Керектелүүчү азыктар:
Сууга бышырылган кызылча – 1 даана
Апельсин – 1 даана
Көк пияз – 2 тал
Зайтун майы – 1 аш кашык
Катуу сыр – 50 грамм
Салат жалбырагы же руколла – 100 грамм
Грек жаңгагы – 20 грамм
Татымына жараша туз, кумшекер
Даярдоо ыкмасы:
1. Кызылча менен апельсиндин кабыгын аарчып, кыйгач туурайбыз.
2. Салат үчүн атайын соус даярдайбыз: апельсиндин кабыгын (10 грамм) майда туурап же болбосо блендерден өткөрүп алабыз да, ага зайтун майын, 1 аш кашык апельсин ширесин, татмына жараша туз жана бир аз кумшекер кошуп аралаштырабыз.
3. Даяр болгон соусту тууралган кызылча менен апельсиндин үстүнө куюп аралаштырып коебуз. Салатыбыз даяр! Дасторконго коердо салат жалбырагы же руколла, жука тууралган сырдын кесимдери, майдаланган грек жаңгагынын кесимдери менен кооздоп коебуз.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев