Ишим түшүп интернет клубка кирсем, качып чыкканы ашыгам. Ал жерге жык толгон биздин келечектер бир сөзүнө эки сөгүү кошуп , кишини көзгө илбейт. Түнү менен аткылашуу , союшуу , жардыруу, зордук зомбулук менен алек болуп ойноп жаткан өспүрүм балдарды көрүп боорум ооруйт.
Бул көрүнүштөн мен байкаган зыяндар.
Жалкоолук.
Ысрапкорчулук. ( акча , убакыт )
Нерви жука болуу.
Көздүн нуру кетүүсү.
Геморрой.
Дүйнө , акыреттен бейкапар болуу.
Өзүн өзү алдоо.
Мыкаачылыка көнүү.
Террорчулардын пайда болуусу.
Боорукерчиликтин азайып калуусу.
Уйкудан калуу.
Ачка калуу.
Карызга батуу.
Сурамчы болуу.
Кумар оюндарына көнүү.
Суук өтүү.
Жалган эле нерсеге ишенүү.
Сөгүнүүнүн түрүн үйрөнүү.
Окууну таштоо .
Үйдөн качуу.
Ичимдик ичүү.
Кечке өзүнүн био газына уулануу.
Намазды каза кылуу.
Азанды укпоо.
Коңшу колоңдун тынчын алуу.
Уктаса да түшүндө ошондой ызы чууну көрүү.
Күн көрбөй өңү бузулуу.
Жумуш кылбай үй бүлө жана мамлекетке зыян жеткирүү.
Зомби болуу.
Ж б у с .
Мына жаштарды жаман жолго баштаган мекеме. Бул улуттук чоң көйгөй. Дин жолунда тарбия алып жаткандардан эмес, ушулардан кооптонуу керек.
Эрким баарына жетет деген өкмөткө сунушум. Мына ушуга чектөө , эреже , жобо киргизүү менен балдарды коргой алабыз.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев