Коз коркок кол баатыр
⠀
✍🏻Бийик тоого жүздөгөн курбакалар секире баштаса, миңдеген курбакалар эки четте карап турушат. Мелдеш башталар замат тоонун бийиктигин көрүп, эки капталдагы бакалар:
⠀
"БЕЧАРАЛАР, БАЙКУШТАР, ЖЕТЕ АЛБАЙСЫҢАР!" - деп бакыра башташат. Чындап эле жарым жолдон курбакалар кулай башташат. Баары кулай берип, акырында бир гана курбака бийик чокуга жетет.Башка курбакалардын баары жетип барып: "Азаматсың, бир гана сен жеттиң. Кантип жеттиң, сыры эмнеде? "-деп суроо узатат.
Баарын карап турган жеңүүчү курбака СӨӨМӨЙҮ МЕНЕН 2 КУЛАГЫН КӨРСӨТҮП, КУЛАГЫ УКПАГАНЫН ТҮШҮНДҮРӨТ. Көрсө ал курбака ДҮЛӨЙ экен.
⠀
☝🏻ЖЫЙЫНТЫГЫНДА
⠀
Баарына кулак сала берсең эч нерсе кыла албайсың.
Тескерисинче депрессияга кабылып, психигиң чыгып, эрте эле өлүп каласың. Көздөгөн бийик максатыңа бекем кадамыңды таштап бара бер. Көңүлүңдү калтыра турган бир да сөздү укпа, андайларга ДҮЛӨЙ кейпин кийип ал!
⠀
Жакшы жашоо кааласаң
Жакшы кеңеш - билип ал
Көңүл бурбай ар кимге
Жинди чалыш болуп ал.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев