок Жамалды да кыя албайт.
Жкөө көпкө сүйлөшүп бирге жүрүштү да, убакыт келген соң кыз үйүнө карай, жигит болсо өз үйүнө карай жолго түшүштү.
Түнү менен түйшөлүп уктай албай чыккан Белектин ойлоруна түрлүү ойлор келип уйку бербейт. Оюнда жөн гана калып кетүүнү каалп турган жок, колдон келсе Мелисти да жок кылууну ойлоп турду. Бирок Мелис ким экенинен да бей тааныш. Кирпик какпай чыккан дагы бир жолу сүйлөшүүнү каалап, таң атпай Жамал тарапка кадам басты.
Атасына дары жасоого жардам берип, токой аралап түрдүү чөптөрдү тергени чыккан Жамал Белектин турганын көрө койду.
Шашыла келген Белек кызды колдон алып, тээ бурчка карай тартты.
— Кандайсын Жамал? Сүйлөшүп алсак болобу?
Жанатан оюнда толтура нерсе ойлоп келип, канчалык катуу айтайын десе да, Жамалын көргөндө тили байланып өзүн жогото түшөт. Жанагы жиндин баары кайтып, акырын сүйлөп алды.
— Белек бул жакта эмне кылып жүрөсүн?
Жамал колун жулкуп бошотуп, ачуулу үн катты.
— Мен сени менен сүйлөшкүм келди. Жамал ал ким?
Кыз жигиттин суроосунан ким тууралуу сөз кетип жатканын түшүндү.
— Сага кандай тиешеси бар анын, эмне болду?
— Жамал ал ким?
Мында эми Белектин үнү мурдагыдан ачуулу чыкты.
— Ал менин сүйгөнүм! Болду кыл!
Уккан кулагына ишене албаган Белек кызга карады.
— Кайталачы! Ишенбейм! Кайтала ким дедиң? Көздөрүмө карап айт!
— Ал менин сүйгөнүм ашыгым. Жакшы көрөм ал жигитти. Ооба сүйүп калдым. Бир гана жолу көрүп жактырдым. Эмне сурайсын дагы?
Кыздын сөздөрү Белектин кулагына бири -кирсе, бири кирбей жатты. Ишенгиси келбей акыркы үмүтүн өчүп бараткан сыяктуу көзүнө жаш тамчылай түштү.
— Мага айткан сөздөрүңчү? Бала кезде бирге болобуз ар дайым, сен мени таштабайсын, мен сенин өмүр бою жаныңда болом дегениң, жакында эле, жактырам дегениңчи?... Булар жалган беле а? Жалган беле, менин сүйүүм оюнчук болдубу?
Белек ызырына түштү. Кыз да андан калган жок.
— Билишти каалайсынбы? Ооба айтам анда угуп тур.
— Сени сүйбөшүмдү айтайынбы качан сездим? Мелисти тапканымда! Ал мага сүйүү кандай экенин көрсөттү. Ичимдеги сага болгон сезимдерим өчүп, ага тутанды. Ал менин жүрөгүмө кирип алды. Мен сүйөм аны гана. Сүйүү эмне экенин эми билдим. Сага болгон сезимдер өткүнчү экенин ошондо билдим. Жек көрүп кеттим сени.
Кыздын көздөрүнө тигиле караган Белек ачуу болсо да чындыкты көрө, жанына батып кеткен сөздөн улам чыдай албай, жаак талаштыра кызды чаап жиберди.
Үнү дароо басылган кыз жашылдана көздөрүнө жаш толо, жек көрүү менен Белекке карады.
Шашкалактап өзү кантип колу барганын билбей калган Белек кайра алдастай кызга жалына берди.
— Жамал... Жамал мени кечирчи, мен өзүм да билбей калдым.
Бирок Жамалдын көзүндөгү жек көрүү Белектин жүрөгүн тешип өтүп, жакындай албай, оозунан сөзү түшүп, турган жеринде катты.
— Мага жолобо! Эч качан жолобо!
Ушул сөздү айткан кыз артына карабай чуркап үйүнө кирип кетти.
*************
Түн: Тээ тоо беттеген калың токойдун арасында жалгыз өзү отурган караан. Жанындагы карагайдын бутактарына буту менен асыла уктап жаткан жарганаттары коргоочусундай сезилет.
Өзү менен өзү сүйлөшүп колундагы тумарды ачып, андагы сулуу аялга телмире тиктейт.
— Эмнеге? Эмне үчүн? Түшүнбөймүн, жүрөгүмдө сага деген кекпи, же башкабы түшүнбөйм! Бирок ичимдеги жанган өрт өчпөй келет. Мени таштап, мени унутуп басып кеткениң эсимден кетпейт. Эмнеге билбейм. Балким сенин каныңдан жаралган кызыңды тапканда бир нерсе болоор жүрөгүмдө. Ага чейин мен издейм, кыдырам! Сиренаны албетте табам. Жамал!!!
Жаңырып угулган үндөн улам Сирена селт эте уйкудан ойгонду!
Уландысы бар.
Салам достор. Бизде свет кечее эрте менен өчкөн бойдон жанараакта жанды. Кап этпеңиздер. Бүгүн экини чыгарууга аракет кылам ээ сиздер үчүн.
Чыгарма түшүнүктүү элеби? Жамал ким деп ойлойсуздар? Жаңы каармандар кошулуп, түшүнбөй калып жаткан жоксуздарбы? Күткөнүңүздөр үчүн ыраазычылык!
Автор ✍
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 38
Бүгүн да чыгуусун күтүөм
Жамал Белекти чанып кеттиго