Предыдущая публикация
Керектелүүчү азыктар:
Сууга бышырылган кызылча – 2 даана
Быштак – 100 грамм
Зайтун майы – 1 аш кашык
Жалбыз жалбырагы – 50 грамм
Татымына жараша туз
Даярдоо ыкмасы:
1. Кызылчаны жука тегерек форма туурайбыз.
2. Быштакты вилка менен майдалап, ага майда тууралган жалбызды кошуп аралаштырабыз. Табитиңизге жараша сарымсакты майда туурап кошсоңуз да болот.
3. Тарелкага зайтун майын куюп, кызылчанын кесимдеринин эки тарабынын тең малып алабыз.
4. Тарелкага кызылчанын кесимдерин көлөмүнө жараша (эң алдына чоң кесими салынышы керек) тизебиз. Ар бир кесимдин ортосуна быштак менен жалбыздын аралашмасы салынат. Салатыбыз даяр! Көк чөптөр менен кооздоп коюуну унутпаңыз.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев