Бири бирин абдан жактырып, сүйүшүп жүргөн эки жаш, бакытка батпай турган кезинде, жамандык таппай турган мезгилде кыздын ата-энеси кызынын оюуна карабай, баланын деңгээлин көзгө албай, же балким аны теңсинбей, биз ким, сен кимсиң дегендей кылып, кызын берип башкага, бала ортодо чыр кылып, кыз ата-энесине болушуп, кыз жигит ортосунда чыр чыгып, бири-бирин жек көрүп, кыз тийип кетти кайтпады, балада алып калбады, кыз тоюнун эртеси жигит тоюн баштады. Ошентип куру намыс кылып экөө тең баш кошуп алышкан соң, кыз жолдошунун коюнунда жатып, жигит аялын койнуна катып, аттиң кылды экөө тең, эх дешти көз жашын жубайларынан жашырып, кыз чыдай албай балконго чыгып, айга турду көз салып, бала да эшике чыгып, тамекисин түтөтүп, азабын ого бетер күчөтүп, айга карап үшкүрүп кыз-жигит армандап турган кези экен.
Жигит:
Бүркүттөй болуп уча албай, бүдөмүк жолум баса албай.
Кайгыны ичке жута албай, бөлтүрүк болуп уула албай.
Ордумда токтоп тура албай, айга да сырым айта албай.
Баарысын таштап кете албай, жалгызым сага жете албай.
Балыктай болуп сүзө албай, деңиздин суусун кече албай.
Башкача согот жүрөгүм, бакыттын сырын чече албай...
Кыз:
Жолдошум сендей боло албай, көңүлгө сендей толо албай.
Калкылдап сызам куш болуп, тикенек бакка коно албай.
Бегиме көңүл коё албай, ал сендей мээрим төгө албай.
Же билбеймин түшүнбөйм, жүрөмүн ага көнө албай.
Көнүп калган барынан жаман болот турбайбы.
Бирге жүргөн күндөрдү, ойлогон сайын муң кайгы.
Анда жигит:
Жалгыз турам айга окшоп, кайгыны жуткан сазга окшоп.
Муңдуу дайра деңизин, какылдап сүзгөн казга окшоп.
Жалгыз турам термелип, арманым жутуп бир боздоп.
Бакытка баткан жан элем, азыр турам кимге окшоп.
Барыңда баркың биле албай, апакем айтса тил албай.
Өчөшүп эле үйлөндүм, алганым жарым сүйө албай.
Кыз:
Уктасам түшкө киресиң, келчи деп колуң бересиң.
Колундан кармап калганча, жарыңа кайтып кетесиң.
Үйлөнүп алды деп уктум, анданда жаман кеп уктум.
Сүйөм деп айтып башканы, сезимди жаман сууттуң.
Болду эми баарын унуттум, деп эле кайра эле булуктум.
Унутуп сени болобу, айта албас ачуу уу жууттум.
Жигит:
Буулукпа эми эми булукпа, жолдошуң сүйүп улукта.
Жакшы көрөм ар дайым, суранам муну унутпа.
Кыз:
Сен дагы мени унутпа, калганы калсын унутта.
Бата бербей санаага, алганың жарың улукта.
Ошентип сырын айтышып, ай менен сызган булутка.
Кирип кетти экөө тең, жубайынын ыссык койнуна.
Ай ошондо кеп кылып, булутка мынтип айтыптыр.
Жашынып булут артына, сүйүүнүн сырын ачыптыр.
Сүйүүнүн башкы мыйзамы, мындай болот билип жүр.
Жетпегенди сүйүү эмес, жеткениңди сүйүп жүр.
Алганыңды сүйө бил, баарынан артык бүлөө бил.
Тийгениңди сүйө бил, баарынан артык күйөө бил.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев