Жолугушуу “Ак-Талаа биримдиги” коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурулду. Жолугушуунун максаты Ак Талаалык мекенчил кыздардын башын бириктирүү жана кичи мекенибизге салым кошуу.
Негизги максатыбыз аял затына жана кыздарга тиешелүү маселелерди көтөрүп идеяларды сунуштап биримдиктеги агаларыбыз менен биргеликте ишке ашыруу.
PS: “Ак-Талаа кыздар канатынын” курамына 18 айылдан идеяга бай, эң мыкты, алдыңкы делген кыздардан түзүлдү. Жолугушууну ай сайын өткөрүүгө жана кыздар өздөрүнүн дүйнө таанымын өстүрүүгө өз ара ичибизден курстарды, 1 ай ичинде окуп келүүгө атайын китептерди сунуштап, иш алып баруубуз пландуу жүрүш үчүн “Алтын эрежелерди” кабыл алдык. Кийинки жолугушуубуз 8-апрелге пландалды андыктан эже-сиңдилер баардыгыныздарды идеяңыздар менен бирге чыдамсыздык менен күтөбүз. Биздин катарга кошулабыз деген сиңдилерибизге ишигибиз ар дайым ачык. Байланыш тел: 0700388414; 0700921007.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев