Мамасадык ойлорун, акыл-эсин жыйып, үй - бүлөсүнө көңүл буруп, эч кимге азгырылбайм деген ниетте болуп,балдарына мээримин берип, мотураңдаган балдары чоңу Клара, кичинеси Максат бал тилдери сүйлөгөндө, атасынын чарчоосун басып, таш жүрөктү да ээритет.
Балдарын колуна алып, жыттап - жыттап алат.
Айсулуу да, көңүлү жайланып иштен чарчап келсе, өзүмчө ашыкча кепти айтып, нерви чарчап турса, майдалана бербейин деп, бир аз жан дүйнөсү жай алып калды.
Жанара агайынын сабагын күтөт, эгерде сабагы болбогон күнү окуу жайда акмалап, Мамасадыкты издеп, алыстан болсо да бир тиктеп, көрүп койсом көңүл ток, жүрөк деген жалын чок деп, күйүп жанганын токтото албай, коёрго жаны калбай дегдегенден дегдейт. Классташ балдары, окуу жайда окуган сөз салган жигиттер, бири да көзүнө көрүнбөй, өзүнөн он жаш улуу, эки балалуу, сулуу аялы бар, агайын сүйүү акылга, адамдык сапатка, негизи такыр туура эмес экендигин билсе дагы, өзүн башкара албай, жүрөгүнүн каалоосу кыйнады. Агайынын баскан, турганы, сүйлөгөнү, айрыкча кара коюу көздөрү тиктегенде Жанаранын бүт ааламы, башкача алып учат, ошол көздөрдү өмүр бою тиктегиси келет, көздөрүнүн карегине арбалып, мындай карашты, мындай элжирөөнү эч кимден күтпөйт, жок деп ойлойт. Агайы үчүн баарына даяр, дүйнөнүн аркы тарабына бааруудан да, кайтпас эле. Бул оюн бирөөгө айтпаса, өзүнүн сүйүү огуна өзү жарылып калчуудай, аргасы калбай калды. Достору менен да, сыр чечишкенди туура көрбөдү, алар сыртынан билип бүтүштү. Алтынчы күнү айылга апасына барып, төгүлүп айткысы келди, азыр эле жөнөгүсү келди, өзүнө өзү чыда, бүгүн бешинчи күн, эртеге деп, сооротту.
Айыл көчөдө балдар, топурап сабактан кайтышкан, бири сүйлөсө макул көрүшүп, баары каткырып бара жатышты. Балдарды көрүп Жанара, кандай жакшы окуучулук күндөр убагында кадырын-баркын билбейт экенбиз, деген ойлор менен үйүнө да кирип келди. Апасы короодо тоокторуна жем берип жатыптыр, Жанара апасына :
——Аппоов! Апа! Мен келдим!
——Кел, кызым, айланып, сага тегеренейин, алтыным. Эне бала кучакташып, көкүлүнөн жыттап бир аз турду да, кир үйгө, мен колу башымды жууп, даарат алып кирем асыр намазы болуп калды—деди.
Жанара үйгө кирип, атасын издеди агалары бөлүнгөн, үйлөрү жакын эң кичине агасы шаарда турушат, жеңеси айылга барбайм дегенинен, бөлүнгөн эки агаларынын аялдары, женелери келип-кетип турушат, кабар алып, балдарын ээрчитип келишет.
Жанара кийимин которуп, апасы Айкан эженин мойнуна асылып, кичинесиндегидей бир эркелеп алды. Айкан эже:
——Эркетайым, сулуум менин, кандай окууларың жакшыбы, тамак - аштан кыйналбадыңбы?
——Баары жакшы, апа...
——Кана, бирдеме айткың келип турат, садага кетейин, айт. Дасторконун жазып, тойдон алып келген шириндиктерин топтоп, катып жүргөндөрүн баарын жайнатып коюп, ыссык чайга наватты салып, кызына сунду. Жанара апасына кантип айтып баштаарын билбей:
——Апа, бирдеме айта албай жатканымды кайдан билесиз, менин оюмду айттырбай, окуйсуз ээ? Жылмайып күлдү, Жанара.
——Кызым, кантип билбей коёюн, өзүң эле билдирип коёсун да...
----Апа... Мен бирөөнү жакшы көрүп калдым.
——Ким экен? Мен тааныймынбы? Кимдин баласы?
——Апа, аны тааныбайсыз, ал мени окуткан агайым болот.
——Иии, үйлөнбөгөн бойдокпу?
——Жок, апа, үй - бүлөсү, сулуу аялы, эки баласы бар.
——Бетиим, кантет, эси жок, эсиң менен бол, атаңдын пейилин билесиң, эл караган бетимди, жер каратпа , эсиң барда, этегиңди жап кызым. Же агайың, сага тийишип койдубу, бирдеме дедиби, апасынын жүзү купкуу болуп кетти.
——Апа, агайым эч нерсе деген жок, ал менин жакшы көрөөрүмдү билеби-билбейби, мен үчүн белгисиз.
——Анан, өзүң жармашып жатасыңбы, мен сени кандай үмүт менен чоңойттук, атаң экөөбүз, агаларыңы көрүп жатасың, эми кыз болуп туруп, эмнелерди сүйлөп жатасың. Мен атаңы бир көрбөй туруп эле, турмушка чыкканмын, бактылуу жашап жатабыз. Кайдагыны айтпа, эркек балдарым да минтип, сүйдүм деп айткан эмес, ушу сенин айтканын менен болуп жүрүп, ашыкча эркетай кылып алдыкпы, өжөр көктүгүндү мына мен көтөрөм... Ойлон, үй - бүлөсүн бузуп, бирөөнү ыйлатып-сыздатып, бактылуу жашайм деп ойлобо, арканды узун таштап,башкаларды да ойло, же сен эр албай койгудай, акылы кем, түрү суук, ыраңы жок, кыз белең, аа?
——Апаа, апоов, мени сиз түшүнүп коюңчу, кичине болсо да, сиз айткандардын баарын билбейт дейсизби, баарын ойлонсом да, жүрөгүм болбой жатпайбы... Айтканга оңой, бирок өзүмдү колго ала албай жатам.
---Жогору жактагы, Каныш аешэнең баласы Нурбекке бересиң деп келиптир, атаңа да, аяш атаң айтып жүрөт, көптөн бери, тооба кылдым, эч ким укпасын, менден башка, мындай сөздөрдү укпайын, Жанара!
——Апа, менин бактылуу болушумду каалайсызбы, же буюм катары ким сураса бере бересиздерби, менин оюм менен эсептешпей, мен дагы көңүл сүйгөн менен бактылуу болом да, апоов...
——Ойлончу, айланайын, анын үй - бүлөсү турса, балдары болсо, аялы аларды таштап студенттин алат беле, кичине башыңды иштетчи, акыл-эсиң ордундабы ?!
---Апа, акыл-эсти , ошол агайым алып койду, мен деле мындай кыйналышымы каалабайм, бирок көңүл деген кыйнады, мени туура түшүнүп коюңчу, апа сиз сүйүп көрдүңүз беле?
——Алла-кудай ай, мени эмне кыласың, кеп сен жөнүндө болуп жатпайбы?
——Эгер бирөөнү, сүйүп көрбөсөңүз мени түшүнбөйсүз... Жанара чайын ичкени менен каякка кеткенин билбеди, жеген - ичкени ашказанга кеттиби, же ичкенин да, тойгонун да билбей, бата кылып, дасторконду жыйнаштырып баштады.
Айкан эже намазын окуп, кызынын ыйманы, бактылуу болушун, Кудайдан тилеп жалынып, жалбарып бата кылды. Апа байкуш, өжөр кызын ар түрдүү айтып, оюнан кайтара албай, жатканына, жаштык кылып, бармагын тиштеп, өкүнүп калбасын деп, кыжыл болуп калды.
Өзүн эстеди, жаштыгында мындай сүйдүм - күйдүм деп, энтикпей эле күйөөгө чыкканын, ээ кыз бала да, энесин тартпай калат экен да, деген ойлор менен алпурушуп, бир жагы кызын аяды.
Ата-энесине сагынычы тарап, кайра окуусуна дүйшөмбү күнү эрте менен чыгып, сабакка жетишип кирип келди. Апасынын айткан кеби менен болоюн деп, өзүн кармаса дагы болбогон, баягы жүрөк дүкүлдөп ойлогонун бербейт.
Мамасадык сабагын өтүп жатты, Жанаранын сүйүүнүн учкун чачыраган, от көздөрүнө кареги кадалып, бул эмне деген тиктешүү, көңүл бурбайын десем да, арбайсын, канчалык карабайын десем да койбойсун, балким кыз дагы кыйналып жаткандыр, сөздөрү жок, көздөрү сүйлөшүп, ойлору ар кайсыны башын катырат. Сабак бүткөндө, кошумча тапшырма берди, реферат толтуруп келгиле, өтүлгөн темалар боюнча, экзаменде эске аламын, деп сабагын жыйынтыктап чыгып кетти. Жанара Мамасадыктын сабагы бүтпөй, убакыт өтпөй калышын тилейт.
Жанара жатаканага келип, реферат жазууга киришти, өтүлгөн теманы тандабай эле, өзү жөнүндө, каттуу сүйүп калганын, махабат оорусун сизден жугуздум, дарысы бир гана "Сиз" деп жазды.
... мени ойлоп жүрбөңүз, жеңил - желпи, акылы тайкы экен деп, өзүмө жараша акылым, адебим, ыйманым бар, агай. Сиздин үй - бүлөөңүз, бир кыз, бир уулдун атасы экениңизди да, аялыңыз ашкан сулуу, абройлуу агайдын күйөө баласы болгонуңузду да билем...Бирок, баарын ойлоп, сиздин эч нерседен кем эмес, бүтүн жүрөгүңүз, сиз жөнүндө ойлонгон, кыйналган кыздын жүрөгүн түшүнүп коё алар бекен. Өтүп кетет, убактылуу деп ойлосоңуз, жаңылышасыз... Келечегим, сиз менен болушун каалайм, сиз менен гана бактылуу боло аламын деп ишенемин...
Ар бир сабагыңыз мен үчүн майрам, эмнелерди түшүндүрүп, жатканыңыз кулагыма кирбейт, бирок адамгерчилигиңиз, кыймылыңыз, айткан кебиңиз, баскан кадамыңыз, күлгөнүңүз баары жагат, сизди гана тиктеп отура берем. Мени күнөөлөбөңүз, үстүмдөн күлбөңүз, баарибир мен сизди, жакшы көрөмүн...
Жанара.
Ушул катты жазды да, делонун сыртын чоң тамгалар менен "РЕФЕРАТ" деп жазды да, агайынын жана өзүнүн аты жөнүн жазып, кыйла көңүл чери жазылып, туура кылдымбы, же туура эмес иш жасап жатамбы, кандай болсо, ошондой болсун, ушу жазганымы беремин деген ойго келди...
Сабак учурунда жазып келген, жакшы окуган студенттер рефераттарын бере баштады, Жанара бере албады. Колдору калтырап, титирек басты. Сабак бүтүп, Мамасадык эшикке чыгып бара жатканда, Жанара артынан чуркап келип:
¯——Агай, бул тапшырманы эч кимге көргөзбөй өзүңүз окуңуз, суранам... Кара көздөрү жайнап кетти.
——Эмне, илимий ачылыш жаздыңбы?
——Ооба, окуганда билесиз... Шарт бурулуп, бирге окуган кыздардын арасына аралашып кирип кетти.
Мамасадык кабинетине келип, кайра - кайра окуду, оор үшкүрүп, мына кызык, мына сага тагдырдын тамашасы.... Тигилип карайсың, эх жаш сулуу, билгенмин... Жапжаш болуп туруп, неге арбайсың, неге сүйдүң... Колундагы кагаздарын столдун үстүнө койду да, Жанара нын жазганын шкафтын акыркы текчесине, көп документтердин арасына салып бекитти.
Автор :ТЕМИРОВА. Н. К.
(Уландысы бар)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев