Керектелүүчү азыктар:
Тоок эти – 500-600 грамм
Соя соусу – 2 чай кашык
Бал – 1 чай кашык
Апельсин – 1 даана
Татымына жана туз жана тымалдар
Даярдоо ыкмасы:
1. Тооктун этин муздак суу менен жууп, анын үстүнө соя сосун, балды, апельсин ширесин, майдаланган кабыгын жана татымына жараша туз, татымалдарды кошуп аралаштырып 5-6 саатка маринаддап коебуз.
2. Эми табага фольга кагазын төшөп, тоок этин салабыз. Үстүнө апельсиндин кесимдерин тизип, бетин жаап, 220 градус температурада ысып турган электр мешинде 25 мүнөт бышырабыз. Андан соң фольганы ачып, дагы 10-15 мүнөт бышырабыз. Тамагым ширелүү болсун десеңиз эттин астына 1 стакан суу же этти маринаддаганда чыккан ширени куюп койсоңуз болот.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев