Жылдыз апасына караганда атасына өтө жакын. Эркелеп мойнуна асылып, атасынын жанын койбойт. Анын эркелегенине атасы кубанып, жерге койбой көтөрөт. Үч- төрт жашар Жылдыз атасынын эрмеги. Атасын бир күн көрбөй калса куса болуп, тамак ичпей же уктабай апасын кыйнайт. Уктабай кыйнаган Жылдызды атасынын тонуна ороп койсо уктап калчу. Апасы Сабира кызынын бул жоругуна бирде кубанса, бирде арданчу. Адатта кыз бала энесине жакын болчу эле, ал эми Жылдыз атасына жакын. Атасы Кабай да кызын өөп- жыттап, Сабира урушуп койсо кадимкидей таарынып калаар эле.
-Тырмактай кызды неге урушасын эми? Урушканыңды бул түшүнмөк беле? Эсине кире элек неме? Бул чоноюп адам болгуча качаан? Этияттап эле мамиле кыл балага байбиче-дечү Кабай.
- Абышка болуша берип абдан эрке кылып койдуң.
-Болушат да анан, же урушканынды түшүнбөсө кичине неме,Чоңоюп алса бир кыз болот кызым. Өзү деле тушунуп калат баарын. Байбиче суранаарым Жыкыны урушпачы. Ушуну урушсаң эле жүргүм ачышып кетет экен.
-Абышкам аай, биринчиден кыз баланы энеси тарбиялайт. Экинчиден бул бирөөнүн баласы экенин унутпа. Өтө эркелетип азабын тартып жүрбөйлү. Шарипа менен Алымбай кийин бизге док кылбасын абышка, абайлайлы макулбу -деди Сабира.
Кабай кабагын чыта бир топ отурду да, бышылдап уктап жаткан кызды мандай чачынан жыттап койду. Анан бвйбичесине:-
- Сабиш сен мага капа болбо. Мен сенин айтканына каршымын. Менин кызымбы? Демек менин кызым. Шарипа менен Алимбайдан багабыз деп алгандан кийин эркелетип багам. Сен уулунду Тиленбайыңды карай бер. Кызым экөөбүзгө киришпе. Үчкө чыга элек кыз ата- эне мээримин алыш керек. Өз ата-энесинен алгандан кийин, өз ата- энесиндей эркелетүүгө милдеттүүбүз го.
-Тиленбайга тийишпе абышка, ал уул бала эркелесе жарашат. Кыз бала эрке болуп каякка бармак эле ?-деди Сабира кабагын чытый.
-Тиленбайың ондон өтүп калды. Эби жок эркелетесиң, мен бир нерсе деп киришип атамбы? Жылдызды же өзүң эркелетип жыргатпадың, же мен эркелетсем жактырбайсың? Менин бакканыма кирише бере турган болсоң, Алымбайдын өзүнө алып барып берем анда- деди Кабай.
- Ал эмне деген сөз абышка? - деп Сабира таң кала карады.
- Түшүндүң деп ойлойум Сакишбий ? Баланын жүрөгүндө эч нерсе калбаш керек. Мага утурумдук эрмеги эле, кудай өмүрүн берсе бир кыз болот. Жүрөгүндө биз тууралуу керемет татуу гана нерсе калсын. Макулбу байбичем. Мени сыйласаң кызым экөөбүзгө тийиштик кылба. Ал менсиз, мен ансыз тура албайбыз. Жок киришип экөөбүздү кыса берсеңер, өз ата энесинин колуна берем -деди Кабай.
Сабира кабак чытый жөн гана баш ийкеп койду. Экөө узун түндө өз ойлору менен алек.
Сабиранын көз алдына алгычкы жолу Кабай менен таанышканы, турмуш курганы эсине түштү. Кабайдын мурунку аялы Тиленбайды төрөгөндөн кийин каза болгон. Беш кыздуу болгон Кабай, утуру кыз төрөй берген аялын кунөөлөп ичип да кеткен экен. Өзү бир атадан жалгыз болгондуктан көзүнөн уул бала учуп турган Кабайды беш кыз сүйүнтө алган жок. Кыз төрөгөнүнө күнөөкөр Камила ичинен гана эзилип жүрөт. Кабайдын курч мезгили болгондуктан өзүнчө ар түрдүү ойдун кучагында. .Ошол мезгилде алысыраак бир агалары каза болуп, балдарына баш-көз болсун деп, жеңесине нике кыйдырып коюшат.
Бул Камилага өтө оор тийди. Көз көрүнө күйөөсүн тарттырып, нары карап ыйлап, бери карап күлүп кыздарынын өмүрүн тилеп кудайдан жалынып бир уул сурайт. Кабайдын жеңе алган аялы Зууракан уул төрөп берет. Бул Кабайды кубантты, бирок беш кызы менен Камиланы биротоло таштап койгон жок. Күндөшү уул төрөгөнг арданып кеттиби, же кудайга ыйы жеттиби, Камиланын да боюнда болуп, балканактай аппак уул төрөп алды. Ошондогу Камиланын сүйүнүчү айтып бүткүс. Уул төрөп кубанган аял жатып бели-башын тыңытуу дегенди элес албай, оокат-тиргилике баш оту менен кирип кетти. Камиласы уул төрөп, үйү күлкүгө толуп, бактылуу болгон Кабай Зуураканга барууга чолоосу жок. Зууракан Кабайдан төгөрөн уулунун атын Ырысбек койгон. Ырысбек да каз-казга туруп калган. Ак жүздүү уулун өпкүлөгөн Зууракан, Камиланын уул төрөгөнүнө ичи оорунуп жүрдү. Ал эми Камила төрөттөн кийин бат-баттан ичи түйүлө ооруп калганына анча маани бербей жүрө берип, бир куну турбай төшөкө жатып калды. Чебелектенген кыздары, Кабай үстүнө үйрүлүп түшкөнү менен дартына дабаа таба албай, колдорунан эч нерсе келбей, көз жаштары көл. Ал эми Камила күндөн- күнгө төмөндөй берди.
Бир күнү Кабайды чакырып:-
--Абышка, мен адам болбойт окшойм. Сага кыйын болот эми. Тиленбайыңдын абалын кантет экенсин. Беш кыздын тагдыры да жеңил эмес. Уулуму, Тиленбайымды эптеп чонойтуп ал сага амаанат. Алып келчи бир жыттап алайын-деди.
-Каяктагыны айтасын да. Кудайым кааласа жакшы болуп кетесиң. Балаң чонойсо бизди багат-деп Кабай уулун жыттап койду.
Бул жөн гана көнүл көтөргөн сөз болчу. Канча өмүрү калганын догдурлар дагы айткан эле. Көпкө жашай албады. Күнү бүтүп суусу түгөнгөн Камила бул жарык дүйнө менен коштошуп кете берди. Үч айлык уулун бооруна кыскан Кабай беш кызы менен ботодой боздоп Камиланы акыркы сапарга узатып кала берди.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев