Керектелүүчү азыктар:
Апельсин – 3 даана
Суу – 2 стакан
Лимон ширеси – 3 аш кашык
Кумшекер – 300 грамм
Даярдоо ыкмасы:
1. Апельсинди жууп, кайнак сууга 1-2 жолу малып алабыз.
2. Эми аны 6-8 бөлүккө бөлүп, маңызын акырын кесип алабыз да, кабыгын ичке-ичке кылып кесебиз.
3. Кабыгынын үстүнө муздак суудан куюп, 2-3 күнгө коюп коебуз. Күнүгө суусун алмаштырып туруу керек. Мындай ыкма менен кабыгындагы ачуудан арылабыз.
4. Эми суусун төгүп, кабыктын ички бетиндеги ак катмарды бычак менен акырын тазалап алып салабыз. Эгер кабык жука болсо анда анысын тазалоонун кереги жок. Эми ар бир кесимди ороп, жипке шурудай кылып тизип чыгабыз.
5. Даяр болгон “шуруну” (салмагы болжол менен 200 граммдай болот) мискейге салып, үстүнө 2 стакан сууну, лимон ширесин куюп, кумшекерди салып жай отто коюуланганча 15-20 мүнөт кайнатабыз. Муздагандан кийин дагы 15 мүнөттөй кайнатсак, кымыбыз жегенге даяр болот.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев