)
Эртеси күнү Латип окуу жайда өз иштерин бүткөндөн кийин, жардамчысы жаш орун басарына Сталбекке, Мамасадык аттуу жигитти чакыр, сүйлөшө турган кеп бар, деп айтты. Латип окуу жайда өз ордун тапкан, абройлуу декан, агартуу тармагында бир топ эмгектери бар, адамгерчилиги, мамилеси жакшы болгондуктан баары сыйлашат. Студенттер да агайды урматтап турушат.
Латип ойлонуп, терезени карап креслодо отурганда эшик тыкылдады. Латип :
-----Кир уруксат, кире бер!
------Уруксатпы? Ыңгайсызданып, бир аз калтыраган үн менен Мамасадык кирип келди.
—Коош, кел!
——Саламатсызбы, агай! Чакыртыпсыз...
__Чакырттым. Өзүң жөнүндө сүйлө, жакындан билгим келди, сен жөнүндө!
—Агай, биз Айсулуу экөөбүз сүйлөшүп жүрөбүз,
көптөн бери, мамилебиз жакшы уруксат берсеңиз, кызыңыздын колун сураймын... Бул сөздөрдү айтып, тердеп кетти, ичи ыссып, оозунан от чыккандай, деми кысылды. Кантсе да, ичиндеги оюн айтып алды.
----Кызым, сенден бир жаш улуу, досторуңдун алдында, адамдардын арасында өзүңдөн чоң аял алыпсың, деген сөз болсо, турмушта ар кандай кырдаал болсо, дайыма колдойсуңбу?
----Жоок, мен андайга жол бербейм, мен Айсулууну капа кылбайм.
Латип көздөрүн албай, тик карап көпкө тиктеди,мугалим адам психолог болот эмеспи, Мамасадык бул көз караштан, денеси чымырап, тезирээк ушул сүйлөшүү бүтсө экен деп, жалтактап уялып, болочок кайынатанын алдында туруу оңойго турбады.
Ким билет, көздөрү ойноп турат, сүйлөгөн сөздөрү ордунда, кийими турушу жөнөкөй эмес, сөөлөт күтүп маданияттуу, университетке алып калса болчудай, башында бирдеме бар, ишти алып кетчүдөй, баары жакшы, бирок, мага окшоп, аял жандуудай көрүнөт,бул ойлор Латиптин жан дүйнөсүн дүрбөлөңгө салды.
- - - - Ата-энен кайда, турушат? Эмне иш кылышат?
-----Айылда турушат, ата-энем жөнөкөй адамдар, дыйканчылык жана кичине мал - жан бар, жайында жайлоого чыгышат.
----Иии, жакшы. Окууну бүткөндөн кийин, кандай максаттарың бар.
----Аспирантурага, тапшырсамбы деген оюм бар, окууму улантып, шаарда калып иштесемби деп жүрөм...
——Максатың жакшы...
——Агай, туура эмес, орунсуз сүйлөсөм кечириңиз, бизге чын жүрөктөн ыраазычылык бериңиз, Айсулууну бактылуу кылам деп, убада берем.Демин тартып, жакшы жооп күтүп, баягыдай калтырагы, тартынгандыгы жоголгонсуп, ток этер кебин айтканга, шерденип турду. Бир аз болсо да, агай макул болгондой, теше тиктебей, жөн гана:
–Бара бер, бошсуң! Дайыма буйрук берип жүргөнгө көнүп калган, адатка айланган сөзүн айтты.
––Ох. Акырын эшикти жаап, бир оор экзамен тапшырып чыккандай, Мамасадык кең коридордо өзүн түз алып, сыртты көздөй басты.
Латип эрке кызынын бул бала менен бактылуу болушуна, бирде ынанып, бирде көңүлү көнбөй, шашылыш жок, караштырып дагы жакшыраак билүү керек, жолун таппай калган маңыроо эмес, эптей турган элпек эле көрүнөт.Бирок,мүнөзү жеңил, эркек деген оор басырык, турмушка олуттуу мамиле кылганы эле дурус болмок.
Анар эже, кечки тамагын жасап, күйөөсүнүн келер убагында, дасторконун жайып, майрамдагыдай күтүп алды. Латип да, аялынын ушундай мамилесине, ичинен ыраазы
болуп кетет, бирок сыртынан рахмат деп, эч айта элек.
Дасторконго бата кылынып, бүткөндөн кийин, Латип аста сөз баштады:
----Анар, кечээги сен айткан бала менен сүйлөштүм. Жакшы эле баладай көрүнөт. Келечеги бардай , өзүн алып жүрүүсү, айткан сөзү орундуу, бирок жеңил- желпидей, оор басырык эмес.
——Анда, сизге окшош экен да!?
------Койчу, мен оор басырыктуумун, жеңил- желпи болгудай сепелек эмесмин, баары ордунда, ишим, үй - бүлөм ойдогудай, кудайга шүгүр...
----Эми токтондуңуз, бир жыл болду, нысап ыйман берсин, болбосо үйгө конбой, кыз жандап, канча ыйлаттыңыз, балдарга көзүмдүн жашын көргөзбөй, атаң жакшы деп, очогумду бузбадым, кызым да сиздей күйөөгө туш келбесин дейм.
——Койчу, сага бирдеме деп жатамбы, башка нерсени сүйлөсө, башынан кайталаган адатыңды кармайсың! Бир аз ачуусу келип, күнөөсүн мойнуна алып, жумшара түштү.
——Айсулуу, турмуштун кыйынчылыгын билбей чоңойду, али башынан ыссык - суук өтпөгөн, эмнени билет эле. Анар эже энелик жүрөгүндө Айсулууну аяп, турмуштун мыйзамына баш ийсе да, ичинен кызын дале кичине сезип, боорунан алыска кетиргиси, турмушка чыгаргысы жок.
*** ***
Эки жаштын тилеги аткарылып, ата - энелердин макулдугу менен баш кошушту. Айсулуу той көйнөктү кийип турса, периштедей сулуу, адамдын көзү тойбой тиктеп, суктанып тура бергидей адеми, ак куудай моюну койкоюп, баары өзүнө жарашып турду. Кандай жакшы той, жакындардын жакшы каалоо - тилектери көңүл кушун көкөлөтөт. Мамасадык да, өмүрүндө мынчалык кубанбаган, жүрөгү алып учуп, жерде эмес абада калкып, дегдеп сезими сөз менен жеткире алгыс, бактылуу эле. Эки жактын жакындары, көңүлү жакшылар баары топтолуп, тойдун шаңы башкача, айрыкча Мамасадыктын ата-энесинин кубанычында чек жок. Атасы Малик карыянын, апасы Салима апанын кенже көкүрөк күчүгү минтип, бүлөө күтүп жатса, кантип кубанбасын. Кудалар бир аз тең болбой, айылдык шаардык болуп, эки арым болуп, бөлүнүп турду эле, той кызыганда аралашып калышты.
Убакыт деген, убакыт, көптөн күткөн той да аяктап, баары таркады. Жаңы жубайлардын биринчи түнү, биринчи жашоого бирге жуурулушу, ааламда экөө бир бүтүнгө айланган, адамзат башынан өтчү, эстен кеткис, өмүрдүн жакшы күндөрүн эстечү керемет түн. Мамасадыктын көздөрү Айсулууга карагандан тойбойт:
——Келчи, жаным, кучагыман чыгарбай тамырыма тамырым, жаныма жаным, денеме денем бириксе да, сенден кумарым канбай, тойбой жатам, кандай жыргалсың, ээ!
——Койчу, кыялданып, кетесиң да. Мамасадык, айтчы өмүрүбүздүн аягына чейин ушинтип, жакшы көрүп өтөсүңбү?
——Албетте, жаным, өлгөнгө чейин, жакшы көрөм.
----Ишенейинби?Айсулуу чоң көздөрүн бакырайтты. Мамасадык Айсулуунун көздөрүнөн өптү. Кайрадан кучакташып, демдерине деми батпай, сүйүүнүн көлүндө чабалакташып, сүзүп жатышты.
Малик карыя менен Салима апа эки жаштын шаарда калышына макул болушуп, азырынча өз тиричиликти кылдыратканга ал-күчүбүз жетет, мейли окууларын бүтүрүп алышсын, кийинираак айылга барышар деп, ак тилектен баталарын берип, айылда кала беришти.
Мамасадык менен Айсулуу жаңы жашоосу кызуу башталды. Ээрчишип окуу жайга барышат, кай жерде болбосун бирге, бойлоруна бойлору кыналып, адам суктанарлык. Айсулуунун апасы Анар эже да, көңүлү жылып, колдон келген жардамын аябай, тамак - аштан, продуктадан камсыз кылып, жаш убактылуу көтөрмөлөп турайын, анан өздөрүн эптеп кетишет,деп коёт.
Күндөр өтүп жатты, арадан беш жыл зымырады, бул учурда Айсулуу менен Мамасадык бир уул бир кыздуу болушту, кайынатасынын жардамы менен университетке мугалим болуп, аспирантурасын да аяктады. Көп кыздар бар жерде, эркек бузулат болуп, Мамасадыктын ойноок көзү токтоло элек. Айсулуу эки баласы менен иштебей үйдө, балдарын карайт, үй иштери мурункудай ынак сүйүү балдарына өтүп, балдарына мээримдүү апа болуп, аларга жан алы калбайт. Тамакты даамдуу жасайт, Анар апанын тарбиясы, эрке болсо да, дээринде бар экен, турмушту жүдөбөй алып кетти.
Мамасадык студенттерге сабак өтөт, жогорку курстарга киргенде, кыздар башкача көз карашта кабыл алышып, сабагы ушунчалык көңүлдүү эргүү менен өтүп чыгат.
Анткени ошол сулуулардын арасында Жанара аттуу сулуу, эң жакшы окуган, алдыңкы, жүрөккө өрт койгон кыз бар эле. Агайдын сабагы Жанара үчүн башкача, өзүн жоготуп, магдырап тиктеп, агайынын сабагы эмес, өзү жагып дал болуп эсин жоготот. Үй- бүлөөлү экендигин билсе дагы, ойгонсо оюнан, уктаса түшүнөн кетпей турган болду. Сүйүүнүн көзү сокур, Жанара деп артынан суусаган канча бала жүрөт, бирок жүрөгү бир гана Мамасадык агайын гана деп, согуп турат. Кыздын кылгырып тиктешин, сабакта ар дайым жооп берип, башкача абалда болгонун, кантип агайы сезбей койсун. Сүйүү курусун, мен Айсулуудан башканы сүйбөйм дегенмин, балдарым бар, бул эмнеси эстебейин десем да, Жанара оюмдан чыкпайт, деген ортодогу кысталыш чырмалган ойлордо калды. Мамасадыктын өзгөргөнүн байкаган Айсулуу :
——Сага эмне болду, ишиңде бирдеме болуп жатабы? Же бир жериң ооруп турабы, түшүндүрүп айтчы?
——Иии, эмнеге? Тынчылык.... Иштерим жакшы...
——Жоок, бирдеме болгондой ойлоносуң, сага түшүнбөй турам.
——Койчу, чарчадым... Бирдемелерди айтып башты оорута бербечи, оюңу түз кыл.
——Тынч болсоң болду да....
Мурдагыдай жабышып, эркелетпей тескери карап жатып алды, бул көрүнүш кыйладан бери ушундай, болбосо бир жолу да, жөн калбай, балдар уктай элек дегенине болбой, жармашып чыкпай калчуу эле.
Айсулуу уктай албай, ары оодарылып, бери оодарылып ою оңго, санаасы санга бөлүнүп бир убакта уйкуга кетти.
Автор:ТЕМИРОВА. Н. К.
(Уландысы бар)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2