Туугандарыныкына барыш үчүн, чоң дарыяны кайык менен калкып өтүш керек эле. Кайык менен бара жатканда катуу жамал болуп, тынч дарыя толкунга айланат. Мындай жаратылыштын мүнөзүн көргөн аялы коркуп, денеси титирегенге чейин барат. Бирок, күйөөсүн караса эч нерсени көрбөгөндөй, эч нерсе болбогондой бей капар отурганын көрөт. Таң калуусу менен аялы күйөөсүнө айтат: "кайык көмөрүлөюн деп турса, өлүм менен жашоонун ортосунда турсак, кантип сиз бей капар таштай болуп отурасыз? Же эмне өлүмдөн корккпойсузбу?"
Мындай сөзүн уккан күйөөсү асынма сумкасынан бычакты алып чыгып, аялынын мойнуна такап, анан аялынан сурайт экен: "ушул мен кармап турган бычактан көрөсүңбу?". Курч бычактын миизин көрүп турса дагы, аялы эч коркпостон, жылмайып "кантип сиз кармаган бычактан корком эгерде сиз мени жакшы көрсөңүз? Мен сиздикимин. Мага зыян келтире албайсыз" - деп, жооп берет.
Мындай жообун уккан күйөөсү, бычакты асынма сумкасына кайра салып, аялына мындайча айтат: "мына мен да бул шамалдан коркпойм. Сен мага ишенгендей, мен да Жаратканга ишенем. Жана мен билем, Жараткан өзүнүн сүйүктүү пенделерине зыян келтирбейт. А бул ышкырган шамал жараткандын өкүмү менен. Аягы кандай аяктаса дагы - бизге пайда. Эгерде биз тирүү калсак, бемек бизге бул пайда. А эгерде өлүп калсак, анда бул да бизге пайда. Алла таала жакшы билет өзүнүн жараткан нерсесине эмне пайда алып келерин"
➖➖➖➖➖➖➖➖
Бул окуянын мааниси:
КАЧАН ООРЧУЛУК БАШЫБЫЗГА ТҮШКӨНДӨ, ӨЗҮҢДҮ КАПАЛЫКА АЛДЫРБА. "БААРДЫГЫ БҮТТҮ" - ДЕП ҮШКҮРҮНҮП ОТУРСАҢ ДАГЫ, АЛЛАГА БОЛГОН ҮМҮТҮҢДҮ ҮЗБӨ. анткени Алла таала эч качан өзүнүн жаратылган нерселерине адилетсиздик кылбайт жана биздин күчүбүз келбеген кыйынчылыктарды жибербейт. Эгерде кыйынчылык бизге келсе, демек, ал кыйынчылыкты женгенге биздин күчүбүз жетет. Инша'а Аллах.
Муслим Токтобаев
➖➖➖➖➖➖➖
⏺️Окуя Media
Тайпасына катталыңыздар.
🔶 Одноклассники:
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3