Бизче которгондо “кысуу, муунтуу” деген түшүнүктү берет. Аталган ооруга көбүнчө 30 жашка чейинкилер чалдыгат. Ооруу жазында, күзүндө жана кышында күч алат.
Оорууну стрептококк бактериялары козгойт
Ангина сасык тумоо сымал эле жугуштуу ооруу. Оорууну стрептококк бактериялары козгойт. Аталган бактерияларды кир идиш-аяктар жана жуулбаган жемиштерди колдонгондо, ангинага чалдыккан адам менен байланышканда жуктуруп алууга болот. Кир аба менен дем алуу, күн суукта катуу үшүү оорууну күчөтүп жиберет.
Бактерия соо адамга оорулуунун жөтөлү, чүчкүрүгү, колдонгон сүлгүсү, идиши аркылуу жугат. Ошондой эле өбүшүү, кол менен учурашуудан да жугары маалым.
Бүт организмди жабыркатат
Ооз көңдөйүндө алкым бездери (миндалиналар) жайгашкан. Алар коргоочу кызматты аткарышат. Кабыл алган тамак-аш жана дем алган аба аркылуу организмге микробдордун кирип кетпөөсүн көзөмөлдөйт. Эгер ал бездер болбосо, организмибизге түркүн бактериялар түз эле өтүп кетмек. Алкым бездери кан жана зат алмашуу процессине да катышат. Андыктан тамак ооруганда батыраак айыгууга шашылуу кажет. Болбосо, сезгенген жердеги ириңдер канга өтүп, организмди ууландырат.
Ооруу тереңдеп кетсе...
Ооруу тереңдеп кетсе (тонзиллит), башкача айтканда, жылына 3-4 жолу кармаса, анда ангина жүрөктүн жана муундардын ооруусуна, бөйрөктүн пиелонефрит ооруусуна, аллергиялык ооруулардын курчуп кетишине, өпкөнүн сезгенүүсүнө жеткирет. Буга кошо кулак да сезгенип, угуу начарлайт. Ангина 3 түргө бөлүнөт:
Катаралдык ангина. Мында сезгенүүгө алкым бездеринин үстүңкү бөлүгү гана учурайт.
Фолликулярдык ангина. Сезгенүүгө алкым бездери бүтүн учурайт.
Грибоктук ангина
Иммунитет төмөндөп кеткенде майда козу карын сымал организмдер ангинаны козгойт.
Ангинаны алоэ гулунун негизинде жасалган натуралдуу продукциялар менен айыктырууга эн сонун жардам берет . Алоэ гулунун негизинде жасалган натуралдуу продукциялар иммунитет жана гемоглобиндида эн сонун которуп , кайрадан организди калыбына келтирет .
Кенири маалымат алгыныз келсе: 89776326419 ватсап
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев