Предыдущая публикация
Эне тилдин желегин
Желбиретип жүрөлү
Привет, окей дебестен
Нагыз тилде сүйлөйлү
Акыя,акыя
Жамал досту Женя деп
Дося болду Досумбек
Бурмалабай бул тилди
Так сүйлөйлү келгиле
Жоранын аты Жолдубек
Акыя,акыя
,акый, акый,акыя
Кыргыз тилин билбейсиң
Орусчалап сүйлөйсүң
Кадырын билбей тилиңдин
Зачем,даже,ну дейсиң
Акыя,акыя, мына ушундай окуя
Аның дагы жөндүү кеп
Мама дебей АПА деп
Энелерден баштайлы
Эне тилин сыйлайлы
Акыя,акыя
Эне тилин сыйлабас
Тентектерди тыялы
Урпактарга эртеңки
Уят болуп калбайлы
Акыя,акыя
Эне тилдин мыйзамы
30 жыл мурун чыкканы
Ошол күндөн уланып
Тил майрамы аталды
Тийишпе мага жөнү жок
Өзүң да жакшы билип ал
Кыргыз тилин сүйүп ал
Чын жүрөктөн күйүп ал
Акыя,акыя
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2