Керектелүүчү азыктар:
Жумуртка – 4 даана
Эритилген сыр – 100 грамм
Сууга бышырылган кызылча – 100 грамм
Туздалган сельд балыгы – 100 грамм
Кооздоо үчүн көк чөптөр
Даярдоо ыкмасы:
1. Жумурткаларды сууга кайнатып бышырып, кабыгын аарчыйбыз. Эми аларды тигинен тең экиге бөлүп, сарысын өзүнчө бөлүп алабыз.
2. Кызылчаны сүргүчтөн өткөрүп, ширесин сыгып салабыз.
3. Сельд балыгынын терисин сыйрып, майда туурап, кызылча экөөн белендерге салып майдалайбыз.
4. Бул аралашмага майдаланган жумуртканын сарысы менен эритилген сырды кошуп жакшылап аралаштырабыз да, муздаткычка 1 саатка салып коебуз. Эгер аралашма кургак болуп калса, бир аз майонез кошсоңуз болот.
5. Аралашманы таттуулардын үстүнө кооздоодо керектелүүчү мүшөккө салып, жумуртканын агынын ичин толтуруп, үстүн жалбыздын жалбырагы менен кооздоп дасторконго койсоңуз болот.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев