Керектелүүчү азыктар:
Сулп эт – 500 грамм
Козу карын – 300 грамм
Сыр – 100 грамм
Майлуулугу жогору сүт – 3 аш кашык
Пияз – 1 баш
Татымына жараш туз, кара мурч
Даярдоо ыкмасы:
1. Козу карынды, пиязды жууп тазалап, майда туурайбыз да, майга куруп алабыз. Муздаган соң буга сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды жана сүттү кошуп аралаштырабыз. Татмына жараша туз, кара мурч кошууну унутпаңыз.
2. Этти туурасынан 1 сантиметр калыңдыкта тилип алып, үстүнө туздан, кара мурчтан себелеп, ашкана балкасы менен ургулап жанчып алабыз.
3. Фольганын бетин майлап, ага тооктун этин жайып салабыз.
4. Эми тоок этинин так ортосунан козу карындан даярдалган туурамжыны салып фольганы түйүнчөккө окшоштуруп оройбуз да, 200 градус температурада ысып турган духовкада салабыз. Тамагыбыз 30 мүнөттө бышат.
5. Кийин фольганын бетин ачып дагы 5-10 мүнөткө духовкага салсаңыз,бети кызарып бышат.
6. “Түйүнчөктү” дасторконго сууга бышырылган күрүч, гречка же пюре менен берсеңиз болот.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев