Керектелүүчү азыктар:
Сууга бышырылган кызылча – 250 грамм
Алма – 1 даана
Сыр – 80 грамм
Грек жаңгагы – 40 грамм
Лимон ширеси – 1 аш кашык
Алма уксусу – 3 аш кашык
Зайтун майы – 5 аш кашык
Татымына жараша туз, кара мурч, кумшекер
Даярдоо ыкмасы:
1. Кызылчаны сууга бышырып алып, кабыгын аарчып, жарым тегерек формада жука кылып кесебиз.
2. Алманы жууп, кабыгып аарчып, уруктарын тазалап, кыйма туурап, лимон ширесинен чачабыз.
3. Грек жаңгагынын маңызын жана сырды сүргүчтөн өткөрүп же болбосо вилка менен майдалап алабыз.
4. Эми тарелкага алам менен кызылчады кезектештирип тизип, үстүнө сыр менен грек жаңгагынын маңызынан себелейбиз. Тарелканы 170 градуста ысык турган электр мешине 3-5 мүнөткө салабыз.
5. Алма уксусуна зайтун майын, татымына жараша туз, кара мурч, бир аз кумшекер салып аралаштырып салат үчүн атайын соус даярдап алабыз.
6. Тарелканы электр мешинен алып чыгып, үстүнө соустан чуурута куюп, көк чөптөр менен кооздоп дасторконго койсок болот.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев