Айылдын чет жакасында жашаган, кош бойлуу бир аял бар эле. Анын күйөөсү баласы туула лекте эле дүйнөдөн көз жумган. Ал аял бир күнү жайлоодо жарадар бир жапайы мышыкты көрүп, аны үйүнө алып келип карай баштады. Өмүрүн куткарган аялга, жапайы мышык, үй жаныбары болбосо да, ага колго үйрөнүп үйрөнүп үйдүн айланасынан кетпес болду.
Бир канча айлар өтүп жатты, аял баласын төрөдү. Аял жалгыз башына, кыйынчылыктарга карабай, баласын багып чонойтууга аракет жасап жатты.
Күндөр өтүп жатты. Бир күнү аял бир канча саатка үйүнөн алыска чыгуусу керек эле. Курсагын жакшылап тойгузган баласы, жапайы мышык менен калууга туура келди.
Бир канча убакыттан кийин аял үйүнө келди, келсе эшигинин алдында оозу канга боёлгон жапайы мышыкты көрүп, эмне кылаарын билбей, жанында жаткан бир таякты алып, жапайы мышыкты өлөрчө сабады. Ошол убакта баланын ыйлаган үнү үйдүн ичинен угулду. Аял шашылып үйдүн ичине кирсе, бала бешикте жатыптыр, ал эми анын жанында болсо майда-майда бөлукчөлөргө бөлүнгөн жылан жатыптыр...
“Бардык нерсенин жакшы тарабын көргөнгө аракет кыл”.
“Жакшыны жана кооздукту көрүүгө араккеттен”.
“Сулуу көргөн, сулуу ойлойт. Сулуу ойлогон, сулуу түш көрөт. Сулуу түш көргөн, жашоонун даамын татат”
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев