Бирок ал сага чоң болгон үчүн, узагыраак жүрө албайсын. Ошентсе да сен ал бут кийимди кийип, дал ошол инсанга окшошууну каалап,аракет кыла бересин... Анын бардык буюмдарын кармап, жада калса айдап жүргөн унаасын да башкарып көргүң келет. Анын жүрүм – турумун, айтор ага таандык нерсенин баарын жасап, ага окшошууга аракет жасайсын. АТА ушундай зат, күн бою эмгектенип, акча таап, сенин курсагыңды тойгозуп, окутуп, адам катарына кошуу үчүн тынбай аракетте болгон мээнеткеч инсан...Ал күн бою мээнет кылат. Кайсы учур болбосун ал дайым тоодой түйшүктөр менен жүрөт. Сени багам деп иштеп жүрүп, ар кандай кагуу-силкүү, көңүл үшүтөөрлүк сөздөрдү да укпай койбойт. Жетекчисинен катуу сөз угуп эле калбастан , айрым адамдар менен пикири келишпей, көңүлү чөгүп калышы да мүмкүн. Бирок ал мунун баарын көтөрөт. Анысы аз келгенсип, үйгө бара жатканда көңүл ооруткан сөздөрдүн баарын сыртка калтырып, ар дайымкыдай дүкөнгө кирип, сен үчүн шириндиктерди алып келген да АТА... Жашоо түйшүктөрү анын жүзүн нечендеген бырышка бөлөгөн болсо да, ал сенин ар бир күлкүңө , кубанычына шерик болуп биргеликте күлө ала турган инсан да АТА ... Сени кучактап бардык түйшүктөрүн, кыйынчылыктарын унутат. АТА ушундай адам, жумуштан келе жатканда шашылып, сен үчүн момпосуй албаганын билген соң, эшик босогосуна жеткенин карабай, кайра дүкөнгө барып, сен үчүн шириндик алып келет. Бирок ал бул нерсе үчүн зерикпейт, эч качан сен үчүн кылган нерселерин милдет кылбайт. Эгер сен телефон чалып калсаң, кандай жумуш менен алек болбосун, аларды четке сүрүп, сени угууга даяр. Эгер бир нерсе сурасаң, колунан келишинче ошол суранычыңды аткарууга аракет жасайт. Аткарат дагы! Эгер табың кайтып сыркоолоп калсаң, ата байкуш өзүн коеорго жай таппай калат. Жада калса сен үчүн жанын да берүүго даяр. Жоро- жолдошторунун жанында, сенин бар экендигиңди айтып мактанат. “Бул менин уулум, жөлөгүм, кеңешчим, менин бар дүнүйөм”,- деп айтат. Атаң байкуш сенин бар экендигине кубанат.
Уул.. Сен ошол атанын уулусун. Убагы келип сен да чоңоюп бойго жетесин. Качандыр атакеңдин бут кийимин кийүүгө болгон каалооң канчалык бийик болгон болсо, бойго жетип, чоноюп, акыл кирген сайын, дал ошол бут кийимди колун менен кармап, ары жылдырып коюуда жийиркенип баштайсын. Анткени аны эски, керексиз буюм катары көрөсүн...Анын кийип турган кийими, минип жүргөн машинасы дагы эч ким суктанбагандай буюм катары көрүнө баштайт көзүңө. Караган сайын мурдуңду чүйрүйсүн. Анын жүрүм - турумунан, өзүн алып журүүсүнөн уяла баштайсын. Досторуң менен чогуу турганда, маңдайыңдан чыгып калуусун , ал атаң экендигин алар сезип калышын эч каалабайсын. “Ие атаң ушулбу?”,-деген суроодон коркосун. Бирок сени досторуңан кем болбосун деп, өзү эски күпайкеде жүрсө да, сага кымбат баалуу кийимдерди сатып берген го. Сен кымбат баалуу кийимдерди кийип алып, курдаштарыңа мактанып койгонсун. Эгерде алар сенин ким экенинди атаңдын кийип жүргөн кийимдеринен, жүрүм- турумунан, кебетесинен билип кала турган болсо, алар сени жек көрө баштайт. Сенин чыныгы жүзүң билинген соң, алар сени өздөрүнүн катарынан таптакыр четтетип коюшу дагы мүмкүн. Сен мына ушул нерседен коркуп, “Атан ушулбу?”,- деп таңдана сурагандарга , сен: “Жоок, бул байке бизге жакын жашайт, коңшубуз болот. Эми жөн гана мени эркелетип уулум дей берет”,- деп коюудан да тайбайсын. Эгер атаң телефон чалып калса, эптеп шылтоо таап, анын чалуусун албоого аракет кыласын. Анткени дагы бир көйгөйүн айтып, же акча сурайт деп ойлойсун. “Жумушта же чогулуштамын, азыр бош эмесмин” деп SMS жазып жиберишиң да мүмкүн. Эгер атаң сыркоолоп бир жери ооруп калса, чынчыл адам болгонсуп, бир туугандарынды издеп чалып чыр чыгара баштайсын. Анысы аз келгенсип аларга “Атамды баарыбыз тең карашыбыз керек. Сен тамак - ашын кара, мен дары – дармегине жардам берейин. Сен бир күн, мен бир күн жанында бололу”, - деп буйрук бере баштайсын. Чын чынына келгенде, эртеден кечке атаңдын жанында болууга сенде убакыт деле жок. Дары - дармегин алып берген соң, жанында болушум шарт деле эмес деп ойлойсун. Бирок АТА байкуш сенин дары–дармегиңе эмес, сенин көмөгүнө , мэримине муктаж болот. Ал сен аркылуу күч - кубат алат. Атакең сен үчүн кылган нерселердин, сен бирөөсүн да ал үчун кыла албасан деле, ал сенин жүзүңө салып, эч качан милдет кылбайт. Сенин жаман жоруктарыңды унутуп, кымыңдай кылган жакшылыгыңды тоодой кабыл алган инсан бул, албетте АТА ...Эгер Кудай бизге оомат берсе сүйүнүп, азап берсе бизден мурда күйүнүп...эхх аталар ушунчалык күчтүүсүңөр дегим келет. Ата сен катуусун, сүрдүүсүн күзгү сымал... сага баары каранып, таалим-тарбия алышат. Аталар аман болсун! Бактылуу күндөргө таазим.
➖➖➖➖➖➖➖➖➖
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 13
Аскалардай кок тиреп сен бийиксин билип ал
Конул бурганынызга рахмат!
Ийгиликтуу адам экенсиз!
Атым ЧОЛПОН 37ЖАШТАМЫН ЫССЫК КОЛДОН боломун.
Учурда Сейф Бизнес компаниясынын партнёр статусундамын.
Жумалык доходум 10 000 минден жогору
Сизди
дагы Эн сонун компанияга чакырмакчымын
Бул компаниядан сиз
жума сайын 4000/400 000 айлык,
тур путёвка,
круиз,
БМВ автоунаасын,
батир,
особняк
белекке аласызболот
Ватссап номерим
wa.me/996222202182
Дүйнө жүзүн ээлеген эң мыкты чоң ГИГАНТ ИНТЕРНЕТ ДҮКӨН КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛДИ
бизде эң сонун мүмкүнчүлүк
Азыркы учурда ЛИДЕРЛЕР КОМАНДАСЫ түзүлүп жатат
Сиздерда шашылыныздар
Туштук кореянын Атоми интернет дүкөнүнүн бренд товарларын алуу менен бирге соонун айлыктарга чыгыныздар
дүйнө жүзүн кыдырып саякаттоо эң соонун мүмкүнчүлүгү бар
АТОМИ ИНТЕРНЕТ ДҮКӨНУНДО иштөө жолу оңой
катталуу бекер
ай сайын бал жапмай жок
спонсордук
жардамы бар.
глубина чексиз
өздүк кабинет 3 муунга өтөт.
Келиңиз бирге өнөктөш болуңуз
Ийгилике сиз менен бирге жетебиз. 0222170789