– Балдар, биз түндөп аларга жакындап барып Үмөтаалыны алып качышыбыз керек, эгер атышып калса жооп кайтарууга туура келет, – деди Атабек.
– Алар оңой жоо эмес, этиет болушубуз керек, – деди Исламбек.
– Туура, сак бололу, биздин максат Үмөтаалыны бошотуу, эптеп анын кай жерде экенин, кантип куткаруу керектигин билип алсак андан ары дагы көрөбүз.
Түндөп жол баштаган Атабек күндүзү түтүн чыгып жаткан жерди болжолдоп баратты. Бир кезде аттын бышкырыгы, адамдардын кобуру угулуп, аттан түшүп Атабек караган аралай кетип атып тык токтоду. Отту чоң жагып койуп бир койдун этин асып алып тегеректеп отургандар өздөрүнчө кобурап атышты:
– Тиги күчүктүн бизге эмне кереги бар, же ал күчүк атасынын алтынынын кайда экенин билбесе, жүк кылып жүрбөй эле көзүн тазалап салбайлыбы? – Бириси четте үңкүйүп отурган сөлөкөтү чоң лөкүйгөн сакал-муруту калың кишини карады.
– Чынында жүк болот, пайдасы да жок, ансыз да күнөөбүз чоң, өлтүрүп эмне кылабыз, андан көрө кайда барсаң айда бар деп бошотуп ийбейлиби, ансыз да ээн, бөрүсү көп талаада чөөлөргө жем болот.
– Өзүбүз эптеп кетип атып ал күчүктүн азабын тартпай бир жаңсыл кылалы, кыйнабай эле атып салам! – Бириси мылтыгын ала коюп Үмөтаалыны көздөй басты.
– Абалар, мени өлтүрө көрбөгүлө, чынында атамдын алтыны бар экенин билбейм, ал жөнүндө мага айткан да эмес… – бала жалдырап ыйлап ийди. Атабек окуянын кай жакка бурулаарын билбей карап турду. Анын колунда мылтык: «Эгер атууга камынса аны мен атып таштайм» деген ойдо даяр. Бирок алардын башчысы:
– Тим кой, жашай берсин… – деп койду үңкүйүп отурган бойдон.
Ошол бойдон Үмөтаалы менен эч кимисинин иши да жок болуп калды көрүнөт, беш-алтоо тамактанып алып ээр-токумдарын баштарына жаздап, көрпөчөлөрүн төшөнүштү да жатып алышты. Атабек алардын кыймыл-аракеттерин көздөп отуруп үргүлөп кетиптир, ойгонуп жыла басып барып баланы чечип алайын дегенде ал чоочуп кетти. Оозун баса калган Атабек:
– Акырын, үнүңдү чыгарсаң тигилер ойгонуп кетишет, сени бошоткону артыңдан келгенбиз, мен Атабекмин, – деп шыбыраганда үндөбөй калды. Аны бошотуп алып шырт алдырбай жөнөп тез эле атын тушап койгон жерге келсе ат оттоп турган экен, Үмөтаалыны артына учкаштырды да шериктерине жете келди. Аны көргөн шериктери:
– Оо-ой баатыр, жолдош Атабек Кудайкулович, сиз жөн эле мышыктан да сак, илбирстен илгир болуп кеткенсиз го, кечигип калганыңыздан барсакпы деп жаттык эле…
– Балдар, тезирээк жөнөбөсөк биздин Үмөтаалыны бошотуп кеткенибизди билсе кууп келиши мүмкүн, бирок алар бул өрөөндөн чыгып кеткени жатышат, эмнеси болсо да эртелеп жолубузга түшүп изибизди суутпасак болбойт.
– Токтоп туруунун кажетти жок, көздөн далда жогололу. Даяр турган жигиттердин кээ бири эрдемсип душман менен согушпай кетип жатканына ичтен өкүнсө кээси: «жакшы болду аман-эсен кайттык, кимибизди ажал тооруйт деп коркуп аттым эле», – кубанып кетип атышты. Атабек Үмөтаалыны учкачтырган бойдон туура эле Жандардын үйүнө өкүрүп түштү. Ажар уулунун аман-эсен келгенине сүйүнүп бир жактан күйөөсү Жандардын өлгөнүнө ичи кайышса да тобо кылып алды. Ызат-сый кылып өлүк көмүү каадасы бүткөндөн кийин Атабек:
– Апа, мен эми үйгө барайын, Айым жаш төрөгөн эле, мен сүйүнчүлөгөнү келип ушул ишке туш болдум, – деди жер карай.
– Ий-ии кагылайын, аман төрөп алып жакшы болгон тура, уулбу же кызбы? – Ажар күйпөлөктөй сурады.
– Уул, – Атабек уялгандай жылмайды.
– Болсун балам, уулуңдун жаны аман, ырыс кешиктүү болсун!
Ажар сандыгын ача аңтарып Айымга деген белектери менен катып жүргөн баалуу маталарын алып бууп-түйүп Атабекке берди, – буларды ал балам, сүйүнчүңө өзүңө күрмө шым тиктирип ал, Айым өзүнө көйнөк тиктирип алсын!
– Тим эле койсоңуз… – Атабек саал тартына кайын энесинен ыйбаа кылып, – Өзүңүз барганда алып барат элеңиз да, – деди.
– Ошол кантип болсун балам, жаңы көз чоңойо берсин, мен жакында бара албайм го, тоодой-таштай атаңар өлүп атса айылчылап кетсем болбойт.
– Аныңыз туура, биз өзүбүз атам менен апамды ээрчитип келип кетебиз.
– Оой кокуй күн, Айым тыңымайынча келбей эле койгула, өлчү атасы өлдү, ден-соолугуна карасын.
– Мейли анда, атамдар келип кетет.
– Ошент айланайын, Айымды кыйнап койбогула, жакшылап тыңысын.
– Анда жакшы тургула, мен кетейин, – Атабек Үмөтаалыга карады, – Сен эми чоңойдуң, апамды жакшы кара, өзүңө сак бол! – деп аттанып кетти.
Айымгүл бул убакта Атабектин кечиккенине кабатырланып жол карап Бекей энеге баланы берип өзү улам кирип чыгып жатты. Эртеси эле Кудайкул менен Зире ээрчишип келип кетишти. Аларды көргөн Айымгүл ыйбаа кыла үйгө кирип кетти:
– Эне, Атабектин ата-энеси келатат, эмне кылам? – деп Бекей энени карады эле ал баланы жаткырып коюп:
– Балам, эмне кылмак элең, жүгүнүп кайната-кайненеңдин батасын ал, мен тосуп келейин, – деп сыртка чыгып алардын алдынан тосту.
– Келгиле коноктор, келиниңер менен неберени көргөнү келатасыңар го, үйгө киргиле, – деп баштап кирди. Алар киргенде жоолугун алдыга салынып жүгүнүп атты.
– Бай бол садага, алганың менен тең карып артыңды мал, алдыңды бала бассын, кармашкан колуңар ажырабай жалгызыма жөлөк болуп, ак жолтой жар бол! – Зире кубанычын жашыра албай ыйлап ийди, келининин жүзүндөгү жоолугун ала эки бетинен өөп, – көп жаша, эч нерседен кем болбогула! – деп анан төрдө жөрчөктө жаткан эки күндүк наристеге жүткүндү, – Айланып кетейин чүрпөм, ушуну көрсөткөн кудайга шүгүрчүлүк. Ээ жараткан, ушунуңа тобо! – али көзүнүн бири ачылып бири жумулган оозун чормоңдото эмчек издеген наристени колуна ала жыттап жатты. Кудайкул дагы алкап, алакан жая жүгүнүп жаткан келинине батасын берип Бекей энеге ырымы кылып көрүндүккө беш теңге карматты да, баланы эркелетип кубанычтан бирде ыйлап, бирде күлүп эзилип жаткан кемпирине жетип наристени колуна алды.
– Оо айланайын мурдуңдан, тукум улаарым, мөмөм менин, Манас атанын арбагы колдоп чыгаан уулдардан боло жүр, өмүрүң узун, келечегиң кең болсун, жыттоочум! – деп сакалына ылдый куйулган жашына ээ боло албай кобурай берди.
– Небереңерди, келиниңерди көрүп көңүлүңөр жайланды, эми жайланышып олтуруп чайга карагыла! – Бекей эне баятан бери кызыл эт балапанды алмак-салмак колдоруна алып эркелетип жаткан бактылуу жандарды карап өзүнүн ички өкүнүчүн, арман көз-жашынан чыгара нес болгондой тура берген экен, бир кезде селт эте чочуп эсине келе жашын аарчый тигилерге карады. – Кубанчыңарды кудай кут кылсын, кудай сүйгөн пенде экенсиңер, айланайын… – Бекей эне шуу үшкүрүнө ичтеги күйүтүн үйлөп алгандай унчукту.
– Ай-ай чал, экөөбүз небере менен алышып атып үй ээси менен учурашпай эле божурап атканыбызды кара, – деп Бекей энеге карады, – кандай курдаш мал-жан аман, ден-соолукта турасыңбы? Атабегиме апа болуп, кыйын кезде калкалап алганыңызга ыраазыбыз, кудай тилегиңди берип бактылуу карылыкта өмүр сүр айланайын, – Зире Бекей энени кучактай көрүштү.
– Биз ыраазы, кудай ыраазы, ылайым кем болбо карындашым, – Кудайкул кемпирин коштоду.
– Ой чал, тиги куржундагыны алып келсең боло, – дегенде Айымгүл:
– Апа, аларды мен киргизип койдум, – деди иймене.
– Аа садага кетейин, андай оор нерсени көтөрбөй жүр, жаңы эле төрөсөң, жакшылап жаныбасаң оорукчан болуп каласың, жашашың керек, – Зире келинин аяй сүйлөдү.
– Мен деле айтып атам, Атабек кечиккенинен эле тынчы кетип жол карап сыртка кирип-чыгып атпайбы, – Бекей эне сөзгө кошулду
Бабырашып бир топко чейин отурушуп улам чукуранып жаткан наристеге жалынып-жалбарып койот Зире:
– Тигине бышык эт, чийки эт бар балам, биякка келгенден кийин кичине мал күтүп калдык эле, бир козу союп ала келдик, сени тыңытып уулумду багайын, ушу күндү көрдүм ээ жараткан! – жакасын кармай тобо келтирип койот улам.
– Ээ кемпир, бирөөгө пайдадан башка зыян кылбасак, кудай да калыстык кылат да.
Аңгыча Айымгүл куржундун бир көзүндөгү бышык этти табакка салып алып келди да ортого койду. Устукандан Атабекке жилик алып коюп анан Айымгүлгө кабырга менен төштү жылдырып:
– Кызым сен биздин кызыбыз да келинибиз да өзүңсүң, тигил күйөөдөгү эки кыз дагы укса келишет, бир жылдан ашык силердин дайыныңарды укпай жинди болуп кете жаздадык, алар бирөөнүн бүлөсү, Атабек экөөң биздин маңдайыбызда болуп өлсөк ызааттап көмөсүңөр!
►►►►►
11-Бөлүм
– Коюңузчу апа, эми эле табышып отуруп өлүмдү айтпаңыз, уулуңардын урмат-сыйын көрүңүздөр… – Айымгүл ушул кезде ойлуу боло калып: «эми менин ата-энем келип калса», – деп босогону тиктей үмүттүү отуруп кайра селт эте өз оюнан өзү чоочуп алды: «атам өтө ажыкыс киши эмеспи, ушу кул менен бир дасторкондо кантип отуруп, кантип куда деп айтып сыйлашам», деп чатак чыгарбас бекен» – деген ойго термеле түштү.
– Айым, сага эмне болду, жылуу жатсаң боло, төрөгөнүңө үч күн болду, белиң катпай кыйналасың, ооруп турган жоксуңбу? – Бекей эне кабатырлана сурады.
– Жо-ок, жок ооруган деле жокмун, – Айымгүл кыңырыла калып жооп берди.
– Чай-пайды өзүбүз эле кайнатабыз, уулуңду эмиз айланайын, – Зире өздөрүнөн тартынып жата албасын сезди да баланы ага берди, – өз убагында эмизип турбасаң болбойт.
Айымгүл баланы алып ары карап эмизе баштады: «эмнеге Атабек кайда деп бир ооз да сурашпайт же жолугуп келишкенби, эгер буларга жолугуп үйдү таап берген болсо неге кечикти», – деп ойлоп сары-санаага бата берди. Кудайкул менен Зире дагы Жандардын өлгөнүн Айымгүл уга элек экенин өздөрүнчө сезип: «уга элек тура атасынын өлгөнүн, эми Атабек келгенден кийин угузуп алып барат» деген ойдо көздөрү менен сүйлөшүп атышты. Ала келишкен этти жеп отуруп Бекей эне сөздөн-сөз чыгып олтуруп өзүнүн тагдыры жөнүндө айтып кирди.
– Оо ал узун кеп, – деп баштады Бекей эне, – беш баланын улуусу элем. Шералынын беш баласы бар: эки кыз, үч уул. Бегимайды өтө эркелетип коюшкан. Орто чарбасы менен дыйканчылык кылып жан баккан Шералынын аялы Күмүш өтө жоош, бирөөгө жаман айтпаган аял эле. Улуусу Бегайым он бешке караганда келин кылып алганы өз айылынан эле Жорош үйүнө аялы менен келип калды. Ал өзүнө окшогон адам. Баласы Беккул Бегимайды жактырып калып сөйкө салганы келишкен. Бегимай так секирип туруп алды. Анткени анын көңүлүнө жаккан жигити бар болчу, экөө эл көзүнөн далдоо жерде жолуга калып сүйлөшүп жүрүшкөн. Ал убакта сүйдүм-күйдүм деп басып кетчү чанда боло турган, ата-эненин айтканы айткандай болчу. Бирок Бегимай эркелигине салып апасынын сөзүн укпай:
– Мен өзүм каалаганга чыгам, Жороштун баласы мага тең эмес! – деп туруп алды.
– Кызым, мени элге шерменде кылба, өзүбүзгө ылайык, өтө качкан байлыгыбыз жок, чааракерлик менен жашап келатабыз, сени бактылуу болсун деген эле тилегибиз, – Шералы кызына катуу айтпады.
– Бул кылыгың болбойт, кайсы кудай урган кыз ата-эненин сөзүн укпай тескери басып кетчү эле, андай болсо турпагыбызды түйүп беребиз, биротоло кайрылгыс болуп каалаган жагыңа кет! – апасы катуу тилдеди. Ошондо Бегимай көзүнүн жашын салаа-салаа кылып макул болгондой отуруп калды. Үч күндөн кийин ага сөйкө салып кийинки аптада кол менен алы кетишти. Жоолукту алдына жүзүн жаба салынып отурган келинге сырттан кирген өзүнүн сиңдиси акырын келип кулагына шыбырап кайра чыгып кетти. Ошондо Бегимай сыртка чыгып келүүгө суранып чыгып ажатканага карай басты эле алдынан Бообек чыга калып: -Бегимай жүр кеттик, мен сени биерге отургузбайм, бол эрте, – деп колдон ала шыбырай ары көздөй жетеледи. Кыз сүйгөнүн көрүп сүйүнгөнүнөн эч нерсени ойлобой кошо жүгүрдү. Бообек коңшу Кеңеш айылынан. Короодон чыгып атка өңөрдү да чү коюп тез эле үйүнө жетти. Бообек жалгыз бала болчу. Ата-энеси сүйүнүп-сүрдүгүп тосуп алышты. Көңүлү менен келген келин жадырап-жайнап көшөгөдө отурганда эртеси Беккулдун апасы келди да босого отуруп алып, алаканын бирин тескери бирин оң кылып алып бата берип:
– Оңбой кал Бегимай, этегиң канап бала күтпө, кара басып төрөгөн балаң турбасын, эгерим эки болбо, эл ичинде боз ала болуп жүрүп өт! – деди да этегин кагына чыгып кетти. Отурган аялдардын кээ бири эмне болуп кеткенине түшүнбөй, кээси бири-бирин карап беттерин чоюп калганда Бообектин апасы кирип келип:
– Каргышың кара башыңа, эмеле эшиктен кирген келинге эмне мындай кагыш айтып атасың, чык үйдөн, сендей ниети бузуктар кирчү үй эмес менин үйүм! – деп артынан кыйкырып калды. Ошол ошо болду. Андан кийин келиндин тоюу болду, куугунчу келип алына жараша калың берип эки жак ымалалашып куда-кудагый болуп калышты. Эки жаш ынтымактуу жашап бири-бирисиз убакыт өтпөй качан болсо ээрчишип бирге жүрүшөт. Бирок арадан алты жыл өтсө да боюна болбой жүрүп акыры күткөн кубанычтуу мүнөттөр аларга жетти. Айы күнү жетип төрөөр убакта Бегимайды кара басып куучу чалды чакырып келип эптеп өзүн аман сактап калды. Балканактай бала өлүк түштү. Ыйлап-сыктаган келин арадан үч ай өткөндө дагы кош бойлуу экенин билди. Эч кимге айтпай кыштоого атасынын үйүнө барып төрөгүсү келди. Анда да өзү аман калып баласы жок болуп калды. Ошентип жылда төрөгөн баласы жылда жок боло берди, ата-энеси Бегимайды кетиргенге аракеттенди эле ага Бообек каршы болду:
– Ата, апа, Бекей мен үчүн барган жеринен баса берген, биз бири-бирибизди сүйөбүз, – Бообек такай Бегимайды Беки деп эркелетип айткандан улам аны баары ошентип чакырышчу. – Мен үчүн ал каргышка калды, анын убалы кимге, төрөп-төрөп азап тартып анын деле жүрөгү ооруп сыздап жүрөт.
– Уулум, биз сенин учугуң уланып очор-бачар болуп үйүңө бала ойноп турса дейбиз да.
– Ошону айтсаң, өзүң жалгыз болсоң, бала көрбөй жашың өтүп кетсе… – апасы көз жашы кылып алды.
– Пешенеге жазганды көрөөрмүн, Бекейдин жүрөгүн оорутуп кетире албайм! – Бообек ушуну айтты да чыгып кетти. Бегимай булардын сөзүн бүт укту. Түндөп кетип калууну ойлоп кийим-кечесин даярдап жатканда кайненеси:
– Беки сени алакачкан үйгө, каргышың кара башыңа тийгир кемпирге барып алдынан өтүп келели, ошондо бир жакшылык болоор… – деп үшкүрүндү.
Эртеси эле коңшу айылга барышты. Беккулдун апасынын өлгөнүнө эки жыл болгон экен, ага куран окутуп кайтышты. Дасторкондо отурганда:
– Беккулдун апасы абдан каардуу, каргаганы кайт болбогон аял эле, ошондо эле алдынан өтсөңөр болмок экен, – деди бирөөсү.
– Мынчалык болоорун кайдан билдик, уулубуз жалгыз, балалуу болуп очор-бачар болбосо бизге эле кыйын болду. – Ата-эне ойлуу босогодон аттап чыгып баратышты. Бегимай ошол эле күнү ата-энесинин үйүнө баса берди, канча жолу Бообек келсе да болбоду:
– Бообек сен мени караба, үйлөнүп балалуу бол, мен эми барбайм, мени сүйгөнүң чын болсо айтканымды аткар:
– Жок-жок Беки, мен сенсиз жашай албайм, кетпейм эч жакка, сен каерде болсоң мен ошерде болом, – Бообек көпкө чейин Бегимай менен кайнатасынын үйүндө жүрдү. Бегимай күйөөсүн көндүрүп акыры үйүнө жөнөттү: «Эгер кетпесең мен өзүмдү өлтүрүп анан кутулам. Бообек, сен менин тирүү жүрүшүмдү кааласаң үйлөн, атам менен апам да мени каргап жатышкандыр, мени жакшы көрөөрүң, сүйөөрүң чын болсо баргын», дегенде ал аргасыз коштошуп кетти. Эки жылдан кийин Бообек үйлөнүп уулду болгонун укту, укканда сүйүнүчү, өкүнүчү, арманы көкүрөгүн өрттөп ботодой боздоп жатты. Канчалык өзүн кармап өз сүйгөнүн бирөөгө салып берип тагдырдын жазмышына көнүп бергени менен башкага Бообегин кыя албай жатканы белгилүү эле. Бугун чыгара өксөп алган соң: «мен эмне болуп турам, жүрөгүмдө анын сүйүүсү, аргасызмын, баласынын боосу бек болсун, аман жүрсүн», – деп өзүн сооротуп алган. Арадан жылдар өтүп ата-энесинен ажырады. Ини сиңдилери өз-өзүнчө кетип ата-эненин үйүндө Бекей калды. Өңгөдөн анын эсинде калганы, Бообек тун уулу төрөлгөндө келип алып Бегимайды бекем кучактап алып:
– Алтыным, мен балалуу болдум, бирок балалуу болгон аялымды сенчелик сүйбөйм, аны кетирип баланы өзүң бакчы, өзүң жанымда болчу! – деп өңгүрөп ыйлаганда ал:
– Бообек, сен эмне деп отурасың, баланы тапкан аялыңды неге антип жатасың, бала энеси менен бактылуу, ал эми дагы төрөйт, сен жалгыз бала менен калмаксыңбы? антпе, бар үйүңө, уулуңду кандай жакшы көрсөң, аялыңды ошондой сүй, ал сенин жалгыз башыңды эки кылды, сыйла! – деп башын көкүрөгүнө жөлөп алган Бообектин башын өйдө кылып көзүнө тике карады. – Сен мени сүйөсүңбү, анда аны да сүй!
– Болуптур жаным, айтканыңды аткарайын, сен башкага кетпечи, жок дегенде анда-санда көрүп турайын, – деп кетти. Жалгыз жашап жатканда да келип-кетип аны-мунусуна каралашып турду. Бообек беш балалуу болду. Улуу баласы үйлөнгөндөн кийин Бообек оорудан каза болду. Өлөөрүндө Бегимайды чакыртып алып болгонун болгондой айтып келип:
– Силер Бекейди мен өлгөндөн кийин сыйлап, каралашып тургула, – деп жан берди. Аялы аны сүйө бербеди, анын башында эки аял отурганын. Өлүктү койору менен Бекей үйүнө кайтып келди. Бирок Бообектин балдары издеп келбеди. Анда-санда гана сиңдилери менен инилери келип турганы болбосо ал дүйнөдө жападан жалгыз жашап өмүр кечирип келатат.
►►►►►
12-Бөлүм
Бекей эне ушуларды айтып отуруп көзүнүн жашын шыпырып алды да:
– Мен Айымдын боюнда бар экенин укканда абдан корктум, бир балакет болбосун, менин кесепетим тийбесин деп коңшуман айттырсам болбой коюшту, акыры толготконун байкап үйдөн качып кетип эртеси келдим, – деди жылмая, – кудайга шүгүр минтип эне-бала аман-эсен.
– Эне, сиз…- Айым таңгала аны карады, – коңшу кемпир айтса жаман көрбөдүкпү Атабек экөөбүз.
– Кызым, аны мен айт деген элем, жок дегенде төрөп алгыча үйдөн кете турсун деп ойлогом.
– Кой айланайын, кудай кулум десе өзү сактайт эмеспи, бирдемени оюңа ала берсең болбойт да, – Зире сөзгө аралаша кетти.
– Кудайга шүгүр… – Бекей эне улутунуп алды, – мен эле бир үйдө жалгыз жашаганды кантип жакшы көрөйүн, мына Атабегим менен Айым келгенден бери оңуп эле калдым.
– Ушунусуна шүгүр жараткандын, Атабектин апасы эле бол, эми булар сенин да биздин да балабыз, жаны аман болсо болду, – Кудайкул да кубанганын жашырбады.
Алдыга келген тамактарын жегенден кийин Айымгүлдү ордунан тургузбай Зире менен Бекей эне жыйнаштырып коюшту. Улуу кишилерди жумшагандан уялган келин өзү жасагысы келсе да болушпады. Айымгүлдүн санаасы тынбай: «эмнеге кечикти, бүгүн төртүнчү күн болуп калды?» – деп уйкусу келбей бышылдап уктап жаткан уулун жыттап алып көзү шыпты тиктей жата берди.
Эртең менен уктап калган Айымгүл укмуштуудай түш көрүп жатты, түшүндө атасы Жандар кайдадыр атын чаап баратып эле аты мүдүрүлүп кетип башы бөлүнүп кетти да чуңкурга түшүп кетти. Уйку-соонун ортосунда ыйлап жатып Атабектин үнүн угуп жатты: «Эч нерсе уга элекпи, азыр айтпай эле кой деди Ажар апам» дегенди угуп атасынын чуңкурга түшүп кеткенине ыйлап жатып ойгонуп кетсе Атабек сүйлөп жатыптыр.
– Апа, азыр айтпагыла деди, тыңыгандан кийин алып барабыз, эң башкысы Үмөтаалыны кайрып алып келгенге кубанды Ажар энем.
– Жакшы болуптур балам, жалгыз уулум бели ката электе мертинтпей балаадан куткардыңар, Жандар бейиши болгур балдарын колдоп жатсын! – дегенде Айымгүл ордунан тура калып башын мыкчый бакырып жиберди:
– Жо-ок! – баары топурап үйгө кирип келишти, – Жо-ок Атабек, мен ишенбейм! – Айым чаңырып ыйлап атканда аны эки жагынан Бекей эне менен Зире кармап сооротуп жатышты. Уулу ошол кезде чукуранып баркырап ыйлап ийди эле Атабек аны ала койду:
– Айым, балабыз ыйлап жатат, курсагы ачкан окшойт?
– Алагой кызым, сен чырылдап ыйлаганда чоочуп кетти окшойт, Өлгөндү ыйлап таппайбыз.
– Жалгыз кызы болсом, башында ыйлап отурбасам эл эмне деди экен, мен эми жаш төрөдүм деп жатып алганым болбойт, эртең эрте жөнөйлү.
– Макул-макул, баланы апамдар карап турат, барып келели, – Атабек макул болбогонго аргасыз алып бармай болду.
– Апей ботом, үч-төрт күндүк баланы алып калганда ыйлап калбайбы, чогуу баралы да кайра тез келе берели, – Зире чоочуп кетти, – Ажар эненин туз-даамын далай таттык эле, эми минтип куда-кудагый болуп барабыз.
– Ооба, ооба, барса барсын, апасына жолугуп инисин көрүп эс алып көңүлү тынсын. Жандар бий болсо жакшы эле бийлик жүргүздү, убагында өкүмү эки болгон жок, жашы жетип карып-арыганда балдарынын алдында кетти, жакшы киши эле… – Кудайкул менен Атабек бири-бирин карап анын киши колдуу болгонун айтышпады. Айымгүл ичинен: «атамды жакшы дебей калгыла, далай эле ур-токмогун жебедиңер беле, менин көңүлүм үчүн эле мактап жатасыңар го» – деп улутунуп алды. Ата-энеси менен өткөн күндү эстеп сүйлөшүп отурушту. Айымгүл да кабак-кашын ачып ичтен атасына күйүп турганы менен, апасынын, инисинин, маңдайында өзү сүйүп баш кошкон күйөөсүнүн амандыгын ойлоп тамак-ашын коюп отурду.
– Уулум, ушул күндү берген, ушул күнгө туш кылган кудайга миң ирээт ыраазыбыз, атаң экөөбүз, биздин жашыбыз өйдөлөп калганда багыбызга Кеңеш өкмөтү чыгып өз укугубузду берип минтип адам катарына кошулуп баратабыз, бизге туш болгон Ашым бай абдан жакшы киши экен, кичинекей кепесине киргизип калкалап алды… – Зире үшкүрүп алды.
– Ошону айтсаң, силерге болсо Бекей карындашым туш келип канатына калкалап өз баласындай батырып алыптыр, эми ушуну сыйлагыла! – Кудайкул уулун карады.
– Ананчы, энемди Айым экөөбүз колдон келишинче сыйлап алабыз, ээ Айым? – Айымды карай башын бура сүйлөдү Атабек, – бизге кыйын күндө ушул Бекей энем туш болбогондо кайда барат элек?
– Балам, бул да кудайдын буйругу, силер келгени менин да үйүм толуп жыргап калбадымбы, – эне кубанганын жашырбай айтып отурду, – Силерди жеткирген жаратканга ыраазымын.
– Ээ Атабек, бу кеңеш өкмөтү эмне дейт, кара тамандарга жер-мал берет имиш дейби?
– Ата, жанагы кулакка тартылгандардын малын такыр эч нерсеси жокторго берет, анча-мынча бар жаңыраактарга бербейт, ортого түшкөн малдарды атайын өкмөткө кабыл алып койчу жалдап бактырат, ал эми койчуларга айлык берет.
– Жакшы болгон тура, бизде беш-алты жандык бар, биртке жер бөлүп берсе эле үй салып киши болуп калаарбыз.
– Кудай буйруса баары жакшы болот ата, мына мен өкмөткө иштеп калдым, силерди эч нерседен кемитпейм.
– Тилегиңе жет каралдым, дениң сак болуп, кудай өмүр берсе, өзүң менен өзүң болуп бала-бакыраң көбөйүп өнүп өссөң экен, – ойлоно түштү Зире, – Ой, баса, баланын атын койдуңар беле?
– Кайдан, төрөлөөрү менен эле тиякка сүйүнчүлөп барып тигил ишке кабылдым, эми чогулуп койобуз да.
– Кой, эл чакырып койбосок да атын кулагына угуза айтып койолу, кайра келгенден кийин элге жээнтек берели, – Кудайкул уктап жаткан небересине жылмая карады, – Уулум Манас атанын арбагы колдоп эр жүрөк, ак ниет, кичипейил жакшы адам болсун, эгер көңүлүңөргө туура келсе Сейтек койолу.
– Туура, Сейтек болсун!
– Азыр Сейтек деп атап туралы, тияктан келгенден кийин эл чакырып, азан чакыртып атын койолу.
– Ооба, эртең барып келели, – деген бүтүм чыгарып эс алып жатып калышты.
Жандар өлгөнүн уккан Айымгүл түнү менен ойлоп, кийин жатып уктады. Эртең менен камынып алышып жөнөштү.
Күйөөсүнүн өлгөнүн жоктоп үч маал үн чыгарып, «эр мырзам», деп кошуп жаңы эле бүткөн. Айымгүлдүн ачуу чыңырыгы угулуп, аны эки аял колтуктап келатканда боз үйдүн жанында отуруп ыйлап аткан иниси Үмөтаалыны көрүп баса калып боздоп:
– Ата, атакебай, көзүңдү көрбөй калдымбы, бизди кимге таштадың? – деп өксөп атты.
– Кой айланайын, өлгөндү өксөгөн менен таппайсың, атаң экинин бири болчу, жакшы жашап өттү, карыды, дагы ушунусуна шүгүр кудайдын, Үмөтаалы экөөңөрдү көрүп бейкапар кетти, – улгайган аял колтугунан сүйөп үйгө алып кирди. Эми апасын көрүп баса жыгылды:
– Апа, атамдан ажырадыкпы, эмне болуп кетти, ооруду беле?!
– Ооба кызым, бир аз ооруп эле… – Ажар ага чындыгын айтпады, – ажалы жеткен го, кызым.
– Кел кызым, атаңды жайына койдук, жакшысы артында иниң экөөң барсыңар, эми көп ыйлабагыла, куран окуйлу, – молдо чөк түшө калып жооп күтпөй эле кыраатын келтире куран окуп кирди. Ыйлап-сыктап басылгандан кийин Ажар небересин колуна алып мурдун колунун учу менен чымчып өөп:
– Айым, садага болоюн жаш төрөгөн келин күйүп кетет, балам көп эзилип ыйлай бербе, ажал жетсе баарыбыз эле өлөбүз, атаң жашаарын жашады, каалагандай өмүр сүрдү, армансыз кетти, силерди көрбөсө кантмек, минтип ызылдап ким ыйлайт эле…
– Ооба десең, ыйлаары, сылап көмүп алаары бар өлүк ырыстуу өлүк да, көп кейисеңер, ыйласаңар тиги дүйнөдө арбак сууга чөмүлүп кыйналат экен, тынч жатып арбагы ыраазы болсун.
– Айланайын, өмүр жашын силерге берсин! – дешип дастарконду жайнатып коюп көпкө чейин Жандарды эстеп отурушту. Койчубек карып калган эле, ушул кезде ал дагы инисине куран окуп Айымгүл менен Атабекти сыйлап атайы аларга арнап мал союп акыл-насааттарын айтып отурду. Үч күндөн кийин куда-кудагыйын сылап анан кызын узатты. Кетээринде Ажар Атабекке кайрылып:
– Уулум, Үмөтаалыны өзүңө кошуп ала жүр, эми силер бир туугансыңар, аны коргоп, сактап ал, мен жалгыз эле биякта болоюн, тиги желмогуздар кайтып келип дагы бир балээ болбосун, – деди көз жашын салаалата.
– Макул апа, Үмөтаалы мени менен болот, бирок сиз көпкө бербеңиз, эми алар келбейт, биз тарапта басмачылар жокко эсе, көбү кеңеш өкмөтүнө өз ыктыярлары менен кошулуп кетишти.
►►►►►
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев