Аз кандуулуктун келип чыгышына канды көп жоготуу (катуу кармаган жана өнөкөт кан агуудан), эритроциттердин бузулушунун күчөшү (гемолиздик аз кандуулук), кан пайда болуунун бузулушу (организмде темирдин, кээ бир витаминдин жетишсиздигинен, чучуктун жабыркашынан), ошондой эле кээ бир жугуштуу оорулар (кургак учук, дизентерия жана башкалар) себеп болот.
Ошондой эле, организмде В12 витамини менен темирдин жетишсиздигинен болгон аз кандуулук көп учурайт. Темир организмдин тиричилигинде чоң мааниге ээ. Ал эритроциттеги гемоглобиндин, ферменттердин курамына да кирет. Темирдин жетишсиздиги көбүнчө кан жоготуудан (узакка созулуп, кан көп кеткен этек кир, геморой жана башкалар) болот.
Темир жетишпеген аз кандуулуктун өөрчүшүнө көп төрөө, баланы көпкө эмизүү да түрткү берет. Эгер эненин организминде темир аз болсо эмчектеги балада да аз кандуулук өнүгөт. Жаш балдардагы темир жетишпегендиктен болуучу аз кандуулук аларды туура эмес тамактандыруудан - этти аз бергенден да болот.
Мындай аз кандуулук ара төрөлгөн балада болушу мүмкүн, себеби алар энеден керектүү темирди алууга үлгүрбөй калышат. Ошондой эле организминде темир жетишпеген энеден төрөлгөн кыздарда жыныстык жетилүү мезгилинде да аз кандуулук өнүгөт.
Белгилери: Аз кандуулуктун белгилери - канда гемоглобиндин төмөндөшү, энтигүү, жүрөктүн тез кагышы; Гемоглобиндин саны бир кыйла төмөндөйт. Мында оорулуу кубарып, бат чарчайт, башы ооруйт, көзү чыбырчыктап, башы айланат, чачы түшүп, тырмагы сынып, ичи өтүшү ыктымал; Андай кишилер бор, аки таш жегиси келет. Туздуу, өткүр тамакты жакшы көрөт. Темир жетишпеген аз кандуулуктун алдын алууда кан көп кеткен жерди өз убагында таап, аны токтотуу, туура тамактануу чоң роль ойнойт. Боюнда бар жана эмчек эмизген аялдардын тамагында эттин жетишерлик болушу эне менен баланы аз кандуулуктан сактайт. Темирдин жетишсиздигинен болгон аз кандуулукта догдурдун көрсөтмөсү боюнча темир дарылары менен амбулаториялык шартта узакка, такай дарылануу керек. Организмде В12 витамини жетишсиздигинен кан пайда болуу бузулуп, канда эритроциттердин көлөмү чоңоюп, саны азаят. В12 витамини жетишсиздиктен болгон аз кандуулук көбүнчө карындын былжыр чели жабыркаган, ошондой эле мите ооруларынан жапа тарткан кишилерде жолугат. Мында аз кандуулукка мүнөздүү белгилерден тышкаркы тил ачышат, ич өтөт, күчөп кеткенде нерв системасын жабыркатат.
Аз кандуулуктун ( Анемиянын) алдын алса болот. Кантип; деген суроону бересиздер) Форевер Алоэ вера компаниясы озунун халял продукциялары менен дуйного таанылган. Алоэ Вера продукциялары иммунитетти гемоглобинди которот. Жаш балдардан баштап улуу муундагы баардыгы ичсе болот. Эч кандай химикат краситель кошулмалар кошулбаган. Табигый алоэден жасалган. 100% горантиясы менен сатабыз.
Заказ берем ДЕСЕНИЗДЕР УШУЛ НОМЕРЛЕРГЕ КАЙРЫЛСАНЫЗ БОЛОТ ТЕЛ 0700037377..
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев