Керектелүүчү азыктар:
Балык – 400 грамм
Картошка – 200 грамм
Сыр – 100 грамм
Райкан – 2 тал
Лимон ширеси – 1 аш кашык
Зайтун майы – 1 аш кашык
Татымына жараша туз, татымалдар
Даярдоо ыкмасы:
1. Былыкты кылканынан тазалап, экиге бөлөбүз да, кагаз менен аарчып кургатабыз.
2. Лимон ширесине туз жана татымалдарды кошуп аралаштырып, балыкка сүйкөйбүз.
3. Картошканы аарчып, жууп, 0,5 сантиметр калыңдыкта тегерек формада туурайбыз.
4. Фольганы майлап картошканы бир катар кылып тизебиз да, үстүнө балыкты, райканды коюп, лимон ширеси менен татымалдардын аралашмасын куябыз.
5. Эми фольганы ороп, 180 градуста ысып турган электр мешине салып 30 мүнөт бышырабыз.
6. Аягында фольганы ачып, балыктын үстүнө сүргүчтөн өткөрүлгөн сырдан себелеп, духовкага 5 мүнөткө кайра салабыз. Тамагыбыз даяр! Дасторконго коердо фольганы балык формасына келтирип ороп койсоңуз болот.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев