Керектелүүчү азыктар:
Апельсин – 1 даана
Ун – 1 стакан
Кумшекер – жарым стакан
Жумуртка – 2 даана
Жумшак май – 100 грамм
Көбүрткүч – 1 чай кашык
Татымына жараша туз
Даярдоо ыкмасы:
1. Апельсинди жууп, кабыгын аарчып алабыз да, блендерге салып майдалайыз. Ал эми маңызынан ширесин бөлүп алабыз.
2. Жумшак майга кумшекерди салып аралаштырып, үстүнө жумуртканы, көбүрткүчтү, тузду салып аралаштырабыз.
3. Эми буга апельсиндин майдаланган кабыгын, ширесин, унду кошуп жакшылап аралаштырабыз.
4. Табаны бир аз майлап, ага даяр болгон камырды куябыз да, 190 градуста ысып турган электр мешине 15 мүнөткө салабыз. Белгиленген убакыттан кийин электр мешинин температурасын 175 градуска коюп, кызараганча бышырабыз. Пирогубуз даяр!💖 💖
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев