Керектелүүчү азыктар:
Кызылча – 450 грамм
Сарымсак – 2 тишче
Кумшекер – 1 чай кашык
Алма уксусу – 1 аш кашык
Күнжут – 1 чай кашык
Өсүмдүк майы – 3 аш кашык
Кориандр – 0,5 чай кашык
Мурч – 0,25 чай кашык
Даярдоо ыкмасы:
1. Кызылчаны 10-15 мүнөт сууга кайнатып, дароо 10 мүнөткө мупмуздак сууга салабыз. Андан соң кабыгын аарчып, сүргүчтөн өткөрөбүз.
2. Эми буга алма уксусун, кумшекер, татымына жараша туз, майда тууралган сарымсакты кошуп аралаштырабыз да, 20 мүнөткө тыныктырып коебуз.
3. Табага майды куюп, ал ысыган кезде туурлаган сарымсакты, кориандрды, калемпирди, мурчту салып, 5 секунд кууруйбуз да, дароо кызылчанын үстүнө жаба куябыз. Эми салатты жакшылап аралаштырабыз да, 2-3 саатка тыныктырабыз. Бул аралыкета салат даамына келет. Салатты дасторконго коердо күнжуттан себелеп коюу керек.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев